«МЕКТЕП ДЕМОКРАТИЯСЫ — ЖООПКЕРЧИЛИК МЕНЕН АКЫЙКАТТЫК»

  • 03.12.2020
  • 0

Коомдун негизги өзөгү болгон мектеп өзгөрүшү керек болуп турган чак. Ал бала кубанып бара турган жерге айланышы шарт, мында бала үчүн бардыгы ыңгайлуу болсун, баланын чыгармачылыгын өстүрө турган шарттар түзүлсүн, мектепте окуучу убактысын бекер эле өткөрбөй, кызыктуу жашоо күндөрүн кечирсин деген талаптар коюулуп келатат. Бул талаптар мектептик билим берүүнү жана жалпы билим берүү тутумун демократиялаштыруу аркылуу гана ишке ашырылаарын эксперттер айтышууда. Мектеп демократиясынын белгиси, өзөгү, кемчилиги, кайсы учурда мектепте накта демократия процесси алга жылат деген суроолор менен билим берүү жана илим министринин кеңешчиси Догдуркүл Кендирбаевага кайрылдык.

 

— Догдуркүл Шаршеевна, «Кут Билим» гезитинин жамаатынын атынан министрдин кеңешчиси болуп дайындалганыңыз менен куттуктайбыз! Сиз билим берүү тармагынын күңгөй-тескейин жакшы билесиз. Мезгил талабына ылайык мектеп өзгөрүшү керек деп жатабыз. Сиздин оюңузча, бүгүнкү замандын мектеби кандай болушу керек?

— Дүйнөдө азыр балдардын билим сапатын же болбосо жеке баланын коомго ылайыктап, аралашып кетүү көндүмдөрүн, жөндөмдөрүн, билгичтиктерин калыптандыруунун үстүнөн иштеп жатат. Бүгүнкү күндө дүйнөлүк эмгек рыногунун өзгөрүшү укмуштуудай тездик менен кетип баратат. Ага болгон ылайыкташуу, жетишүү биз сыяктуу өнүгүп жаткан өлкөлөрдүн аралыгын өтө алыстатып салды. Ошондуктан бүгүнкү күндө жумушсуздук толтура. Биз өндүрүп чыккан продукциябыздын баары өтпөйт дейбиз, анткени бүгүнкү күндөгү рынокко кирүүдөгү жаңы талаптардан таптакыр артта калдык. Ал эми бул жерде ошол эмгек рыногуна жооп бере турган адистерди даярдай турган билим берүү системасы аларда деле мыкты эмес.

Демократиялык коомдун өзөктүү талабы — мыйзам. Ар бир коомдун мүчөсүнүн укугу корголушу, сакталышы зарыл. Ал тандоо укугуна да ээ болушу керек. Ошонун баарын мыйзам жөнгө салып турат. Экинчиден, бүгүнкү күндөгү рынок экономикасы. Рынок экономикасы – тандоо, атаандаштык экономикасы экенин жакшы билебиз. Бул жерде мыктылардын мыктысы жеңет, же болбосо бызыр экономикасынын башкы мыйзамына дал келүүсү керек. Учурда дүйнөлүк эмгек рыногунун суроо-талаптары таптакыр өзгөрдү, ал эми биздин адам ресурсу же адистик сапаттарыбыз, сунушубуз дүйнөлүк ушул талаптарга туура келеби? Маселе дал ушунда турат. Эмгек рыногу биздин адистерге муктажбы? Жооп берүү өтө оор.

Дүйнөлүк экономикалык форумдун жыйынтыгы боюнча 2030-жылга карата 400 миллиондон 800 миллионго чейин адам жумушсуз калуусу күтүлүүдө. Алардын ордун жасалма интеллект же роботтор алмаштырат. Жакынкы он жылдыкта 57 кесип жакын арада жок болот экен. Россияда 25%, Канадада 40%, Эфиопияда 70% адам жумуш ордун жоготуусу күтүлүүдө. Бухгалтер, кассир, сатуучу ж.б. сыяктуу кызматтар жоюлат. Алардын ордуна жаңы көндүмдөр жана билгичтикке ээ болгон адистер келет. Же өнүгүүнүн жумшак ыкмаларына негизделген көндүмдөр талап кылынат. Алар: лидердик, көйгөйдү чече билүү, аналитикалык же критикалык (сынчыл) ой жүгүртүү, креативдүүлүк, эмоционалдык интеллект, адамдар менен тил табыша билүү, макулдаша билүү, сүйлөшүүлөрдү жүргүзүү көндүмдөр артыкчылыктуу мааниге ээ болот.

