ДИН АГЕНТТИГИ ОШТУДА
- 14.04.2023
- 0
Жаштарды ар кайсы диний агымдардын терс көрүнүштөрүнө катышпоого чакыруу максатында дин иштери боюнча мамлекеттик агенттиктин өкүлдөрү ОШТУнун студенттери менен жолугушуу өткөрүштү.
Жолугушууда студенттерге диний-экстремисстик уюмдардын коомго тийгизген терс таасири, келечекти жок кылуу аракеттери, өзгөчө жаштардын аң-сезимин булгаган терс кыймыл-аракеттери тууралуу маалыматтар берилди. Жаштарга дин сабаттуулук боюнча лекциялар окулду. Студенттер динге байланыштуу суроолорун берип, жооп алышты.
Айгерим Токтобаева, «КУТ БИЛИМ»
Бөлүшүү
Комментарийлер