“ЭҢ МЫКТЫ САНАРИП МУГАЛИМИ” СЫНАГЫ

  • 16.11.2020
  • 0

Борбордук Азия Университетинин (БАУ) Билим Берүүнү Өнүктүрүү Программасы (ББӨП) Университет иш алып барган үч өлкө арасында: Казакстан, Кыргызстан жана Тажикстан, эң мыкты санарип мугалимин тандоо максатында сынак уюштурду.

“ЭҢ МЫКТЫ САНАРИП МУГАЛИМИ” СЫНАГЫ

Бул сынакка БАУ-ББӨПтүн өнөктөш жана Ага-Хан фонду (AKF) тарабынан колдоого алынган жалпы билим берүү мектептердеги STEM (биология, химия, физика, математика), информатика жана англис тили сабактарынан, 5-11 класстарды окуткан мугалимдер катыша алды. Сынака катышуу үчүн, мугалимдер онлайн режиминде окутууну жана билим алууну жеңилдетүү үчүн окуу материалдары менен бир катар онлайн сабактарынын пландарын иштеп чыгууга милдеттендирилген.

Акыркы бир нече айдын ичинде дүйнөбүздү COVID-19 пандемиясы кыйла өзгөрттү. Мектептер жабылып, мугалимдер окуу процессин улантып кетүү максатында онлайн режиминде окутууга өтүүгө аргасыз болушту. Бул, окуучулардын окуусун улантууга, иштөөгө жана жарандыкка даярдоодо мугалимдерге канчалык көп ишенгенибизди эсибизге салып турат. Бирок мугалимдерде көпчүлүгү мектептеги салттык түрдө окутуудан онлайн режиминдеги окутууга өтүү үчүн атайын тренинг же даярдоо курстарынан өтүүгө мүмкүнчүлүктөрү болгон жок. Андан тышкары, интернет ресурстарынын көптүгүнө карабастан, алар чет тилдеринде болгондуктан бул ресурстар көпчүлүк мугалимдер үчүн жеткиликтүү болгон жок.

Жогоруда белгиленген чектөөлөрдү жоюуга көмөктөшүү максатында, БАУ-ББӨП мугалимдерди ар кандай онлайн платформаларды жана билим берүү технологияларын колдонууга даярдоо үчүн кесиптик чеберчилигин жогорулатуу семинарларын уюштурду. Ошондой эле, мугалимдердин жаңы алган билимдерин жана көндүмдөрүн пайдаланып, STEM, информатика жана англис тил сабактары боюнча онлайн режиминде окутуудагы сабактардын пландарын иштеп чыгуу үчүн «Эң мыкты санарип мугалими» атту сынак өткөрүлдү. Сынак 2020-жылдын 1-июлунан 5-октябрына чейин созулган. Сынактын талаптары, жол-жобосу жана баалоо рубрикасы алдын ала жарыяланган жана программанын кызматкерлери суроолор боюнча кайрылууларга жооп берип жатышты.

Сынактын материалдары, жергиликтүү жана эл аралык билим берүү эксперттери тарабынан текшерилип жеңүүчүлөр аныкталды. Жеңүүчулөрдү жарыялоо жана сыйлыктарды тапшыруу аземи, онлайн режиминде 2020-жылдын 13-ноябрында өткөрүлдү. Үч өлкө арасында эң мыкты деп табылган үч жана ар бир өлкөдөн кийинки мыкты деп саналган сынактын материалдарынын ээлерине сертификаттар жана санариптик түзүмдөр (ноутбук, планшет жана смартфон) байге катарында берилди. Бардык калган катышуучуларга катышуу сертификаты тапшырылды.

Үч мамлекеттин арасындагы жеңүүчүлөр:

1-орун: Кусбатырова Айман, № 2 Каргалы гимназиясы, Жамбыл району, Алматы облусу, Казакстан

“ЭҢ МЫКТЫ САНАРИП МУГАЛИМИ” СЫНАГЫ

 

2-орун: Турдалиева Айнура, Ж. Сатылганов атындагы орто мектеп, Ак-Талаа району, Нарын облусу, Кыргызстан

“ЭҢ МЫКТЫ САНАРИП МУГАЛИМИ” СЫНАГЫ

 

3-орун: Абдукаримов Ракматбек, Т. Жумабаев атындагы орто мектеп,  Үч-Төбө айылы, Алай району, Ош облусу, Кыргызстан

“ЭҢ МЫКТЫ САНАРИП МУГАЛИМИ” СЫНАГЫ

Ар бир өлкөнүн жеңүүчүлөрү:

Казакстан: Куламанова Каршыга, Гимназия, Капчагай шаары, Алматы облусу, Казакстан

“ЭҢ МЫКТЫ САНАРИП МУГАЛИМИ” СЫНАГЫ

 

Кыргызстан: Исакова Нуркыз, Т. Жумабаев атындагы орто мектеп,  Үч-Төбө айылы, Алай району, Ош облусу, Кыргызстан

“ЭҢ МЫКТЫ САНАРИП МУГАЛИМИ” СЫНАГЫ

 

 

 

 

 

Бөлүшүү

Комментарийлер