ЭАУДА ЖАҢЫ БОРБОР АЧЫЛДЫ

  • 14.05.2021
  • 0

Жалал-Абад шаарындагы К.Ш. Токтомаматов атындагы Эл аралык университетинде Илим, эл аралык байланыштар жана инновациялык билим берүү технологиялары борбору ачылды.

Бул борбордун ачылышы ЭАУда илим, инновация жана тышкы шериктештер менен байланыштар боюнча иш-аракеттер дагы бир деңгээлге жогорулоого жол ачат.  Борбордун ачылышында университеттин ректору С.Өмүрзаков окуу жайдын бир катар иштери ушул борбордун ачылышы менен илгерилей турганын, андыктан борбордон көп нерселерди үмүттөнөрүн айтып өттү. Илим, эл аралык байланыштар жана инновациялык билим берүү технологиялары боюнча проректору Т. Омошев аталган борбордун ачылышына шарт түзүп берген ректоратка, каржы-чарба кызматтарына жана Маалыматтык технологиялар борборунун инженерлерине өз ыраазычылыгын билдирди. Борбордун ачылыш аземинен кийин дароо эле ушул эле жайда экономика жана экономикалык изилдөөлөр кафедрасынын отуруму өткөрүлдү. Отурумда Г.Сартбаеванын 08.00.05 – экономика жана эл чарбасын башкаруу адистиги боюнча экономика илимдеринин кандидаты окумуштуулук даражасын алуу үчүн “Экономикалык реформала жана азыркы шарттарда агрардык сектордун натыйжалуулугун камсыздоо” темасындагы кандидаттык диссертациясы талкууланды.

Бөлүшүү

Комментарийлер