ДРЕСС-КОД: МУГАЛИМ МЕКТЕПТЕ КАНДАЙ КИЙИНИШИ КЕРЕК?

  • 19.02.2020
  • 0

Мугалим окуучулары үчүн бардык жактан үлгү болушу зарыл, албетте, кийген кийиминин стили боюнча дагы. Мугалимге кыска юбка, көкүрөгү ачык кофта кийүүгө тыюу салынат. Эркек мугалимдерге кроссовка, жинсы кийүүгө уруксат берилбейт.

Мугалимдердин кийинүүсү атайын мыйзамда каралган эмес. 2014-2015-окуу жылында окуучулардын бирдиктүү мектеп формасы менен катар мугалимдер үчүн дагы сынак жарыяланган.  Тандоого алынган форманы  кийүү жөнүндө Билим берүү жана илим министрлиги тарабынан токтом жарык көргөн. Бирок  окуучуларга деле, мугалимдерге деле форманы сөзсүз кийиш керек деген талап коюлган эмес. Мындан бир жыл мурда дагы министрлик бул боюнча маселени көтөрүп, бирок аягына чейин чыкпай калган. Бирок мектеп директорлору окуу жайдын Уставына таянып туруп, мугалимдер үчүн дресс-код киргизип коюуга укугу бар. Кыргызстанда айрым мектеп директорлору дресс-кодду эбак эле киргизишкен.

«Башканы тарбиялаш үчүн адегенде өзүңдү тарбияла»

Бишкек шаарындагы “Креатив-Таалим” билим берүү комплексинин мугалимдери эбак эле бирдиктүү формага өтүшкөн. Бул мектептин генералдык директору Гүлнара Дайырбекованын айтымында,  улуу педагог  В.А. Сухомлинский айткандай,  «Сабак – бул  мугалимдин интеллектуалдык байлыгынын ченин, кругозорунун, эрудициясынын көрсөткүчүн билдирген, жалпы жана педагогикалык маданиятынын күзгүсү».  Чындыгында билим, тарбия берип жаткан мугалим өзүнүн предмети боюнча сабагын өтүү менен  эле чектелбестен,  ар бир жолугушууда окуучуларга педагогикалык маданиятын кошо көрсөтөт эмеспи.

ДРЕСС-КОД: МУГАЛИМ МЕКТЕПТЕ КАНДАЙ КИЙИНИШИ КЕРЕК?

«Ал эми педагогикалык маданиятка мугалимдердин педагогикалык ой жүгүртүүсү, педагогикалык багыттуулугу менен эле кошо кийинүү стили, сүйлөө манерасы, речи да кирээри белгилүү. Адамдардын   уктаганда, эс алганда, спорттук иш-чарага катышканда атайын кийген кийимдери болгондой  эле ишке да кийген атайын кийиминин болушу да  ыңгайлуу. Дресс-код – түшүнүгү этикеттин ажырагыс бир бөлүгү болуп саналат. Негизгиси кийим  кийген адамдарга ыңгайлуу, психологиялык жактан жагымдуу болуусу шарт. Биздин өлкөдө да мугалимдер үчүн атайын моделдеги, түсү да тандалган костюмдардын сунуш кылынганы бизге маалым. Николай Васильевич Гоголдун айтканы бар:  «Башканы тарбиялаш үчүн адегенде, өзүңдү тарбияла» деп, ошонун сыңарындай  биздин жамаат да окуучуларыбыздан форма кийип келүүнүн талап кылуудан мурда өзүбүз өрнөк көрсөтүүгө аракет кылып келебиз», — дейт жетекчи.

  • ДРЕСС-КОД: МУГАЛИМ МЕКТЕПТЕ КАНДАЙ КИЙИНИШИ КЕРЕК?

