ЭГЕМБЕРДИЕВ РАИМЖАН (1940-2021)

  • 03.02.2021
  • 0

Кыргыз элинин көрүнүктүү уулу, белгилүү окумуштуу, таланттуу педагог, К.Карасаев атындагы Бишкек мамлекеттик университетинин профессору, филология илимдеринин доктору, “Манас” изилдөөчү Эгембердиев Раимжан 81 жаш курагында дүйнө  салды.

ЭГЕМБЕРДИЕВ РАИМЖАН (1940-2021)

Профессор Раимжан Эгембердиев мектепти аяктаган соң, Токмок шаарындагы республикалык маданий агартуу окуу жайында билим алган. Бул окуу жайды аяктагандан кийин 1965-жылы Кыргыз мамлекеттик университетине тапшырып, 1970-жылы артыкчылык диплом менен аяктап, өзү билим алган окуу жайында кыргыз тили жана адабияты  адистиги боюнча окутуучулук  менен  алектенет. Ортодо 1962-жылдан 1965-жылга чейин Советтик Армиянын катарына чакырылып,  кызмат өтөйт. Ал билимин тереңдетүү максатында Кыргыз Улуттук университетинде билим алып, аталган окуу жайдын аспирантурасын аяктаган. Университетте окуп жүргөн кезинде “Кыргызстан” басмасында редактор, кыргыз радиосунда редакторлук кызматтарды аркалайт.

Окумуштуу 1980-жылы “Манас эпосундагы фразеологизмдер” деген темада кандидаттык илимий диссертациясын ийгиликтүү жактап, филология илимдериинин кандидаты илимий даражасына ээ болот. 1993-2003-жылдар аралыгында Жалал-Абад шаарындагы Экономика жана ишкердик университетинде кыргыз тил кафедрасын жетектеп, 2003-жылдан тартып  К.Карасев атындагы Бишкек мамлекеттик университетинин түрк филологиясы  кафедрасында башчылык кызматын аткарып келген.

Профессор Раимжан Эгембердиев өмүрүнүн акыркы жылдарында К. Карасаев атындагы Бишкек мамлекеттик университетинде иштеп, студенттерге тилибиздин тарыхынан баштап азыркы кыргыз тилинин  актуалдуу маселелерине көңүл буруп, окутуп келди. Муну менен катар илимий изилдөө иштерин терең жүргүзүү менен 2012-жылы “ Кыргыз тилиндеги фразеологизмдердин маани-маңызы жана алардын лексикографияланышы” аттуу докторлук диссертациясын ийгиликтүү коргоп, ошол эле жылы филология илимдеринин доктору илимий даражасына ээ болгон. Илимий изилдөө ишинде бир нече методикалык колдонмолор, монографиялар, жүздөгөн илимий макалалар, жогорку класстар үчүн кыргыз тили боюнча окуу китептерин түзүүгө  катышкан. Раимжан Эгембердиевдин эмгектери азыркы мезгилде окуучулардан баштап тил жаатында эмгектенип келе жаткан жаштарыбыз үчүн пайдалуу жана кереметтүү эмгек катары бааланат.

Профессор Раимжан Эгембердиевдин калтырып кеткен илимий мурасы, кесипкөйлүгү, талыкпаган эмгекчилдиги, адамга жасаган калыс жана адамкерчиликтүү мамилеси кыргыз элинин эсинде түбөлүккө сакталат.

К.Карасаев атындагы Бишкек мамлекеттик университетинин эмгек жамааты.

 

 

Бөлүшүү

Комментарийлер