“ДИНДЕРДИН ӨНҮГҮҮ ТАРЫХЫ” ОКУУ КИТЕБИ КЫРГЫЗ ТИЛИНДЕ БАСЫЛЫП РЕГИОНДОРГО ЖЕТКИРИЛҮҮДӨ

  • 13.10.2022
  • 0

Жалпы билим берүү уюмдарынын 9-класстары үчүн “Диндердин өнүгүү тарыхы” окуу китеби 72 миң 500 нускада кыргыз тилинде басылып чыгып, бардык региондорго жеткирилүүдө.

“ДИНДЕРДИН ӨНҮГҮҮ ТАРЫХЫ” ОКУУ КИТЕБИ КЫРГЫЗ ТИЛИНДЕ БАСЫЛЫП РЕГИОНДОРГО ЖЕТКИРИЛҮҮДӨ

Андан тышкары мугалимдер үчүн усулдук колдонмо 2400 нускада басылып чыгып, райондук, шаардык билим берүү бөлүмдөрүнө берилди.

Орус, өзбек, тажик тилдериндеги варианттары боюнча басма иштери аяктап, көбөйтүп басып чыгаруу баскычында турат.

Ал эми Баткен облусундагы Баткен жана Лейлек райондоруна китептерди ушул жуманын ичинде толук жеткирип берүү пландаштырылууда.

Бөлүшүү

Комментарийлер