Догдуркүл Кендирбаева: “Бүгүнкү иштин жыйынтыгын 10-15 жылдан кийин көрөбүз”

  • 26.02.2025
  • 0

Бүгүнкү иштин жыйынтыгын 10-15 жылдан кийин көрөбүз. Бул тууралуу билим берүү жана илим министри Догдуркүл Кендирбаева улуттук билим берүү системасын жаңыртууга багытталган «Алтын Казык» программасын талдоо жыйынында билдирди. 

 

Догдуркүл Кендирбаева: “Бүгүнкү иштин жыйынтыгын 10-15 жылдан кийин көрөбүз”

“Биздин алдыбызда чоң сыноо турат. Билим берүү тармагын өзгөртүүгө чечкиндүү кадамдар башталды. Ар бир балага жеткиликтүү, сапаттуу билим, татыктуу жашоо мүмкүнчүлүгүн беришибиз керек. Ал үчүн аң-сезимди өзгөртүү зарыл. Учурда биз өтө оор сынга кабыл болуп жатабыз. Бул нормалдуу процесс, анткени кайсы гана жаңы иш башталбасын үч топко кабылабыз. Сөзсүз түрдө каршылаштар болот, өзгөрүүнү каалабагандар. Тилектештер болот, умтулууга дем берген, анан кайдигер байкоочулар. Биз ар бири менен күрөшүшүбүз керек. Туура, кемчиликтерибиз бар, аны мойнубузга алабыз. Азыр жасалып жаткан улуттук билим берүүнүн жаңы моделине өтүү ишинин натыйжасына эртең-бүрсүгүнү жете албайбыз, 10-15 жылдан кийин гана жыйынтыгын көрөбүз. Балага өз көз карашын таңуулоо заманы бүттү, атаандаштыкка жөндөмдүү, жөнөкөй көндүмдөргө ээ балдарды даярдашыбыз керек. Учурда жасалып жаткан бардык иш-аракет бүгүнкү балдардын келечеги үчүн.

Кыргыз элинин күчү анын биримдигинде болгон, жаңы стандарттар жазылып, китептер түп-тамырынан бери өзгөрүүдө. Уңгу жолдун өзөгүндө нукура кыргыз тарбия бар, бизге ошол мурас Алтын Казык болуп, бала менен билимдин тегерегинде айланышыбыз керек”, – деди министр.

Ал бардык тараптардын пикири эске алынып, ишке аша турган натыйжалуу, конструктивдүү сунуштарды күтөбүз деп кошумчалады. Ошондой эле билим берүү тармагынын өнүгүүсүнө биргелешкен жоопкерчиликти колдоого чакырып, алдыда жасала турган иштерге жигердүү катышуусун суранды.

Бөлүшүү

Комментарийлер