Бир кесип жана бир билим менен комфорттуу жашай албай калдык. Туруктуу заман чакырыгына жараша билимибизди кошумчалап, улам жаңы көндүмдөрдү кошуп туруу – учурдун талабы. Изденүү доору келди. Бул дүйнөлүк чакырык жана чындык!

— Биз ошого даярбызбы?

— Албетте, ооба деп айтуу оор маселе. Анткени биз 80 жыл бою пландуу, консервативдүү бир булактан башкарган бийлик жана пландоо экономика системасы менен жашап келгенбиз. Союз мезгилинде бардык кызматтар жана ресурстар мамлекеттин гана колунда эле, азыр тескерисинче. Ошол мезгилдеги коомдун, айрыкча, билим берүү системасындагы ийкемсиз, консервативдүү, пландоо менен келаткан мурастан айрыла албай жатабыз. Бул эмнени билдирет? Билим берүү системасында демократташтыруу процесси жигердүү ишке аша элек. “Демократия” деген сөз грек тилинен которгондо «demos» — эл, «kratos» — бийлик дегенди түшүндүрөт. Демократия — бул укук менен милдеттин тең салмактуулугу. Укугуңду билесиңби, анда милдетиңди аткар!

Азыркы көп ата-эне билим берүү, балдарды өнүктүрүүнү мектептин жана бала бакчанын гана милдети деп эсептейт. Ата-эне укугун гана талап кылууну адатка айлантты, бирок милдетин, жоопкерчилигин толук сезе элек. Ошондуктан коомду демократташтыруу процесси билим берүү системасынан башталат. Билим алуу жана билим берүү процесси үзгүлтүксүз жүрөт. Ал мектепте башталып, үй-бүлөдө уланып, коомдо колдоого алынышы керек. Биздечи? Эгер коомдо бир социалдык демократия принциби жоголсо, баары мектепти күнөөлөйт. «Сен окуткан жоксуң, сен караган жоксуң, мугалим, мектеп начар» деп чыгышат. Билим берүү системасына болгон талап өтө жогору. Демократиялык коомдо ар бир бала жакшы мугалимге барганга, жакшы китепти алганга, жакшы методика менен өзүн кошумча өнүктүрүүгө чоң мүмкүнчүлүк алат. Мамлекет жогорку сапаттагы шарттарды камсыз кыла албаса да, элементардык шарттарды түзүүдө. Акыркы мезгилде кооптуу экономикалык тенденция орун алды. Ал билим берүүдөгү стагнация – өнүгүүнүн жоктугу же байкалбаган өнүгүү, жана өтө төмөн түшүп кеткен дагы эмес көрүнүш. Учурда мугалимдин гана айлыгын анда-санда жогорулаттуу менен системаны колдоо деп түшүнөбүз, бирок ошол эле мезгилде билим алууга сапаттуу чөйрө түзүү проблемасын чече алган жокпуз. Айлыкты гана жогорулатуу менен сапаттуу билимди камсыз кылуу маселеси чечилбейт. Бирок дүйнөдөгү биз сыяктуу өлкөлөрдү иликтегенде, жалаң гана эмгек акынын көтөрүлүшү билим берүүнүн сапатын ийгиликке алып келбегендигин далилдеди. Анткени эмгек акы менен бирге жакшы китеп, жабдуу, методика, кесиптик өзүн өстүрүү менен сөзсүз мамлекеттин камсыз кылуусу, экинчиден, ата-эненин колдоосу жана катышуусу болушу шарт. Көп өлкөлөрдү мисал келтирип айтсак эле, азыркы коом аны жаман көрүп калды. «Кайдагы Америка, Германия ж.б. айтасыңар?» — деп. Бирок ошол билим берүү системасындагы демократиялык процесстер жигердүү келген жерде ар бир бала өзүнүн билимине, билимдин натыйжасына жоопкерчиликтүү болот. Демократия ошого калыптандырат.

— Демократиянын кемчиликтери барбы?

