ЭКИ ӨЛКӨНҮН 100 ЖЫЛДЫК ДОСТУГУ

  • 14.10.2024
  • 0

Ж.Баласагын атындагы кыргыз улуттук университетинде эки күндүк кыргыз-орус билим берүү форуму башталды.

Ачылышында сөз сүйлөгөн Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары Эдил Байсалов РФ өкүлдөрү менен болгон бүгүнкү жолугушуу Кыргызстандын турмушундагы белгилүү датага дал келгенин, мындан 100 жыл мурда Ташкент шаарында Россия Федерациясынын курамындагы Кыргыз автономиялуу облусун түзүү жөнүндө тарыхый чечим кабыл алынганын белгилеп өттү.

ЭКИ ӨЛКӨНҮН 100 ЖЫЛДЫК ДОСТУГУ

— Биздин жолугушуубуз адегенде борбор калаабыздагы 1974-жылы эки өлкөнүн достугуна арналып ачылган Элдердин достугу монументине гүл коюу менен башталып олтурат. Ал монумент 1974-жылы Кыргыз Республикасынын Россия курамына киргенинин 50 жылдык юбилейине арналып ачылган эле. Бул эки мамлекеттин ортосундагы гана байланыш эмес.  Так ушул күнү 14-октябрда, мындан туура 100 жыл мурун Ташкент шаарында Россия Федерациясынын курамында Кыргыз автономиялуу облусун түзүү чечими кабыл алынган. Бүгүнкү күндө Россия жана Кыргызстан билим берүү форумунун ачылыш датасы дал ушул күнгө туш келип жатканы абдан маанилүү, — деди.

Ал өз сөзүндө ушул жуманын аягында Москвада Кыргызстандын маданият күндөрү өтөрүн, анын алкагында Чоң театрда театралдык оюн-зооктор, көргөзмөлөр, музыкалык концерттер салтанаттуу өтөөрүн кошумчалады.

ЭКИ ӨЛКӨНҮН 100 ЖЫЛДЫК ДОСТУГУ

Билим берүү жана илим министринин орун басары Расул Абазбек уулу бул форум эки өлкөнүн билим берүү тармагындагы жемиштүү кызматташуунун ачык үлгүсү деп белгиледи.

— Бул форум Россия Федерациясы менен Кыргыз Республикасынын билим берүү тармагындагы жемиштүү кызматташтыгынын жаркын мисалы болуп саналат. Эки күндүн ичинде биз ЖОЖдорду өнүктүрүүдөгү актуалдуу маселелерди талкуулап, алдыңкы тажрыйбалар менен бөлүшөбүз жана окуу процессине жаңы технологияларды киргизүүнүн келечегин карайбыз. Бул форум эки өлкөнүн билим берүү тармагындагы кызматташтыгын бекемдөөдө маанилүү кадам болот деп ишенем, — деди.

Форумдун алкагында Россиянын жогорку окуу жайларынын азыркы учурдагы жетишкендиктерин көрсөткөн талкуулар жана мастер-класстарды өткөрүү белгиленген. Анда Кыргыз Республикасы менен Россия Федерациясынын университеттеринин жетекчилери, окумуштуулар ЖОЖдордун жана экономиканын реалдуу секторунун өз ара аракеттешүүсүн, жаңы технологияларды киргизүүнү, жаштар ишкердигин илгерилетүүнү талкуулашат.

Форумда өзгөчө көңүл академиялык мобилдүүлүктүн мүмкүнчүлүктөрүнө, тармактык программаларды өнүктүрүүгө, агрардык жана медициналык ЖОЖдордун орус-кыргыз консорциумдарынын келечегине бурулат. ЖОЖдор ортосунда кызматташуу тууралуу келишимдерге кол коюу пландаштырылууда.

Айнагүл КАШЫБАЕВА,

Айгерим ТОКТОБАЕВА
“Кут Билим”

Бөлүшүү

Комментарийлер