«Креатив-Таалим» билим берүү комплексинде эмгектенип жаткан мугалимдердин арасында жаш адистер да, тажрыйбалуу мугалимдер да бар. Демек кийинүүгө келгенде ар биринин көз караштары ар түрдүү болоору шексиз. Алгач билим берүү комплекси ачылып, эмгек жолун баштаган жылы ар бир мугалим өзүнүн жеке көз карашы боюнча ар түрдүү түстөгү, ар түрдүү фасондогу кийимдерди кийип сабак өтүшчү. Бирок мектепте төмөнкүдөй көйгөйлөр пайда болгон: ар бир күнү мектепке келген ата-энелердин арасынан кимиси ата-эне, кимиси мугалим экенин айырмалоо кыйынга турган; мугалимдердин кийимдеринин наркы да ар түрдүү: бири чет өлкөлүк өндүрүшчүлөрдүкүн кийсе, башкасы Кыргызстандан чыккан тигүүчүлөрдүкүн кийип жүргөн; (мындай абал айрым учурда окуучулардын арасында  мугалимдердин материалдык, финансылык абалын көрсөтүп тургандай сезим калтырат); айрымдары өтө ачык түстөгү кийим кийсе, айрымдары өтө күңүрт түстөгүнү кийиген; кээ бирөөлөрү узун юбка кийсе, кийинкиси мини юбка же джинсы кийип алган ж.б.

ДРЕСС-КОД: МУГАЛИМ МЕКТЕПТЕ КАНДАЙ КИЙИНИШИ КЕРЕК?

«Ушул сыяктуу кездешкен кырдаалдан улам, мугалимдерге ыңгайлуу жана жагымдуу болгондой бирдей түстөгү, бирок фасондору мугалимдик этикетке ылайык болгон  кийим тиктирүүнү  мектеп админстрациясы акылдашып көрүп, анан жамааттын талкуусуна койдук. Алгач мугалимдер жаштарыбыз, келбетибиз ар түрдүү болгондуктан баарыбызга бирдей түс жарашпайт, бирдей моделди да кийе албайбыз деген пикирлерин билдиришти. Бирок бул маселе чечүүнү талап кылгандыктан бир күнү мугалим эжейлерге   борбордогу кийим саткан дүкөнгө чогуу барып  келүү сунушун айтсак, алар  макул болушту.  Атайын маршрутка уюштуруп бардык. Ал дүкөндөгү ар түрдүү фасондогу, бирок, бирдей түстөгү костюмдарды таптык, ал гана эмес мугалимдер кийип көрүшүп, сүйүнүү сезимдери пайда болду. «Тарбиянын бир да жагын көз жаздымда калтырбоо керек» В.Г. Белинский белгилегендей, ал гана эмес кийген кийимибиз, кылган ишибиз менен да окуучуларды тарбиялоого аракет кылып келебиз. Анткени мектеп партасында билим тарбия алып жаткан ар бир жаш муунга мугалимдин сүйлөө маданияты, кылган кылыктары, кийинүү манерасы, жесттери таасир калтыраары шексиз эмеспи. Чынында заман талабына ылайык ар бир  мугалим өзүнүн  профессионалдык билими менен эле кошо, жагымдуу профессионалдык имиджин жана  образын түзө билүүгө тийиш деген ойдобуз», — дейт Г.Дайырбекова.

  • ДРЕСС-КОД: МУГАЛИМ МЕКТЕПТЕ КАНДАЙ КИЙИНИШИ КЕРЕК?

Бирдиктүү форма 

2014-2015-окуу жылында окуучулардын бирдиктүү мектеп формасы жөнүндө Билим берүү жана илим министрлиги токтом чыгарган. Бирдиктүү форма мугалимдерге да сунушталып тигилип, конкурска коюлган эле.

ДРЕСС-КОД: МУГАЛИМ МЕКТЕПТЕ КАНДАЙ КИЙИНИШИ КЕРЕК?

«Мугалимдин формасына учурунда кээ бир мугалимдер каршы чыгышкан эле, бирок ал сунуш катары гана киргизилген болчу. Мектепте эркек мугалимдер жарашыктуу кийинип, галстук тагынышып жүрүшсө деле болот. Мугалимдик сапат болуш керек.  Мектепке алтын сөйкө, шакек, билериктерди ашыкча салынып келип, ар кандай модадагы кийинип келип мактануу — бул мугалимге туура эмес болуш керек. Бирок мугалимдердин эмгек акысы чектелүү да,  анчалык деле бардар кийине алышпайт. Баардыгы айлыгынын өлчөмүнө карап, кредит алып жашап келишет, — дейт Кочкордогу Ак-Чий орто мектебинин директору Дайырбек Айдарбеков.

