Догдуркүл Кендирбаева Красноречка жатак-мектебинин абалы менен жакындан таанышты

  • 11.11.2024
  • 0

Билим берүү жана илим министри Догдуркүл Кендирбаева 7-ноябрда Красноречка атайын жалпы билим берүүчү (көмөкчү) жатак-мектебине барып, анын абалы менен жакындан таанышты.

Эске сала кетсек, социалдык тармакка аталган жатак-мектепке жардам керек деген маалымат тараган. Бирок жатак-мектептин директору Венера Борбуева мектептин имараты капиталдык оңдоого гана муктаж экенин, башка муктаждыгы жок экенин билдирди.

Белгилей кетсек, Красноречка атайын жалпы билим берүүчү (көмөкчү) жатак-мектеби Ысык-Ата районундагы Красноречка айылында жайгашкан, жатак-мектеп 1953-жылы түптөлгөн.

Мектеп Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигинин карамагында. Анда 7 жаштан 17 жашка чейинки курактагы 160 окуучу билим алат. Булар – негизинен ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү балдар.

Билим берүү жана илим министрлиги аталган мектептин курулушун 2025-жылы курула турган социалдык объекттердин тизмесине сунуштаган.

Бөлүшүү

Комментарийлер