ДООРАН ӨТӨТ – ДООМАТ КАЛАТ. БИЗГЕ ДООСУ КАЛБАСЫН!
- 24.10.2024
- 0
Абай салган адамга тоо койну Кыргызстандын эң башкы байлыгы экени таасын байкалат. Чынында эле ошондой. Бир караганда, экологиялык жактан кабатырланууга анчалык деле негиз жоктой туюлушу мүмкүн. А бирок, экологиялык акыбал, табигый кырсыктар кесепети улам оорлоп баратканын туюп турабыз. Мындай кыйчалыш кырдаал жеке Кыргызстанга эле эмес, бүтүндөй Борбор Азияга кесепетин тийгизери бышык. Бириккен Улуттар Уюму дагы бекеринен 2023-жылды Тоо жылы деп жарыялабаган чыгар. Эмесе, ошого учкай кайрылалы…
Алгы сөз ордуна айтыла турган накыл бар
Азыркы урду-сокту, келди-кетти жан сабаган заманга, балдарыбыз балконго байланган урбанизация дооруна карабастан, кыргыз баласынын турмушун жандуу жаратылышсыз, айрыкча тал чокусун ак кар, көк муз баскан тоо койнусуз элестетүү мүмкүн эмес. Айрыкча көчмөн элдер, анын ичинде тоолук кыргыздар табигаттын бир чүрпөсү катары байыртан эле курчап турган чөйрөсү менен камыр-жумур жашаган. Күнүмдүк жашоосу үчүн акырындап аста-аста өз энчисин алып турган дечи. Бирок, ал жандуу жаратылышка абдан аяр мамиле жасап, өтө сарамжалдык менен алган.
“Эр Төштүк” менен “Кожожаш” дастандары оозеки чыгармачылыктын эӊ байыркы, эӊ мыкты үлгүлөрүнө кирет. Демек, ушундан эле кыргыз баласы жаратылыш беренелери түбөлүктүү эмес эмес экенин, анын ар бир чүрпөсүнө аяр мамиле жасоо зарылдыгын баамдаганы байкалып турат. Аттиӊ, бактысын тоо койнунан тапкан, айылдаш агайындарын жалаӊ аӊчылык менен баккан Кожожаш мерген кайсы бир жаӊылып-жазган күнү жандуу табигат эгеси (Жараткан десек да болот) тарабынан аёсуз жазаланып, азуусу асман челген жылаӊач аскага асылып тынбадыбы беле.
Ошондой эле, актаӊдай акындардын “Аккан суусу” дагы тээ-э илгертен келаткан тематикалык чыгармалардан болуп саналат. Кемелиме келдим го, баралыма толдум го деген ар акын “Аккан сууну” андан ары улап, өз чыгармасын жараткан. Бул жерде бирден санап отурбайлы, алардын тизмеги абдан арбын.
Маселен, Аксыдан чыккан Жеңижок акын, айтышарга теңи жок акын бекеринен айтылуу «Аккан суусун» алты күн катар тынбай айтып, аягына чыкпай токтогон тура. Ал бекеринен минтип жанын сабабаган чыгар. Бу кыргыз баласы башынан эле аккан сууда арам жок деп жашап келген. Жашоонун баардык түйүнү табиятка, анын ичинде таза сууга байланып турганын жетик баамдаган, тетик билген. Ошондон улам, жандуу жаратылыш дейбиз, жандуу суу жандүйнөнү тазалайт дейбиз, анан ал дейбиз, бул дейбиз. Эмне деген өнөр, не деген философия. Мына, “Аккан суунун” болгон-бүткөн бар дасмыясы:
Күнү-түнү шылдырап,
Тыным албайт аккан суу.
Жер жемирип, таш бүлөп,
Сайдан нугун тапкан суу.
Жан-жаныбар барына,
Жашы менен карыга
Жашоо берип жаккан суу…
Биз деле убагында ата-бабаларыбыздын жандуу жаратылышка канчалык аяр мамиле жасаганынын чет-бучкагын көрүп калдык. Алар булак көзүн булгап, аккан сууга түкүргөн эмес, бутакка тийбе, сууга сийбе деп какшап турчу, журт булганып кетти деп, маал-маалы менен конуш которгон, жаш даракка тийбей, арчанын куусун жаккан, кийик төлдөгөн маалда ууга чыкпай, өз жандыгын азык кылган, колдогу малын тээп, атын башка чаппаган, куш уясын бузган эмес, каргышына каласыӊ дечү. Кыскасы, аталарыбыздын бар такилиби так ушундай.
