ДЕМИЛГЕЛҮҮ ЖАШ МУГАЛИМДЕН ПАЙДАЛУУ СЕМИНАРЛАР
- 05.03.2020
- 0
Түркиядан STEM-билим берүү боюнча атайын билимин жогорулатып келген, Ош шаарындагы №52 “Кыргыз-Түрк достугу” мектеп-лицейинин информатика мугалими Бектурган Мизамидин уулу Ош шаарынын мугалимдерине семинарларды өтүп жатат.

Анда мугалимдерге STEMдин билим берүүгө тийгизген пайдасы жана келечеги тууралуу кеңири маалымат берилип, ачык сабактар өткөрүлүүдө. Бектургандын айтымында, STEM көйгөйлөрдү чечүүгө, жашоону жакшыртууга жардам берет.
- Андыктан ага бүт дүйнө кызыгып турган учуру. Билим берүү жана илим министрлиги дагы колдоого алса жакшы болмок, — дейт лектор.

Бул демилгелүү жаш мугалим Ош шаарындагы «Мээрим» балдар билим борборунда «Kahoot жана plickers программасын сабакта колдонуу» деген темада да мугалимдер үчүн кызыктуу семинар өтүп берди.
Мугалимдер үчүн бул программалар чоң жардамчы жана санариптештирүү жылында бул программалар абдан пайдалуу. Окуучуларга дагы кызыктуу.
Комментарийлер