Албетте, бар. Эгерде демократиянын принциптери жана баалуулуктары калыптанбаган коомдо пайдалануу, же чала жан демократияны ишке ашыруу — чала сабат адамга машине айдатканга барабар. Аны толук түшүнүп, кабыл ала албасак анын охлократияга, анархияга айланып кетүү коркунучу бар, көп учурда рационалдуу сын бере албастан, деструктивдүү сынга айланып кетет. Ошондо демократия өзүн-өзү жок кыла турган күчкө айланат. Балким, демократия процессинин өтө чоң кемчилиги – бала кандайдыр бир так илимдерди мыкты өздөштүрө албай калышы мүмкүн. Бирок анда мыкты социалдык нормаларга жооп берген инсандык сапаттар калыптанат.

— Демократиялык билим берүүнүн өзөгү эмнеде?

— Ириде окуучулардын мектеп парламенти аркылуу мектептин ишин жакшыртуу жана өнүктүрүү процессине катышуусу, ошондой эле ата-энелердин Камкорчулар кеңеши аркылуу мектептин ишин жакшыртуу жана пландоосуна таасир этүүсү, сапаттык жагын көзөмөлдөөсү. Мугалимдердин методиканы, планды, окутуу ыкмаларын тандоо жана мектептеги билим-тарбия берүү кызматтарын жакшыртууга сунуш берүүсү жана аткарууга бирдей жоопкерчилиги — демократиялык билим берүүнүн өзөгүн түзөт.

Директорлор корпусу болсо, окуу-тарбия процессин жакшыртуу боюнча биргелешкен артыкчылыктуу багыттарды талкуулап, өнүктүрүү сунуштарын берүүсү керек. Башкача айтканда, жоопкерчилик жана колдоо принциптери бардык жерде бирдей аткарылышы зарыл. Мектеп бюджетинин ачыктыгына, пайдалануунун максаттуулугуна тар гана чөйрөдөгү топ чечпестен, бирге чечүү, талкуулоо зарыл.

Билим берүүнү демократиялаштыруунун бирден бир өбөлгөсү — коомдун билим берүү системасына болгон ишенимди жогорулатат жана коомчулуктун колдоосуна ээ болот.

— Мектепте демократиянын белгиси кайсылар?

— Биз билим берүү системасын борборлоштуруудан ажыраталы дедик. Мен жеке тренинг өтүп, сабактарга көп катышып калдым. Айрыкча, окуу, түшүнүү компетенттүүлүгүн камсыз кылуу боюнча “Келгиле, окуйлу!» долбоорунда жана башталгыч класстардын стандарттарын пайдалануусунда Бишкек шаарындагы жана өлкөбүздүн аймагындагы тернингден өткөн жүздөгөн мугалимдердин сабагына катышууга туура келди. Башталгыч класстын мугалимдеринин окутуу жана түшүнүү ыкмаларын кандай пайдалануусу боюнча байкоо жүргүздүм. Кээ бир сабактарды карасам, мени текшерүүчү катары көрүп, мен үчүн даярдалгандай сезилди. Мен ошондо айттым: «Мен үчүн жасалма сабактын кереги жок, текшерүүчү болобу же директор келеби, сенин сабагың балага багытталыш керек, жана ал күндөлүк адатка айлануусу зарыл» дедим. Анткени жаңылык кирген сабакта балдар бири-бирин карап, таң калып жатышты. Мындай көрүнүш бала үчүн жаңылык эле. Бул күндөлүк иш эмес экенин, балдардын таң калганынан байкоого болот. Айрым директорлор жана завучтар менден мугалимдин сабагына болгон анализди, кемчиликтерин сурап жатышты. Мен дагы мугалимдин коркконун байкап турдум. Негизи мугалимдин ишмердүүлүгүн баалоодо эч качан сын айтылбашы керек, өнүктүрүүчүлүк жана шыктандыруучулук сунуштар берилиши зарыл. Башкача айтканда, мугалимдин жетишкендигин баалоодо жазалоо ыкмасы болбошу керек. Мугалим да өз учурунда балага дагы, ошондой баа бериши зарыл. Бүгүнкү күндө мугалимдин ролу – багыттоочу компас. Окуучуга кошумча билим алууга, изденүүгө багыт берүүсү зарыл. Ал эч качан даяр билимди трансформатор катары таңуулабаш керек. Изденүүгө, изилдөөгө, өз алдынча иштегенге, өз чечимин коргоо көндүмдөрүн калыптандыруусу зарыл. Биздин мугалимдерден окуу китептери начар, мазмуну төмөн деген нааразылыктары бар. Китеп болгону багыт берүүчү шпаргалка. Андыктан мугалим өзү да изденип, чыгармачылык жаратышы абзел. Китептен башка миңдеген альтернативдүү маалыматтар бар. Окуу китебин толугу менен камсыз кылып койсо эле, укмуш болуп кетпейт. Бүткүл дүйнөдө андай эмес.

