ДОСТУК ЖАНА БООРДОШТУК

  • 16.12.2020
  • 0

Билим берүү жана илим министрлиги менен Балдардын жана өспүрүмдөрдүн улуттук «Сейтек» борбору өткөргөн “Көп түрдүүлүктөгү шайкештик” онлайн-сынагынын  жыйынтыгы чыгарылды.

Балдардын жана өспүрүмдөрдүн улуттук «Сейтек» борборунун директорунун орун басары Ира Балтабаеванын берген маалыматына таянсак,  сынак “Достук  жана  боордоштук – биздин  байлыгыбыз” девизинин алкагында өттү.

ДОСТУК ЖАНА БООРДОШТУК

— “Маданий  көп түрдүүлүктү эске алуу менен бирге, улут аралык  баарлашуу” биздин вазийпабыз (миссия). Ар бир жаңы муун  жаңы  көйгөйлөргө  туш  болот.  Биздин балдардын  жана өспүрүмдөрдүн азыркы учурда  эң маанилүү көйгөйү бул  –  бири-бири менен  баарлашуу, сүйлөшүү болуп эсептелет. Биздин  сынак  ушул көйгөйдү  чечүүгө, Кыргызстанда  жашаган  бардык улуттагы  элди  биримдикке, достукка, кызматташууга чакырууга  багытталган. Онлайн-сынактын  максаты — улут арасындагы маек курууга, сүйлөшүүгө, ар бир  адамдын индивидуалдуулугун көрсөтө билүү, маданияттын ар түрдүүлүгүн кабыл алуу жана түшүнүү, — дейт борбордун директору С.Челпакова.

Онлайн-сынак  төмөнкү номинациялар боюнча өттү: “Эң жакшы сүрөт” (катышуучулардын  жашы  10 жашка  чейинкилер), графика (карандаш) жана  живопись (акварель, пастель,масло,тушь) техникалары  менен аткарылган сүрөттөр кабыл алынган. Республиканын  булуң бурчунан  760  сүрөт  келип түшкөн. Үч окуучу байгелүү орунга ээ болуп, 735  активдүү катышкандыгы үчүн грамоталар менен сыйланышат.

ДОСТУК ЖАНА БООРДОШТУК

— “Эң жакшы  фото” катышуучулардын жашы 6 жаштан 20 жашка чейинки 60 окуучулар  катыша  алышты. Республика  боюнча 160  фотосүрөт түштү. Алардын ичинен 15  иш  байгелүү орундарга ээ болушту. 45 окуучу активдүү  катышкандыгы  үчүн грамота менен сыйланышат. “Эң жакшы  бий”  номинациясында  9 жаштан  15 жашка  чейинки окуучулар катышты. Бий номинациясында  жеке жана коллективдүү бийлер кабыл алынды. Республиканын булуң бурчунан 198 табыштама бий боюнча келип түшкөн. Эң активдүү катышкан Ош, Чүй, Талас облусунун окуучулары  жакшы  жыйынтыктарды  көрсөтүштү. 38 окуучу 1-, 2-, 3-орундарды алышты. 168 окуучу  активдүү катышкандыгы үчүн грамота менен сыйланышат,  — дейт Ира Балтабаева.

Бий номинациясы боюнча  алсак, Ош облусунун, Алай районунун, Гүлчө айылындагы №2 Т.Отунчиев атындагы орто мектебинин окуучусу — Сыдыкова Перизат, Чүй облусунун, Аламүдүн районунун, Төмөнкү-Аларча орто мектебинин “Ар-Текс” ансамбли, Нарын облусунун, Ак-Талаа райондук  балдарга  билим  берүү  борборунун  окуучусу — Карыбекова Наиля, “Ак Ниет” элдик бий ансамбли, “Азия Нур” элдик бий студиясы, Талас шаардык балдарга  билим берүү борборунун “Назик” ансамбли, өзгөчө элдердин достугун көрсөткөн композициясы менен айырмаланган Чүй облусунун, Сокулук районунун “Комсомол” жалпы билим берүү орто мектебинин бий коллективи, Талас облустук Кара-Буура  райондук балдарга билим берүү борборунун окуучусу – Сүйүнүч кызы Аймырзаны  белгилеп кетсек болот.

“Эң жакшы эссе” (13 жаштан жогоркулар катышты) номинациясына  республикабыздын  облустарынан  256 окуучу катышып, алардын арасынан 76 окуучу 1-, 2-, 3-орундарга ээ болушту. 180 окуучу активдүү катышкандыгы үчүн  грамоталар менен сыйланышат.