Кыргыздын өз күндөлүк турмушунда такай колдонгон ырым-жырымдары менен жалпы ишенимдери арбын экен. Жашоо мыйзамы ошондой: адегенде алгылыктуу саамалыктар жөрөлгөгө өтөт, анан көнүмүшкө же адатка айланат, бара-бара салт-санаага өтөт, анан жалпы улуттук наркка айланат. Ал эзелтен накыл кеп катары такай айтылып, алтургай талап кылынып, муундан-муунга үзгүлтүксүз өтүп турган, жедеп жаштайынан кулагына сиӊип, көкүрөктө жат болчу.
Эгерим кагазга жазылбаган чыныгы элдик мыйзам, азыркы тил менен айтканда, нечендеген кылымдар элибиздин жандүйнөсүнөн жаралган жана мезгил сынынан тайгылбай өткөн элдик кодекс деген ошол. Ал ар дайым бардык мыйзамдардан жогору турат. Анын ар бир жобосу аткарылбай калбаган.
Ошондуктан, баланы тапкан жана баккан ата-эне кереӊ же дудук болсо да, тереӊ билим, татыктуу таалим-тарбия берген, акыл-эске муютуп, мултуӊдаган балдардан уӊгулуу журтту уюткан агайларыбыз менен эжейлерибиз жеткинчектерге ата-бабадан калган улуу таберик жаатындагы акыл-насааттарын айта жүргөнү эп болор. “Наадан өтөт – наалат калат” демекчи, жанагы каргыштан кудай сактасын.
Ким айтты кыргыз жерин кичине деп?..
Маркум Омор Султановдун мындай бир ыр саптары бар: “Айткандар айта берет – болбогон кеп, Ким айтты кыргыз жерин кичине деп? Тоолордун бүктөмдөрүн жазып ийсе, Бүтүндөй бир континент батып кетет!”. Айтса-айтпаса төгүнбү, Борбор Азиянын дал толтосунда жайгашкан Кыргызстан – климаты кескин континенталдуу жана тоолуу өлкө. Жылына болжол менен 247 ачык күн тиет. Жалпы аянты 198,5 миң чарчы чакырым болсо, 94 пайызын тоо түзөт. Калган 6 пайыз түзөңдө жашаган калктын турмушу деле мына ошол тоо тутумунда өкүм сүргөн абалга тыгыз байланган.
Теңир-Тоо, Ала-Тоо, Какшаал, Памир, Алай, Чаткал, Фергана өӊдүү ондогон тоо кыркаларынын 4,2 пайызын мөңгү ээлейт. Мындайча айтканда, өлкөдө жалпы аянты 8047,8 чарчы чакырым келген 6582 мөңгү жайгашкан. Ал Борбор Азия мөңгү корунун 45 пайызына тете. Андан тышкары, 2 миңге жакын көл бар. Мөңгүлөрдөн башат алган Нарын, Чүй, Талас, Көкө-Мерен, Кара-Дарыя, Көк-Арт, Жазы, Сары-Жаз, Ак-Шыйрак, Жыргалаӊ, Каркыра, Түп , Кемин, Каракужур сыяктуу ондогон ири дарыялар агат.
Ошол суу байлыгынын баа жеткис мүмкүнчүлүгүн эмдигиче толук пайдалана элекпиз. Бул өтө өкүнүчтүү нерсе. Айрыкча жашоого керектелүүчү суунун кору болгон мөңгүлөрдүн ээрүү тездиги Борбор Азия чөлкөмүндө жашаган калкты кооптондурууда. Акыркы маалыматтарга таянсак, Кыргызстандын мөңгүлөрү өткөн 50 жыл аралыгында 20 пайызга азайган. Окумуштуулар азыртан эле келерки 20 жылда мөңгүнүн 35 пайызынан айрылып каларыбызды каӊкуулай баштады. Суунун негизги булагы болгон мөңгүлөрдү сактап, сарамжалдуу жана натыйжалуу пайдалануу зарылчылыгын эстен чыгарбашыбыз керек.
