ДАСТАН АГАЙ — ЖЕҢҮҮЧҮ!

  • 29.09.2023
  • 0

Кара-Көл шаарындагы Балдар чыгармачылык үйүнүн “Робототехника” ийриминин жетекчиси Калпакбаев Дастан Жалал-Абад облустук “Мектептен тышкаркы кошумча билим берүүнүн мыкты мугалими — 2023” сынагында баш байгени жеңип алды.

ДАСТАН АГАЙ — ЖЕҢҮҮЧҮ!

Сынакка жалпы облус боюнча  14 конкурсант катышты. Облустук турда конкурсанттар үчүн өзүн-өзүн тааныштыруу, электрондук усулдук кейстердин варианттарын даярдоо, көргөзмөлүү ачык сабактын фрагментин көрсөтүү сыяктуу тапшырмалар берилди.
Дастан агай ачык сабакты өтүүдө, электрондук кейстерди түзүүдө, өзүн-өзүн тааныштырууда эң жогорку балл менен алдыга озуп чыкты. Ал Scratch программасында блоктоп көрсөтүп берди. Сабак жарым саатка созулуп, анда мугалим фрагмент көрсөтүп,  сабактын акырында лего-элементтер аркылуу бургулоочу машина менен оор жүк көтөрүүчү машиналарды курап, программа киргизип, өз функцияларын аткарууга жетишти. Ошентип, ачык сабакта  өзүнүн билимин так жана чыгармачылык менен практика жүзүндө көрсөтө алды.
Таймашта жылдызы жанган жаш педагог  Шопоков атындагы №4 мектепте жана Балдар чыгармачылык үйүндө иштейт. Мындан тышкары ал  — “Келечек үчүн билим” долбоорунда тренер, мугалимдердин МКТ боюнча билимин өркүндөтүү максатында мектептерде тренинг өтүүдө.

ДАСТАН АГАЙ — ЖЕҢҮҮЧҮ!

Тилек ОРОЗОВА, Кара-Көл ШБББнүн методисти

Бөлүшүү

Комментарийлер