ДОГДУРКҮЛ КЕНДИРБАЕВА ПРЕЗИДЕНТТИК БАЛАТЫГА КАТЫШУУ ҮЧҮН АЙМАКТАРДАН КЕЛГЕН БАЛДАР МЕНЕН ЖОЛУГУШТУ

  • 22.12.2023
  • 0

21-декабрда Билим берүү жана илим министри Догдуркүл Кендирбаева Чынгыз Айтматов атындагы Бишкек лицейинде болуп, жаңы жылдык президенттик балатыга катышуу үчүн аймактардан келген таланттуу балдар менен жолугушту.

ДОГДУРКҮЛ КЕНДИРБАЕВА ПРЕЗИДЕНТТИК БАЛАТЫГА КАТЫШУУ ҮЧҮН АЙМАКТАРДАН КЕЛГЕН БАЛДАР МЕНЕН ЖОЛУГУШТУ

Догдуркүл Кендирбаева балдар менен суроо-жооп иретинде баарлашып, Билим берүү жана илим министрлигинин атынан белектерди тапшырды.

Белгилей кетсек, бүгүн, 22-декабрда Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаровдун катышуусунда жаңы жылдык президенттик балаты өтүүдө.

Жаңы жылдык балатынын түз эфири — https://fb.watch/p4Tc7rJhrK/

ДОГДУРКҮЛ КЕНДИРБАЕВА ПРЕЗИДЕНТТИК БАЛАТЫГА КАТЫШУУ ҮЧҮН АЙМАКТАРДАН КЕЛГЕН БАЛДАР МЕНЕН ЖОЛУГУШТУ

Бөлүшүү

Комментарийлер