Догдуркүл Кендирбаева: “Улуттук баалуулуктарга багытталган стандарттар иштелип чыгат”
- 24.10.2024
- 0
Улуттук баалуулуктарга багытталган стандарттар менен иш алып баруу зарыл. Бул тууралуу билим берүү жана илим министри Д.Кендирбаева Кыргыз мамлекеттик техникалык университетинде жогорку окуу жайлардагы мамлекеттик тилдин абалы жана окутуу маселелерин талкуу учурунда билдирди.
Форумга Мамлекеттик тил жана тил саясаты боюнча улуттук комиссиянын төрагасы М. Мураталиев, ЖОЖдордун ректорлору, проректорлору жана мамлекеттик тил боюнча эксперттер катышты.
Билим берүү жана илим министри Догдуркүл Кендирбаева билим, илим, технология доорунда кыргыз тилинин орду маанилүү. Эки-үч тилди үйрөнүү керек, бирок бардык жагынан ийгиликке жетишем десең кыргыз тилин билишиң керек деп белгиледи.
“Бүгүнкү көтөрүлүп жаткан маселе ар бирибиздин жүрөгүбүздө милдеттүү аткарыла турган иш. Кыргыз тилин так сүйлөтүүдө жогорку окуу жайлардын салымы чоң. Биринчиден, бул ата тарыхы, ата мурасы. Бизди башка улут тарыхый мурастар аркылуу тааныйт. Өзүбүз үйрөнөлү, башкаларга билүүгө шарт түзөлү, өз маданиятты, тилди жерибей, улуттук баалуулуктарга багытталган стандарттар менен иш алып баралы”, – деп, ар бир өзгөрүүгө сырттан гана байкоочу болбой, жигердүү катышкыла деп чакырып кетти.
Форумда бардык дисциплиналар боюнча окуу куралдарын, усулдарын чыгаруу, башка тилдерден которуу иштеринин жүрүшү, ЖОЖдордогу кыргыз филологиясы факультеттеринин окуу программасына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду (котормо, терминология сабактарын) киргизүү, автордук колдонмолору бар тажрыйбалуу окутуучулардын усулдарын ЖОЖдор арасында жайылтуу, окутуучулардын, мугалимдердин квалификациясын жогорулатууну уюштуруу жана ишке ашыруу, кыргыз тилин эне тил, экинчи тил жана чет тили катары окутуу маселелери каралды.
Бул иш-чара мамлекеттик тилди өнүктүрүүнүн маанилүү кадамдарынын бири. Ар бир жогорку окуу жайда кыргыз тилинин ордун бекемдөө жана аны билим берүүдө негизги тил катары жайылтуу боюнча иштер жүрүп жатат деп билдирди уюштуруучулар.
Эльвира Какиева, “Кут Билим”
Комментарийлер