Өзгөчө макамдагы ЖОЖдор мектептер менен кызматташат

  • 01.12.2023
  • 0

Өзгөчө макамдагы беш жогорку окуу жайы менен мектептер ортосунда үч тараптуу бирдиктүү ишмердүүлүк жүрөт.  Бул тууралуу билим берүү жана илим министри Догдургүл Кендирбаева ЖКга берген отчётунда билдирди.

Министрдин айтымында, атайын буйруктун негизинде 2023-жылдын ноябрь айында өзгөчө макамдагы алдыңкы ЖОЖдордун алдына ар бир облустан жетиден базалык мектептер практикалык аянтча катары байланып берилди. Эми алардын ортосунда үч багыттагы бирдиктүү ишмердүүлүк жүрөт.

Биринчиден, ЖОЖдордун академиялык окутуучулар курамы мектептерге барып, устаттык жана сабак берүүнү өздөштүрсө, мектептин мугалимдери ЖОЖдун базасында практикалык көндүмдөрүн калыптандырат.

Экинчиден, кесиптик багыт берүү боюнча алдыңкы беш университеттин базасында студенттер окуучулар менен иштейт, окуучулар ЖОЖдун базасында өздөрүнүн кесиптик багытын калыптандырат.

Үчүнчүдөн, 35 мектепти бөлүп алынган беш окуу жайы алдыңкы санариптик технологиялар боюнча санариптик коштоо процессин уюштурат жана окуу-методикалык тиркемелерди түзүүгө жардам берет.

 

 

Бөлүшүү

Комментарийлер