— Эссе жазууда окуучулар активдүүлүгүн, өзүлөрүн ойлорун, азыркы турмуш, дүйнөнү каптаган  COVID-19 апааты  менен байланыштырып, терең ойлонуп жазгандары кубантты. Эссе жазуу боюнча “Эң жакшы эссе” номинациясында 1-орунга  ээ болгон, Ысык-Көл облусунун Каракол шаарынын  №3 мектеп-гимназиясынын окуучусу — Кадыралиев Бексултанды, Жалал-Абад облусунун Таш-Көмүр шаарынын №2 К.Осмонкулов  атындагы жалпы билим берүүчү орто мектебинин окуучусу — Мундузбаева Алтынайды, Чүй облусунун, Кант шаарындагы  №1 Д.Зубков  атындагы жалпы  билим берүүчү мектеп-гимназиясынын окуучусу — Ключников Викторду, Талас облусунун  Кара-Буура  райондук балдарга  билим берүү борборунун  окуучусу — Аттокурова Гүлназдын жазган эсселерин белгилеп кетсек болот, — дейт борбордун директору.

“Эң жакшы  видеоролик” номинациясына 13 жаштан жогорку окуучулар катышып, 75 окуучу видеоролик салышты. Беш окуучу  байгелүү орундарды алып, 75 окуучу  активдүү  катышышты. Эң кызыктуу видеороликтер Чүй облустунун, Москва районунун  Биринчи Май  жалпы билим  берүүчү  орто  мектебинин  окуучусу – Самүдүнов Ырыскелди, Чүй облусунун, Ысык-Ата районунун №1 Д.П.Зубков атындагы жалпы билим берүүчү мектеп-гимназиясынын окуучуларынын видеосу, Чүй облусунун Токмок ш. №1 А.С.Пушкин атындагы мектеп-гимназиясынын окуучусу – Шерипова Лейланын иштери  арзууга татыктуу экенин уюштуруучулар белгилешти.

“Эң жакшы ыр” номинациясына 6 жаштан 20 жашка чейинкилер  катышып, беш окуучу байгелүү  орундарды алып, 70 окуучу активдүү катышышты. Алардын арасынан Бишкек шаарынан №24 мектеп гимназиясынын окуучусу — Алмазбеков Адилет, Азизбек уулу Элдиярдын, Жалал-Абад облусунун Токтогул районунун Торкен айылынан –Жаныбекова Айжанаттын ырдаган ырларын белгилеп кетүү парз.

“Көп түрдүүлүктөгү шайкештик” онлайн-сынагы  балдардын  активдүүлүгүн көрсөтүү менен бирге,  Кыргызстанда  жашаган  ар улуттун  маданияты, тарыхы менен таанышып, бири-бири менен баарлашып, тыгыз  байланышта экендиктерин көрсөтүштү. “Ооба биз  ар кандай болгонубуз менен ой-пикирибиз, дилибиз бир. Ар улуттун балдары болсок да тынчтыкты, бири-бирибиз менен баарлашууну, кызматташтыкта  болууну  каалайбыз», — деп билдиришти.

 

“Көп түрдүүлүктөгү шайкештик” онлайн-сынагына окуучуларды катыштырган мектеп-гимназияларды, жалпы билим берүүчү орто мектептерди, балдарга билим берүүчү мектептен тышкаркы  мекемелерди  айтып кетсек:  Баткен облусунун  Кызыл-Кыя ш. №1 Карбышев ат. орто мектеби, Лейлек району,  Сүлүктү  ш. №5 орто мектеби, Ош шаарынын С.Шарипов ат., Кыргызстандын 40 жылдыгы ат., №52 Ж.Баласагын ат., №34 Түлөбердиев ат. орто мектептери, Жалал-Абад облусунун Шамалды-Сай ш. №2 К.Осмонкулов ат. орто мектеби, Нарын облусунун Ак-Талаа райондук БББ, Чүй облусунун, Ысык-Ата районунун №1 Д.П.Зубков атындагы жалпы билим берүүчү мектеп-гимназиясы, Чүй облусунун  Сокулук районунун №1 Ч.Айтматов мектеп -гимназиясы, Военно-Антоновка мектеп-гимназиясы, З.Кайназарова, Биримкул   ат. орто мектептери, Аламүдүн районундагы  Айдаралиев ат. орто мектеби, Талас шаардык балдарга  билим берүү борбору, Чүй облусунун Кемин райондук балдарга билим берүү борбору, Талас облустук Кара-Буура райондук балдарга билим берүү борбору.

— Биздин онлайн-сынакка катышкан окуучуларды  тарбиялаган, даярдаган  мугалимдерине, окуу бөлүм башчыларына, директорлоруна  ыраазычылык айтып, келе жаткан Жаңы жыл майрамдары менен куттуктап, ден соолукту тилеп, жаңы ийгиликтерди  каалап кеткибиз келет, — дешти уюштуруучулар.

Гүлнара Алыбаева, «Кут Билим»

 

Бөлүшүү

Комментарийлер