ДЕПУТАТТАРДЫН «БААТЫР ЭНЕЛЕРДИН» БАЛДАРЫНА БИЛИМ БЕРҮҮДӨ ЖЕҢИЛДИК БЕРҮҮ ДЕМИЛГЕСИ КОМИТЕТТЕН ӨТТҮ

  • 13.04.2026
  • 0

13-апрелде Жогорку Кеңештин Илим, билим берүү, инновациялык өнүгүү жана маалыматтык технологиялар, маданият, спорт жана жаштар иштери боюнча комитетинин жыйынында «Кыргыз Республикасынын “Баатыр эне” ордени менен сыйланган энелердин балдарына мамлекеттик билим берүүдөгү жеңилдиктерди берүү жөнүндө» токтом долбоору каралып, жактырылды.

ДЕПУТАТТАРДЫН «БААТЫР ЭНЕЛЕРДИН» БАЛДАРЫНА БИЛИМ БЕРҮҮДӨ ЖЕҢИЛДИК БЕРҮҮ ДЕМИЛГЕСИ КОМИТЕТТЕН ӨТТҮ

Аталган демилгенин авторлору катары депутаттар Медер Чотонов, Исманали Жороев, Бахридин Шабазов, Нуржамал Торобекова, Жылдыз Эгенбердиева, Гүлнара Баатырова, Эдита Тайгараева, Болот Сагынаев, Гүлсүнкан Жунушалиева жана Бактыяр Калпаев чыгышкан.

Комитет төрагасы Ырысбек Атажанов жыйынга тиешелүү мамлекеттик органдардын өкүлдөрү онлайн форматта катышып жатканын маалымдады.

Негизги баяндамачы, демилгечилердин бири Медер Чотонов токтом долбоорунун негизги максаты “Баатыр эне” ордени менен сыйланган энелердин өзгөчө эмгегин таануу, социалдык адилеттүүлүктү камсыз кылуу жана алардын балдарынын билим алууга жеткиликтүүлүгүн кеңейтүү экенин белгиледи. Ошондой эле бул демилге жаштардын билим деңгээлин жогорулатууга, үй-бүлө институтун бекемдөөгө жана өлкөдөгү демографиялык өсүштү колдоого багытталганын айтты.

Талкуу учурунда депутаттар Салтанат Аманова жана Гүлай Машрапова жеңилдик берүү механизмдерине байланыштуу бир катар суроолорду такташты. Ал эми Токтобүбү Ашымбаева жогорку окуу жайларында буга чейин каралган 10 миң гранттык орундан тышкары кошумча 500 орун бөлүү маселесин көтөрдү.

Өз кезегинде депутат Болот Сагынаев “Баатыр эне” ордени менен сыйланган энелер үчүн пенсия курагына жеткенге чейинки мезгилде социалдык кепилдиктерди камсыз кылуу да өзгөчө маанилүү экенин белгиледи.

Жыйынтыгында комитет токтом долбоорун жактырып, демилге мындан аркы кароого жөнөтүлдү.

Нурлан КЫДЫКОВ, “Кут Билим”

Бөлүшүү

Комментарийлер