Учурда мугалимдерге болгон талап жогору. Мугалим бүгүнкү күндө негизинен үч топтон турат: репродуктивдүү (жаратмандык жок, эскини эле кайталоочу), продуктивдүү (изденет, натыйжалуу) жана креативдүү (жогорку чыгармачыл, новатор).

Биздин мугалимдерибиздин көбү айрым учурда репродуктивдүү көнүмүш адатта иштешет, мезгил талабына жараша өз алдынча билимин жогорулатуу, изденүү жаратмандык менен иштөөгө шылтоолор абдан көп. Өзгөрүү өтө оор процесс, анткени комфорттуу зонага кирип алганбыз.

Коомдогу билим сапатынын төмөн болушуна биздин дагы түздөн-түз тиешебиз бар. Эмнеге 1-класстан 11-класска чейин орус тили же кыргыз тили окутуу предмети болсо дагы, мектептен тил көндүмдөрү жана билгичтиктери жок балдар чыгууда. Бирок ошол эле учурда айлык акы, пенсия, социалдык төлөмдөрдү, салыктарды төлөп, өтө мыкты болбосо да китеп менен камсыз кылып, кабинеттерди жылытып, мамлекет өз милдетин аткарып жатат. Бирок тил билбей чыккан балдарга болгон жоопкерчиликти эмнеге сезбейбиз? Бул абалга У.Черчиллдин сөзү менен жооп берет элем. “Пессимист мүмкүнчүлүктөн проблема издейт, ал эми оптимист проблемадан мүмкүнчүлүк издейт”. Эмнеге алыскы Баткендеги айылдык мектептин директору Мадаминов Гапыр агайдай боло албайбыз? Чыгармачыл мугалимге эч нерсенин деле кереги жок. Ал бор менен доска же болбосо тышка чыгарып табият менен деле окуучуга сабакты түшүндүрүп коет.

— Кайсы учурда мектепте накта демократия процесси алга жылат?

Мектептин жетекчиси лидер катары иштеши керек. Бүгүнкү күндө көбү менеджер катары иштейт. Лидер – новатор, креативдүү, сынга жыгыла билген, адамдар менен тил табыша билген, ар топтун өкүлдөрү менен сүйлөшө билген, эмоционалдык интеллекти күчтүү инсан. Ал өзгөрүүдөн коркпойт. Командасынын демилгесин дайыма эске алат, коргойт, колдойт жана шыктандырат. Өзүнүн айланасына күчтүүлөрдү топтоп, мугалим тандаганда алардын кой-козусуна кызыкпайт. Мектептин кызыкчылыгын биринчи орунга коет. Мектептин директору күчтүү болсо, кандай гана маселе болбосун бат жана так чечилет. Ал эми, тескерисинче, коркутуу-үркүтүү болсо, анда ошондой жол менен чечилет. Мындан сырткары формалдуу же буйрук менен жаралган Камкорчулар кеңеши эмес, билим берүү процессин өнүктүрүүгө кызыкдар, күчтүү, көз карандысыз Камкорчулар кеңеши болушу зарыл.

Баса, жергиликтүү өзүн-өзү башкаруу органдары билим берүү процессине кайдыгер карабашы керек. Баланы кантип тарбиялайбыз, кантип өнүктүрөбүз, мектепти кантип өнүктүрөбүз, санариптештирүү кандай жүрүп жатат, жаш мугалимдерди колдоо, мыктыларын шыктандыруу процесстери туруктуубу деген сыяктуу, тилекке каршы, бир да маселени карашпайт. Ошондуктан бүгүнкү күндө күңкорлордун эмес, эркин ой жүгүрткөн, демилгени басып салбаган, изденүүгө, креативдүү топко жылдыруу процессин түзүүгө багыт алуубуз керек.

