ЧҮЙДӨ ЖАНА ТАЛАСТА ДИРЕКТОРЛОР СЫНАГЫ ӨТТҮ

  • 28.09.2022
  • 0
Директорлорду тандоонун экинчи айлампасынан Талас областынан 45 талапкер, Чүй областынан 71 талапкер ийгиликтүү өттү. Бул жөнүндө Билим берүү жана илим министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.
Чүй жана Талас облустарынын мамлекеттик жана муниципалдык жалпы билим берүү уюмдарынын жетекчилеринин бош кызмат орундарын ээлөөгө компьютердик тестирлөөнүн II айлампасы 27-сентябрда өттү.
Талас облусу боюнча конкурска катышуу үчүн 109 талапкер документ жиберип, анын 96 тестирлөөгө катышуу укугун алган.
Талас мамлекеттик университетинде өткөн тестирлөөгө жалпы 93 талапкер катышты. Жыйынтыгында 45 талапкер босого балл же андан жогору упай топтоду. Бул катышуучулардын 43,2% түзөт.
Ал эми Чүй облусу боюнча 180 талапкер документ жиберип,  154 тестке катышуу укугун алган.
И. Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинде өткөн компьютердик тестирлөөгө жалпы 146 адам катышты.
Тестирлөөнүн жыйынтыгы менен 71 талапкер 60 пайыздык чектен жогору упай алды. Бул катышуучулардын 48,6%  түзөт.
Талас облусу боюнча 46, Чүй облусу боюнча 86 ваканттык орун бар болчу.
Республикада мектеп директорлугуна талапкерлердин сынагынын биринчи айлампасында 486 талапкер босого баллдан жогору алган. Анын ичинен 363 талапкер конкурстун жеңүүчүсү  деп табылып, мектепке директор болуп калды.

Мектепке директорлорду конкурстук тандоо президенттин жарлыгынын негизинде жетекчилердин кесиптик деңгээлин көтөрүү жана билим берүү мекемелерин башкаруунун эффективдүүлүгүн жогорулатуу максатында өлкөдө биринчи жолу өткөрүлүүдө. (НМ)

Бөлүшүү

Комментарийлер