ЭЭЛЕГЕН ОРДУНА ТАТЫКСЫЗ ДЕП ТАБЫЛДЫ

  • 19.04.2023
  • 0

Ысык-Көл облусунун Ак-Суу районундагы Ак-Суу жалпы билим берүүчү жатак мектебинин директору иштен алынды.

Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигинин буйругунун негизинде Ак-Суу жалпы билим берүүчү жатак мектебинин ишмердүүлүгүн текшерүү боюнча комиссия түзүлүп, текшерүү иштери жүргүзүлдү.

2023-жылдын апрель айында социалдык маалымат тармактарында жарыяланып, коомчулук тарабынан катуу сын-пикирге алынган мектептин директору Жеңишкүл Карабековна Ниязова мугалимдердин аброюна шек келтирип, аларды басынтып, педагогикалык этиканы сактабай, ыплас сөздөр менен кордоп жана кол көтөргөндүгү тууралуу аудио билдирүүлөр тараган. Анын негизинде түзүлгөн кырдаалдар жеринде каралды.

Андан сырткары Ак-Суу жалпы билим берүү жатак мектебинин окуу-тарбиялык процесстерин белгиленген укук-ченемдик актыларга ылайык уюштуруу жана аткаруу, балдардын жатаканада жашоосун камсыздоо, окуучулардын жеткиликтүү жана сапаттуу билим алуусун башкаруу жана жөнгө салуу, жетектөө ишмердүүлүгү текшерилди.

Комиссиянын ишинин жыйынтыгы менен Ниязова Жеңишкүл Карабековна 2023-жылдын 18-апрелинен тартып ээлеген кызматынан бошотулду.

Бөлүшүү

Комментарийлер