ДЕПУТАТ ОШТУДА
- 01.06.2023
- 0
Кыргыз Республикасынын Аялдар кеңешинин бирикмеси, БУУнун Бүткүл дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюму, Ош технологиялык университетинин аялдар кеңешинин уюштуруусу менен ОшТУда 31-май – тамеки тартууга каршы күрөшүүнүн бүткүл дүйнөлүк күнүнө карата атайын иш-чара өткөрүлдү.
Бул иш-чарага Кыргыз Республикасынын Аялдар кеңешинин төрайымы, Жогорку Кеңештин депутаты Айнуру Алтыбаева, БУУнун бүткүл дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюмунун өкүлдөрү, Ош облустук жана Ош шаардык аялдар кеңешинин төрайымдары, ОшТУнун аялдар жамааты катышты. А.Алтыбаева баштаган топту ректор Ж.Турсунбаев кабыл алып, өлкөбүздүн келечеги үчүн университет менен биргеликте аткарылып жаткан иштерине ыраазычылык билдирди.
Тегерек столдун жүрүшүндө катышуучулар тарабынан бүгүнкү күндөгү дени сак улутту тарбиялоо, азыркы муундун келечекке карай татыктуу тарбиялоо, тамак-аш азыктары жана экологиялык маселелердин алдын алып, аларды чечүүнүн жолдору тууралуу сөз болду.
Коомдо, адамдар арасында, айрыкча, жаштар арасында дени сак, сергек жашоону жайылтуу, улутубуздун келечегине кам көрүү — бүгүнкү күндө ар бирибиздин милдетибиз. Акыркы учурлардагы бүткүл адамзаты биргелешип чече турган дүйнөлүк экологиялык маселелердин пайда болушу биздин мамлекетибизде да баардыгыбыздан туура жашоону талап кылып жаткан кез. Ошондуктан, айрыкча, билим жана тарбия багытындагы адистер үчүн өзгөчө кылдаттыкты талап кылат.
А.ЭРГЕШОВА,
ОшТУнун маалымат катчысы.
Комментарийлер