Билим берүү кызматын уюштуруудагы бир жеке тажрыйбам менен бөлүшө кетейин. 2002-жылы Борбордук Азия өлкөлөрү үчүн Бүткүл Дүйнөлүк Банк жакырчылыктан чыгуу боюнча “Новаторлор идеясы” кароо-сынагына катышып, анда жакырчылыкты кыскартуу Улуттук стратегиясы кабыл алынган эле. Ошого карата беш өлкөдөн укмуштуудай ойлорду топтоду. Ага мен дагы катышкам. Таң калычтуусу Кыргызстандан беш эле демилге жеңүүчү деп табылды, анын ичинде менин дагы демилгем бар эле. Ошентип, туура мындан 20 жыл мурун эрте жаштагы балдарды жамааттын деңгээлинде өнүктүрүү демилгем колдоого алынган. Оргочор айылында, эшик терезеси жок иштебей калган «Наука» деген бөлүмдүн имаратын айыл өкмөтү берип, аны ондоп- түздөп, «Үй-бүлөлүк ресурстук борборун» түптөдүк. Максаты — кенже курактагы балдарды жамаат менен биргелешип өнүктүрүү эле. Балдарга мектепке чейинки даярдоо, саламаттыгын сактоо жана тамактануу кызматы уюшулду. Толугу менен баштан аяк ар бир эне-ата катышты. Балдардын ден соолугуна кам көрүү зарылдыгы боюнча облустук биргелешкен оорукананын дарыгер адистери келип окутушту, ал эми мектепке чейинки балдарды өнүктүрүүнүн зарылдыгы боюнча облустук билим берүү институнун мыкты методист-адиси Ш.Шаршембиева сыяктуу эжейлер тынымсыз иштешти. Бул ресурстук борбор он жыл уникалдуу иштеди. Мамлекет бир тыйын дагы берген жок. Ата-эне болгону алгач 50 сомдон баштап, акыркы жылдары 300 сомго чейин төлөп, балдарын мектепке даярдашты. Ишин толугу менен Камкорчулар кеңеши көзөмөлдөп турду. Күндө экиден ата-эне кезектешип, бири — тамак ашына, экинчиси — мугалимге жардам берет, анткени китептин баары орус тилинде болгондуктан, күндө бир ата-эне үйүнөн жомок окуп келип, балдарга жомок айтып берет эле. Айыл өкмөтү социалдык паспорттоштуруунун негизинде өтө муктаж балдарды төлөмдөн бошотту. Ошентип, он жыл бою миңдеген балдарды мектепке даярдоо процесси ата-эненин, коомдун күчү менен жүргүзүлдү. Мына балдарды өнүктүрүүдөгү демократиялык моделдин бири. Балдар борбордо каалагандай шартта жана ата-эненин колдоосу менен эркиндикте өсүштү. Бул жерде чектөө жана тыюу жок эле. Он эки жылдан кийин бала бакча имараты ремонттолуп, бюджетке киргизилип, бардыгы ошол жакка кетишти. Бирок эмдигиче ата-энелер жана мугалимдер, ошол жерден келген балдар мыкты эле дешет.

— Жетекчилерди тандоо жана алардын ишмердүүлүгүнүн натыйжасын баалоо акыйкаттуу өтөбү?

— Азыр районолорду тандоо критерийи кирди. Директордун жана райононун ишмердүүлүгүнүн натыйжасын баалоодо акыйкаттуулук принциби бузулуп калган. Себеби баары бирдей. Бишкектин, облустун, райондун шарты менен Чоң-Алайды, Чаткалды бирдей кароого мүмкүн эмес. Интернет жок деле адам сөзсүз ийгиликке ээ болушу мүмкүн. Бул борбордук райондордун баары китепканага, өнүктүрүү кызматтарына жеткиликтүү. Ал эми кээ бир жерлерде таптакыр жок. Демек, баалоо критерийлеринде ушул нерсе эске алынышы керек. Мен дайыма айтам, олимпиада көрсөткүч эмес деп. Маселен, акыркы жолку республикалык олимпиаданы, анан эл аралык олимпиаданы алалы. Жалаң “Сапат” билим берүү мекемесинин же жеке менчик билим берүү мекемесинин балдары ийгиликке жетишип жатат. Демек, буга райононун, директордун дагы таасири жок. Жеке менчик мектептин натыйжасы болуп эсептелет. Ошол эле учурда жетекчини тандоодо лидердик сапатты аныктоо каралган эмес. Жогоруда айткандай, өнүгүүнүн жумшак ыкмалары эске алынышы абзел. Кандай демилгелерди көтөрүп келди? Канчалык деңгээлде районо өзүн өнүктүрүүдө портфолиосу бар? Жетекчи катары эмне сунуш берди? Баягы эле советтик система менен олимпиада өттү, ремонт жасалды деген нерселер эмес, мазмунга таасир эте турган демилгелер көтөрүлүп чыгышы керек. Ошондуктан баалоо бир тараптуу болбошу зарыл. Тааныштык аркылуу баалоо дагы болбошу керек. Баалоо эмнеге керек? Натыйжасы эмне болуш керек? Мен сөзсүз түрдө өнүктүрүүчүлүк дейт элем.