Кай жагыңа караба, абал өтө оордошуп турат: экологиялык чөйрө тутуму бузулду, жаныбарлар менен өсүмдүктөр дүйнөсү сейректеп калды, суу башаты солгундап барат. Акыркы жарым кылым аралыгында кыргыз мөңгүлөрүнүн көлөмүнүн кескин азайышы өлкөбүздүн социалдык-экономикалык турмушуна түздөн-түз терс таасирин тийгизери бышык. Кыскасы, таптакыр кеч болуп кала электе, жандуу жаратылышыбыздын абалына жакшылап көңүл буруу зарыл.
Энергетикалык кубаттуулугу 1860 мегаватт “Камбар-Ата-1” ГЭСинин жылына 5 млрд кВт/саат электр кубатын өндүрүүдөн сырткары, 4,65 млрд кубометр суу топтоого мүмкүнчүлүгү бар. Бул Борбор Азиянын кан тамыры – Нарындын төмөнкү агымы болуп саналган Сыр-Дарыянын боюнда жашаган өлкөлөр үчүн да кыйла пайдалуу болору шексиз. Ошол сууну пайдаланган коңшулар ГЭСтин курулушунан тышкары, сууну топтоо, сактоо, күтүү иштерине да жакындан жана ырааттуу кол кабыш кыларына чоӊ ишеним артабыз. Ай аттигиӊ, ким билет, жанагы узак жылдардан бери “жердин желин” саап саткандын жедеп кынуусун алган коӊшуларыбыз тоо койнунан агылган жандуу суунун баа-баркын түшүнөр бекен же болбосо суунун куну жок беле?
Бийик тоолуу аймактардагы климаттын кескин өзгөрүүсүнө, табигый жаратылыш кырсыктарына, тоо сууларынын абалына арналган эл аралык иш-чаралардын ырааттуу өтүп келатканы да бекеринен эмес. Тоо, мөңгү, суу, токой – бири-бири менен тыгыз байланышкан бирдиктүү экологиялык тутум. Анын артында бери дегенде 60 млн адамдардын өмүрү менен келечек тагдыры, жан-жаныбарлар менен жандуу жаратылыштын тиричилиги турат.
КР Президенти Садыр Жапаров суу маселесин эл аралык деӊгээлде такай көтөрүп, өтө кооптонуп турганын жашырбайт. “Кыргызстан – тоолуу өлкө, деӊизге чыкчу жолубуз жок. Борбор Азия чөлкөмүндөгү суу ресурстарынын дээрлик жарымына жакынына ээлик кылганыбызга карабастан, суу тартыштыгы сезиле баштады. Сел, жер көчкү, жер титирөө сыяктуу табигый кырсыктар көп катталып, чыгымдар көбөйдү. Гидроэнергетикалык мүмкүнчүлүбүз баш-аягы 142 млрд 500 млн квт/саатты түзсө, азырынча анын 13 пайызын эле пайдаланат экенбиз”, — дейт мамлекет башчыбыз.
Эсиӊерде болсо керек, Бириккен Улуттар Уюмунун Тоо саммитинин жүрүшүндө Кыргызстан 2030-жылга карата атмосферага парник газдарынын таралуусун 15,97 пайызга кыскартуу жана аны эл аралык каржы уюмдарынын колдоосу аркылуу 43,62 пайызга чейин жеткирүү милдетин алган. Аны жүзөгө ашыруунун жол картасы да эбак эле иштелип чыккан. Ошондуктан, бул ишке эл аралык өнөктөштөрдү тартуу зарыл.
Өлкөнүн эндемикалык фауна менен флорасынын, алардын сейрек түрлөрүнүн сакталуусу айлана-чөйрөнүн коопсуздугуна байланыштуу экенин унутта калтырбашыбыз керек. Алар дагы жандуу жаратылыштын жандай чүрпөсү – баа жеткис байлыгыбыз юолуп саналат. Албетте, суу маселесине келгенде, биз тоо койнун, суу боюн байырлаган жан-жаныбарлар менен өсүмдүктөр дүйнөсүнүн болочок тагдырына кайдыгер карабашыбыз абзел. Айтты-койду дебегиле, ансыз көп нерсени уттуруп алабыз, алардын ордун кайра толтуруу тозоктун бир тозогуна айланары анык.
Ушу тапта бүтүндөй Борбор Азиянын башкы таянычы болуп турган өлкөнүн экологиялык тутумун калыбына келтирүү максатында, эл аралык каржы уюмдары менен Кыргызстандын тышкы карыздарынын бир бөлүгүн экологиялык чыгымдарга алмаштыруу аркылуу кутулуу жаатында сүйлөшүүлөр жүрүп жатканынан кабарыбыз бар. Мындай иштиктүү чаралар эл аралык тажрыйбада мурдатан эле кеңири колдонулуп келгенин да жакшы билебиз. Кыскасы, мына ушуга үмүт байлап турабыз.
