Догдуркүл Кендирбаева: “Эл үмүтү” стипендиясын алгандар Кыргызстанда иштеши керек”

  • 06.02.2025
  • 0

“Эл үмүтү” президенттик эл аралык стипендиясын алып, чет өлкөлөрдөгү университеттерде билим алган студенттер кайрадан Кыргызстанга келип иштөөдөн баш тартууда. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин 6-февралдагы жыйынында билим берүү жана илим министри Догдуркүл Кендирбаева билдирди.

Догдуркүл Кендирбаева: “Эл үмүтү” стипендиясын алгандар Кыргызстанда иштеши керек”

Министрдин айтымында, мындан ары “Эл үмүтү” эл аралык стипендиянын ээлери чет жердеги окуусун аяктагандан кийин милдеттүү түрдө Кыргызстанга келип иштейт. Ошондой эле Догдуркүл Кендирбаева акыркы үч жылда 36 бүтүрүүчүгө 177 млн 747 миң сом жумшалганын айтып өттү.

  • Быйылкы жылдан тартып, “Эл үмүтү” стипендиясын алган бүтүрүүчүлөрдүн мамлекетке келип, иштөөсүн талап кыла баштайбыз. Болбосо каражатты мамлекетке кайра төлөп берүүгө тийиш болот”, Буга чейин аларга эркиндик берилген экен. – деди министр.

“Эл үмүтү” аттуу эл аралык стипендиялардын жаңы программасын ачуу тууралуу жарлыкка президент Садыр Жапаров 2022-жылы 10-майда кол койгон.

Айгерим Токтобаева, «Кут Билим»

Комментарийлер