— Мектеп директорунун ишин ким баалайт жана баалоо системасы кандай жүрүшү керек?

— Камкорчулар кеңеши, айыл эли, мугалимдер баалашы керек. Себеби ошол буйрутмачылар, ошол коом — ынтымактуу, билимдүү. Ошол жердеги ар бир баланын ата-энеси мектепке ишенип, аны колдоп, баласы менен мектеп экөө айкалышып, синхрондуу иштесе — бул өтө чоң жетишкендик. Мектеп директорунун сөзү жерде калбаса — чоң жетишкендик. Мектеп директору көтөргөн демилгелер гүлдөсө — чоң жетишкендик. Директордун бир чыгармачылык менен имаратты пайдалануусу, мектептен сырткаркы курстарды өнүктүрүүсү, «Келгиле, силердин балаңарга IT, STEM, ОРТ багытын уюштуралы» десе – жетишкендик. Мектептен сырткары кыздар, балдар, мүмкүнчүлүгү чектелгендердин баардыгынын укугун шурудай камтып кетиши керек.

Директор өтө сезимтал болушу керек. Кесиптик багыт берүүдө ал өтө билимдүү болушу зарыл. Жалпылап айтканда, демократиялык билим берүүдөгү эң негизги өзөк бул – укук жана милдеттердин тең салмактуулугу. Бул тең салмактуулук жок болсо эле, биз күткөн ийгиликтер жана натыйжалар жаралбайт.

— Мектеп директорун районо эмес, жамаат шайласын дегенге кандай карайсыз?

— Эгерде толук демократиялуу кооом болгон жерде Камкорчулар кеңеши жана жамаат катышса болот, бирок толук демократиялык маданият калыптанбаган жерде, сапат өтө опурталдуу болуп калышы мүмкүн.

Бул суроого кайрадан атактуу саясатчы У.Черчиллдин сөзү менен жооп бергим келди. “Демократия өтө жаман коом, шайлоо жолу менен адис эмес адам келиши мүмкүн, бирок башкасы мындан да жаман, адамзат азырынча идеалдуу башкаруу системасын ойлоп таба элек”!

Демократиянын дагы бир принциби — гендердик теңчилик. Башкача айтканда, билим берүүгө жана инсан калыптандыруу системасына эркектердин катышуусу өтө маанилүү. Учурдагы статистика өтө эле мышык ыйлагандай. Анткени катардагы мугалим катары иштеген эркек агайлардын саны өтө аз. Ушул маселенин үстүнөн да иштешибиз керек. Мектепте эркекке таандык инсандык баалуулуктарды алып жүрүүчүлөрдүн жоктугу — өтө кейиштүү көрүнүш.

Гүлнара Алыбаева, Нурзат Казакбаева, «Кут Билим»

Маалымат үчүн:

Мектепти демократиялаштыруу – бул билим берүүнүн мазмуну менен

технологияларын иштеп чыгууда стандартташтыруудан оолак болуу

дегендик.

Мектепти демократиялаштыруу – бул ар бир окуучунун жеке

жөндөмдүүлүктөрүн эске алуу, анын табиятынан жаралган жеке жөндөм-шыктарын өстүрүү дегендик.

Мектепти демократиялаштыруу – бул ишмердүүлүктү, анын

багыттарын, технологияларды, башкаруунун формаларын туура тандоо,

мектеп турмушуна коомдун активдүү аралашуусун камсыз кылуу дегендик.

Бөлүшүү

Комментарийлер