Маселен, 2024-жылдын 5-ноябрында Түркия президенти Тайып Эрдогандын Кыргызстандагы расмий мамлекеттик иш сапарынын жүрүшүндө “Жашыл экономика” долбоору боюнча Кыргызстандын 58,9 млн доллар көлөмүндөгү карызы кечилди. Ошондой эле, Түрк бирлигинин Жашыл экономика фондун түзүү боюнча меморандум боюнча келишимге кол коюлду. Буюрса, башталды, орто жолдо калбашы керек. Мындай саамалык бара-бара уланып, жөрөлгөгө айланат деген ойдобуз!
Накыл кеп: “Наадан өтөт – наалат калат!”
Азыркы учурда Россиянын көмөгү менен коӊшу Казакстанда эки, ал эми Өзбекстанда бир кичи кубаттуулуктагы АЭС курулганы турат. Бизде дагы дал ошондой эле кубаттуулуктагы АЭСти куруу жаатында иштиктүү аракеттер жасалууда. Алтургай, жакында эки тараптуу меморандумга да кол коюлду. Ал ансыз деле капкара Кара-Кеченин бир капталына бүткүл Теӊир-Тоону чылгый ышка кактаган ТЭЦ курганга караганда кубаттоого арзый турган демилге. “Уста барда – темир жок, Темир барда – көмүр жок, Көмүр барда – көңүл жок” болуп кол куушуруп отура бермек белек.
Отун-энергетика тармагы боюнча эксперт Расул Умбеталиевдин пикиринде, мөӊгүлөрдүн эриши тездеп, суу каатчылыгы менен электр кубатына таӊкыстык жаралып жаткан мезгилде, атаандаш энергия булактарын, анын ичинде атом электр станциясын куруу чараларын азыртан караштыра баштоо зарыл. “Иликтеп көрдүк, бул – өтө келечектүү долбоор. АЭС өзгөчө Кыргызстан өӊдүү жетүүгө кыйын алыскы аймактары бар өлкөлөр үчүн абдан маанилүү. Биз анын кооптуулук тобокелчиликтерин да кошо карап, кылдат мамиле жасашыбыз керек. Ансыз болбойт”, — дейт ал.
Ал эми эксперт Аркадий Гладилов Кыргызстан үчүн АЭС керек экенин дагы бир ирет тастыктады. “Бизге эч ким эч качан арзан күйүүчү май же отун ташып бербейт. Суунун кору деле бара-бара согундап, чыгаша баасы асманды чапчыйт. Ал эми азыр АЭС куруп алсак, ал кыйла келечектүү болору айтпаса деле түшүнүктүү чыгар. Буюрса, аз чыгым, көп утуш менен узак мөөнөткө күнү-түнү күпүлдөтө иштеген, экологиялык жактан таза электр кубатына ээ болобуз”, — деп кошумчалады ал.
Биз кескин климаттык өзгөрүүлөр маалында, коомдук-саясий жана социалдык-экономикалык кайра курумдардын өткөөл кезеңинде жашап жатканыбызды эгерим эстен чыгарбоого тийишпиз. Табигый кырсыктар менен техногендик капсалаңдардын кесепеттери улам арбып, шаштыны алып турган чак. Азыртан алдын алуу чаралары көрүлбөсө, эртең өтө кеч болот. Кантсе да, тоо койнунда жандуу жаратылыш менен жармакташ жалгашып жашоо өзөгү, көӊүлдө баккан ой-тилек барып-келип эле экологиялык кырдаалды турукташтыруу, аны келечек муундар үчүн сактоо жана таберик таштоо камында турат.
Жаратылыш байлыктарына камкордук менен сарамжалдуу мамиле жасай албаган элдин жашоосу жармач, келечеги бүдөмүк болору бышык. Чаркыбыз жетеби, кептин баары ошондо. Азыр итбекердин атасы эбак өлгөн замана, чамабызга жараша чамгарак атпай чакталуу иш жасасак кантет? Доор алмашат – дооран өтөт – доомат калат. Бизге доосу калбасын!
Кемел Белек, “Кут Билим”
Комментарийлер