ЭАУ ЭКСТРЕМИЗМГЕ ЖАНА ТЕРРОРИЗМГЕ КАРШЫ

  • 12.11.2018
  • 0

К.Ш. Токтомаматов атындагы Эл аралык университетинде экстремизмге жана терроризмге каршы иш-чаралардын маселелери боюнча студенттер үчүн семинар өткөрүлдү.

Семинар университеттин юриспруденция кафедрасы Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн экстремизм жана терроризм менен күрөшүү программасын жүзөгө ашыруу боюнча иш-чаралар планына ылайык өткөрдү. Семинардын алкагында экстремизмдин жана терроризмдин алдын алуу, алар менен күрөшүү темасында дубал гезиттеринин көргөзмөсү да болду.

Жакында эле  философия жана табигый илимдер кафедрасы ушул эле темада окуу жайдын профессор-окутуучулар курамы жана кызматкерлери менен семинар өткөргөн. Бул иш-чаралардын бардыгы окуу жайдын ректору А.Мамасыдыковдун бекиткен Терроризм жана экстремизм менен күрөшүү боюнча иш-чаралар планына ылайык өткөрүлүүдө. Бул тууралуу Кесиптик багыт берүү жана коомчулук менен байланыштар кызматы билдирди.

Комментарийлер