ДОГДУРКҮЛ КЕНДИРБАЕВА: “МУГАЛИМ – КООМДУН КҮЗГҮСҮ БОЛУШУ КЕРЕК”

  • 06.12.2023
  • 0

Билим берүү жана илим министри Догдуркүл Кендирбаева Талас облусуна болгон иш сапарынын алкагында Бакай-Ата районундагы Чалдыбар жатак-мектебинин жана “Манас” мектеп-лицейинин мугалимдер жамааты, ата-энелер менен жолугушту.

ДОГДУРКҮЛ КЕНДИРБАЕВА: “МУГАЛИМ – КООМДУН КҮЗГҮСҮ БОЛУШУ КЕРЕК”

 

Окурмандардын эсине сала кетсек,  Чалдыбар жатак-мектебине “Манас” лицейин жайгаштыргандан тарта ата-энелер  жана мугалимдер каршы пикирлерин айтып келатат. Министр айым менен жолугушууда дагы Чалдыбар жатак-мектебинин аталышын аз камсыз жана толук эмес үй-бүлөлөрдүн жатак-мектеби катары өзгөртүп, ал эми  “Манас“ лицейин такыр эле бөлүп салуу сунуштарын айтышты. Лицейге имарат таап берип, интернаттын статусун кайра кайтарып берүү керек экени баса белгиленди.

ДОГДУРКҮЛ КЕНДИРБАЕВА: “МУГАЛИМ – КООМДУН КҮЗГҮСҮ БОЛУШУ КЕРЕК”

 

Мугалимдер, ата-энелер жетим, аз камсыз болгон үй-бүлөлөрдүн балдарынын бараар жери интернат экенин көздөрүнө жаш алып, айтып чыгышты.

ДОГДУРКҮЛ КЕНДИРБАЕВА: “МУГАЛИМ – КООМДУН КҮЗГҮСҮ БОЛУШУ КЕРЕК”

— Чалдыбар жатак-мектебинде учурда 7-класстан жогору 58 бала билим алат. Эгерде жатак-мектепке баштагыдай мүмкүнчүлүк берилсе, келип окуй тургандардын саны көбөйөт, — деди жолугушууга келген райондун тургуну.

ДОГДУРКҮЛ КЕНДИРБАЕВА: “МУГАЛИМ – КООМДУН КҮЗГҮСҮ БОЛУШУ КЕРЕК”

Бакай-Ата районунун дагы бир тургуну Гүлзат Давлеталиеванын айтымында, интернатты жаппай, жалгыз бой энелерге, аз камсыз болгон үй-бүлөлөрдүн балдарына билим алганга жардам берүү керек. Ошондой эле ата-энелер министр Д.Кендирбаевадан интернатты калыбына келтирип,  1-11-класска чейин балдарды кабыл алууну суранашты.

Ата-энелердин,  мугалимдердин пикирин уккан министр тартыштуу маселени бир гана мыйзамдын жолу менен гана чечүү керек экенин белгиледи.

— Мыйзам чегинде чечилет. Социалдык коргоого муктаж 58 бала бар экен. Алардын тагдыры мамлекеттин Конституциясынын 27-беренесинде так жазылган: “… толугу менен мамлекет өз камкордугуна алат жана толук шарт түзөт” деп. Бул кепилдикке алынган, — деди Д.Кендирбаева.

Андан соң министр мугалимдердин кетүүсүн талап кылган Бейшен Сатыбеков атындагы мектептин окуучулары жана жамаат менен жолугушту.

— Мугалим окуучуну токтотуп, “кел эмне маселең бар, чечейин” десе болот беле? Кайсы жерде балдарга ишенимиңерди жоготтуңар? Коомчулук жалпы мугалимдер кетсин деп кабыл алды, — деди министр.

Учурда окуяга байланыштуу териштирүү жана укуктук баа берүү иштери жүрүп жатат. Талас билим берүү усулдук борборунун жетекчиси Салтанат Бейшенованын айтымында, Б.Сатыбеков мектебинин окуучуларынын митингге чыкканынын башкы себеби – форма маселеси болуп чыкты.

— Тарбия завучу форма кийгиле деп талапты койгон. Күн сууктап калган үчүн окуучулар өздөрү каалаган кийим менен келебиз деп митингге чыгышыптыр. Азыр териштирүү жана тергөө иштери жүрүп, жалпы жамаат менен түшүндүрүү иштери жүрүп жатат, — дейт жетекчи.

Ошентип, министр айым мугалимдер менен жолугушууда билим берүү мекемесинин башкы максаты — жектелип бөлүнүү эмес, социалдык ынтымакты камсыз кылуу экенин белгилеп, мугалимдерди коомдун күзгүсү болууга чакырды. Анткени мындай жагымсыз көрүнүштөр билим берүүнүн сапатына терс таасирин тийгизери анык.

Гүлнара АЛЫБАЕВА, “Кут Билим”

Бөлүшүү

Комментарийлер