ДОРДОЙЛУК БИЛИМГЕ УМТУЛГАН БАЛДАР

  • 19.08.2024
  • 0

Жайкы эс алуу — кошумча билим берүүнүн да ыңгайлуу учуру эмеспи. Үйдө телефон тиктеп отурбай, билбегенин билип алсын деген ата-энелер Дордойдо да көп экен.

ДОРДОЙЛУК БИЛИМГЕ УМТУЛГАН БАЛДАР

Агартуу айдыңында 40 жылдан ашуун эмгек өтөгөн эмгек ардагери Буайша Назарбекованын чакан автордук классы ачылганы, мында каттаган ата-энелердин саны күндөн-күнгө арбып баратат.

Биз мугалим ар бир ата-энеге убакыт таап, өз ара сүйлөшүп жатканынын үстүнөн чыктык.

— Умар 4-классты орус тилинде окуп бүттү. Окуткан эжейине  карап, орус класска берип койдук эле. Билимди жакшы берди, бирок эне тилинде окуганда, сүйлөгөндө кыйналчу болду. Эки тилди чаташтыра берет.  Кыргызстанда жашаган соң, эне тилин билиши керек деп, кайра кыргыз класстарына берели дедик, — деди билимге ачык баланын апасы Канзат.

Мурдараак келгендер өз-өз орундуктарынан орун алышып, сабактын башталышын күтпөй эле, Буайша Назарбекованын автордук методикасынын негизинде ЮСАИДдин каржылоосунда басмадан басылып чыккан «Муундап окуу» таблицасынан муундарды кошуп окуганды адат кылыптыр. Билгени билбегенине үйрөткөнү, класстагы ушул кезден ширелген өз ара кызматташтык мамилелер, ошондой эле ата-энелердин сабак башталганча балдары менен чогуу окушканы албетте, бизди, таң калтырбай койбоду.  Окуучулардын класста  жазуу иштерин көп аткарышканы да бизге кызыктуу болду.

Убакыттан пайдаланып, алдыңкы орундуктагы мотурайган баланын апасын кепке тарттык.

— Уулум Туратов Баястан 2-класска көчтү. Мында келгенибизге он күн болду.
Такыр эки тамганы кошуп окуй алчу эмес. Азыр кудайга шүгүр, окуп калды. Төртүнчү класстагы кызым мектепте эжейдин классында билим алат. Жайкы эс алуу учурунда ал чечендик өнөр ийримине катышууда, — дейт Баястандын апасы Сариева Элзат.

Окуучулардын арасында экинчи класстагылар үстөмдүк кыларын байкадык. Ата-энелер өз мектептеринде балдары бир жыл окуса да, окуганды үйрөнө албай коюшканын бизден жашырышкан жок.

-Уулум 2-класска көчтү. Эжейден окуй баштаганыбызга эки жума болду.
Жылыш аябай жакшы. Апасы экөөбүз окууга болгон каалоосу өскөнүнө кубандык, — деди Асымбеков Алинин атасы.

-Кызымдын окуусуна жардам болсун деп Буайша эженин классына 2-класстагы  уулубуз Ясинди бердик, — дейт дагы бир окуучунун  апасы Ураимова Зулайка.

Класстагылардын арасында алгачкы жолу мектеп босогосун аттап жаткандар да жок эмес. Мисалы, Шейшенбаев Чыңгыз жакында 1-класска барат. Окуганына 13 күн болуптур. Азырынча тамгаларды экиден кошуп окуганга жарап калыптыр.

— Эжейин жакшы көрүп келүүдө, — дейт апасы Кожонова Айгерим баласынын башынан сылап.

Буайша эженин жардамчысы балдарга атайын идиштеги таза суудан куюп бере баштады. Сабак башталарына аз калганын дубалдагы  жүгүртмөдөн  билдик. Ата-энелер  балдарына бир жарым сааттан кийин келип алып кетерин эскертип, үйүнө камданууда. Мугалим алардын көңүлүн өзүнө буруп, муундап окутуу таблицасы менен иштөөнүн жолдорун бир сыйра кайталап көрсөтүп берди. Ата-эне үйдөн жардам берерин ушундан билдик.
Анан ак пейил балдарга билим алуунун сырларын үйрөткөн керемет сабак башталды…

ДОРДОЙЛУК БИЛИМГЕ УМТУЛГАН БАЛДАР

P.S. Дордойдогу балдарды мектепке даярдаган автордук класстын иши менен «Кутбилим сабактын» активдүү авторлорунун бири, Кара-Көл шаарынын алдыңкы агартуучусу Байыш Мүсүралиев да таанышып, мугалимге иштиктүү сунуштарын берди.

А.АЛИБЕКОВ, «Кут Билим»

Бөлүшүү

Комментарийлер