Классикалык стил

ДРЕСС-КОД: МУГАЛИМ МЕКТЕПТЕ КАНДАЙ КИЙИНИШИ КЕРЕК?

Ж.Баласагын атындагы КУУнун педагогикалык факультетинин деканы, “Мугалим” журналынын башкы редактору, педагогика илимдеринин кандидаты, профессор Рахат Сулайманованын пикиринде,  мугалим классикалык стилди тандоосу талапка ылайык.

ДРЕСС-КОД: МУГАЛИМ МЕКТЕПТЕ КАНДАЙ КИЙИНИШИ КЕРЕК?

«Эркек мугалимдер  кара же кара көк түстөгү костюм, ак көйнөк (таза, үтүктөлгөн), галстук, байламасы бар туфли (таза майланган болушу шарт), чачы, тырмагы таза, кыркылган болушу керек. Ал эми эжейлер классикалык үлгүдөгү негизинен кара, кара көк түстөгү (айрым учурда боз, күрөн, кочкул кызыл, кочкул жашыл) костюм шымы (денеге өтө чапталбаган, ашыкча жерлериӊди белгилеп көрсөтпөгөн) же юбкасы (денеге өтө чапталбаган тизеден же андан бир аз ылдый, бирок өтө кыска же өтө узун дагы эмес) менен, негизинен ак же ачык түстөгү блузка, блузканын ичи эч качан көрүнбөшү жана көкүрөгү өтө ачык болбошу керек, классикалык стилдеги көйнөк, башы жабык туфли (такасы жайлуу, 7 см. чейин). Чач жасалгасына да өзгөчө көңүл бөлүү зарыл: чач таза, жарашыктуу кыркылган же байланган, түйүлгөн болуп, бирок  лактар себилбеген жана кечки аземдик прическалар болбошу керек. Ал эми макияжга келсек, ар дайым  жеӊил макияж болушу керек. Кечки аземдик макияж жасатуу туура эмес. Көзү, кирпиги жана кашы өтө капкара, оозу кыпкызыл боелбогону туура. Маникюр өтө узун болбостон, көзгө урунган түстөгү лактар менен боелбошу шарт. Ошондой эле колдо бирден ашык шакек эмес, эгер экөө болсо, анда нике шакеги жана көздүү бир шакек тагынса болот. Саат, бир чынжырча же бермет мончок, өтө салпылдабаган сөйкө, моюнга байлоо үчүн жоолук же шарф. Адамдын жыты башкалар үчүн өтө маанилүү, ошондуктан дайыма жагымдуу жыттагы атырларды, дезодоранттарды себинип алган оӊ. Эгер куйунган атырдын жыты жагымдуу болсо, анда окуучулар жакындап, жактырып, айткандарды  уккусу келет. Эн башкысы, романтикалык (кечки аземдик көйнөктөр, ачык декольте, 10-15 см. такалуу туфлилер, бархат кийимдер, булгаары кийимдер) жана спорттук (спорттук костюмдар, токулган джемперлер, водолазкалар, джинсы кийимдер, кроссовкилер ж.б.) стилде кийинүүгө тыюу салынат. Жогорку окуу жайларда педагогика сабагында “Мугалимдин профессиограммасы” деген темада ушулардын баары айтылат, — дейт Рахат Сулайманова.

Албетте, дресс-код мектептин имиджине таасир этет. Андыктан Кыргызстандагы айрым мектеп жетекчилери жамаат менен биргелешип сүйлөшүп, өздөрүнө жаккан түстөгү бирдиктүү формага өтүшкөн. Бул балдардын сабакты кабыл алуусуна да таасирин тийгизбей койбойт. Өзүн тыкан, таза алып жүргөн мугалим окуучуларына өрнөк.

Гүлнара Алыбаева, “Кут Билим”

 

 

Бөлүшүү

Комментарийлер