ДОРДОЙЛУК БАЛДАР ПОЭЗИЯГА ЖАКЫН
- 24.05.2021
- 0
Үстүбүздөгү жылы балдар акыны Ысмайыл Кадыров 70 жашка чыкты. Акындын чыгармачылыгына арналган адабий кече Бишкек шаарындагы «Дордой» конушуна караштуу №94 орто мектебинде болуп өттү.
Аталган мектептин башталгыч класстарынын мугалимдери балдар акыны Ысмайыл Кадыровдун калеминен жаралган китептерди өз сабактарында, класстык сааттарда үзбөй колдонушат. Жакында эле алар акындын ЮСАИДдин каржылоосунда жарык көргөн китептерин балдарга окуп беришти.
— Агайдын ырлары, аңгемелери балдардын тилинде жазылган. Ошон үчүн окуучулар аларды сүйүп окушат, — дейт башталгыч класстардын тажрыйбалуу мугалими, Билим берүүнүн мыктысы Буайша Назарбекова.
Буайша эжейдин поэзияга дилгир балдары бул кечеде акындын ырларынан жатка айтышып, кыска бирок тарбиялык таасири зор чыгармаларын ролдорго бөлүп аткарып беришти.
А. Алибеков, «Кут Билим»
Комментарийлер