ДОГДУРКҮЛ КЕНДИРБАЕВА КОЧКОР РАЙОНУНДАГЫ МЕКТЕПТЕРДИН БИРИНЕ КҮТҮҮСҮЗ БАРДЫ
- 02.10.2023
- 0
Бүгүн, — 2-октябрда Билим берүү жана илим министринин милдетин аткаруучу Догдуркүл Кендирбаева Нарын облусунун Кочкор районундагы Семиз-Бел айылындагы А.Бостонов атындагы орто мектепке күтүүсүз барып, анын иши менен таанышты.
Алгач министрдин милдетин аткаруучу 11 жана 6-класстардын тарых, англис тили сабагына кирди, андан соң орус тили сабагына катышып, балдардын билим денгээли менен таанышты.
Ошондой эле Догдуркүл Кендирбаева мугалимдер жамааты менен жолугушуп, аймактардагы билим берүүнүн сапатын жакшыртуу, алдыңкы методикалык ыкмаларды өздөштүрүү тууралуу пикир алышуу болду.
“Мугалим балдарды билим алууга шыктандыруусу керек, сабак өтүүдө жаңы ыкма, технологияларды колдонуубуз зарыл. Мугалим комиссия үчүн жасалма сабак өтпөстөн, ар бир сабакка чыгармачыл мамиле жасоону адатка айлантуусу тийиш”, — деди ал.
Комментарийлер