ЭҢ МЫКТЫ МЕДИА БУРЧТАР АНЫКТАЛДЫ
- 20.10.2023
- 0
«Медиа Сабак» коомдук фонду Ош шаарында «Мыкты медиа бурчтарынын» VI республикалык форумун уюштурду. Мектептердин медиа дүйнөсүндөгү ийгиликтери жана умтулууларын талкуулаган бул форум медиа сабаттуулукту жогорулатууга жана критикалык ой жүгүртүүнү өнүктүрүүгө, ошондой эле мектеп медиа бурчунун сынагынын жыйынтыгын чыгарууга арналып жыл сайын өткөрүлүп келет.
Үстүбүздөгү жылдын апрель айынан сентябрга чейин Кыргызстандын мектептеринин медиа бурчтары арасында өткөрүлгөн сынак медиа жана маалыматтык сабаттуулукту жайылткан активдүү жана мыкты медиа бурчтарды колдоо максатын көздөйт. Анда Фейсбук, Instagram жана YouTube каналындагы баракчалар медиа бурч катары кабыл алынды.
Форум өз чөйрөсүндө медиа сабаттуулукту жайылтууга көмөктөшкөн сынактын активдүү катышуучуларын, демилгелүү мугалимдерди жана окуучулардын башын кошту. Катышуучулар мектептеги медиа бурчтары тууралуу презентация жасашып, алар кандай көйгөйлөргө туш болуп, кандай нукта өнүгүп жатканын жана эмнени пландаштырып жатканын айтып беришти. Катышуучулардын бири аудиторияны өздөрүнүн мектебинин баракчасынын жардамы менен медиа командасы үчүн ресурстардын жетишсиздигин кантип чечкенин баяндоо менен таң калтырды. Алар Instagram аркылуу көйгөйдү билип, каражат чогултуп, жардам көрсөтүшкөн.
“Медиа Сабак” фондунун Түштүк боюнча координатору Тынчтыкбек Досмуратов медиа бурчтарды өнүктүрүүдө директорлордун жана мугалимдердин колдоосуна ыраазычылык пикирин билдирди.
— Көпчүлүгү медиа борборлорду түзүү, мектептик медианы өнүктүрүү, жаштар үчүн тарбиялык иш-чараларды өткөрүү жана башка мектептердин медиа бурчтары менен байланыш түзүү ниетин билдиришти. Медиа командалар биз ойлогондон да жогорку чыгармачылыгын көрсөтүшүп, TikTok медиа бурчтарын түзүү, веб-сайттарды иштеп чыгуу жана мини-фильмдерди тартышты. Жыл сайын медиа бурчтары чоң тармакка айланып, өз ара аракеттенип, бири-бирине дем берип жатышат. Бул күч медиа сабаттуулукту өнүктүрүп, заман агымы менен кадам таштаган чоң күчкө айланууда, — дейт.
Иш-чаранын аяктаганга чейин сынактын жеңүүчүлөрү тууралуу маалымат сыр бойдон сакталды. Сынактын баш байгелерине №2 Асан Абдраимов атындагы орто мектеби, №37 Гапар Айтиев атындагы орто мектеби жана Баткен облустук мектеп-гимназиясы ээ болушту. Алгачкы бул үч орундун жеңүүчүлөрүнө өзгөчө сертификаттар, ноутбуктар жана белектер (худи) тапшырылды.
— Биз биринчи орунду алганыбызга дагы эле ишене албай жатабыз! Айрыкча бул сынакка биринчи жолу катышып жатканыбызды эске алганда, бул биз үчүн чоң сыймык. Бул биздин ийгиликке карай жолубуздун башталышы гана. Биз медиа бурчубузду өнүктүрүүнү пландап жатабыз. Ноутбукту өзүбүз колдонуп, андан кийин кийинки класстын окуучуларынан куралган топко өткөрүп беребиз. «Медиа Сабак» фондуна терең ыраазычылык билдиребиз! – дейт Абдраимов мектебинин медиа бурчунун командасынын лидери Нуриза Жумагулова.
Мындан тышкары дагы 10 активдүү медиа бурч аныкталып, аларга колдоо көрсөтүү жана мотивация катары сертификаттар жана стилдүү худилер тапшырылды. Алар Магрифа Рахимова атындагы орто мектеби, Төрөгелди Балтагулов атындагы орто мектеби, “Нарай” орто мектеби, Арстанбек Буйлаш уулу атындагы №8 орто мектеби, Мейликан Козубекова атындагы орто мектеби, Токтогул Сатылганов атындагы Ысык-Көл облустук мектеп-лицейи, № 5 мектеп-гимназиясы, Кычан Жакыпов атындагы N№ 61 мектеп-гимназиясы, У.Салиева атындагы лицей-интернаты жана Тагай Асранов атындагы N№ 6 инновациялык орто мектеби.
Катышуучулар түзмө-түз бири-бирине жип менен чырмалышып, өз ара байланышкан тармакты түзүшкөнүн символикалык түрдө көрсөтүштү. Форум Германиянын Экономикалык кызматташтык жана өнүктүрүү боюнча федералдык министрлигинин жана Deutsche Welle Академиясынын колдоосу менен Кыргызстандагы медиа жана маалыматтык сабаттуулукту жогорулатуу долбоорунун алкагында уюштурулду. Сынак «Текшердим» маалымат кампаниясынын алкагында өткөрүлдү. «Медиа Сабак» коомдук фонду бул маанилүү долбоорду ишке ашырууга колдоо жана жардам көрсөткөн негизги донорлорго жана өнөктөштөргө терең ыраазычылык билдирет.
Айнагүл КАШЫБАЕВА,
“Кут Билим”
Комментарийлер