ДҮЙНӨЛҮК ТАЛАПКА ШАЙКЕШ ОКУУ КИТЕБИ

  • 14.03.2025
  • 0

Окуу китептери боюнча “Кут Билим” гезитинин суроолоруна Билим берүү жана илим министрлигине караштуу “Окуу китеби” басма үйү” мамлекеттик мекемесинин директору Ильяс Сарыбаев жооп берди.

ДҮЙНӨЛҮК ТАЛАПКА ШАЙКЕШ ОКУУ КИТЕБИ

«Окуу китеби» басма үйү» мекемеси эмне максат менен түзүлгөн?

– 2024-жылдын февраль айында Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети “Жаңы китеп” мекемесин жана Республикалык илимий-практикалык “Окуу китеби” борборун бириктирип, «Окуу китеби» басма үйү» мамлекеттик мекемесин түзүү тууралуу чечимин кабыл алган. Бул мекеменин негизги максаты – улуттук окуу китептеринин сапатын жакшыртуу жана билим берүү мекемелерин зарыл окуу материалдары менен камсыздоо болуп саналат. Учурда окуу китептерин экспертизадан өткөрүп, басууга даярдоо иштерин активдүү жүргүзүп жатабыз.

Ошондой эле Маршалл Кавендиш басмасынын (Сингапур) окуу-методикалык комплекстеринин мүлк укугун мөөнөтсүз пайдалануу мүмкүнчүлүгүн алган. Бул билим берүү системасынын туруктуу өнүгүүсүнө шарт түзүп, окуучулар үчүн сапаттуу окуу китептерине жеткиликтүүлүктү камсыз кылмакчы.

Мектептерди заманбап окуу китептери менен камсыз кылуу максатында 744 млн сомго 2,5 миллион нускада басып чыгаруу зарыл болгондуктан, чыгармачылык менен иштеп, аракет кылып жатабыз.

– Англис тили кайсы класстан баштап окутулат? Кайсыл авторлордун китептери колдонулат?

– Билим берүү уюмдарын жаңы муундагы сапаттуу окуу китептери менен камсыз кылуу учурдун талабы болууда. Бул максатта мезгил талабынан артта калбай дүйнөлүк таанылган Кембридж стандарттарын үйрөнүп, алардын окуу-методикалык комплекстери менен мектептерди камсыз кылуу багытында иштеп жатабыз. Жаңы окуу жылына карата англис тили боюнча адаптацияланган «Take Off with English» окуу китептери басууга даярдалып жатат. Окуу китеби билим берүү чечимдерин камсыздоочу Marshall Cavendish Education тарабынан иштелип чыккан.

ДҮЙНӨЛҮК ТАЛАПКА ШАЙКЕШ ОКУУ КИТЕБИДҮЙНӨЛҮК ТАЛАПКА ШАЙКЕШ ОКУУ КИТЕБИ Англис тили окуу китеби Кыргызстанда 3-класстан тартып окутула баштайт. 2025-2026-окуу жылында авторлор Фрэнсис Трелоар жана Стив Томпсон тарабынан Кембридж билим берүү стандарттары боюнча жазылган Англис тили предмети боюнча жаңы муундагы окуу-методикалык комплекстердин (окуу китеби, иш дептери жана методикалык колдонмо) 3-9-класстар үчүн адаптацияланган версиялары басылып чыгат. Учурда 3-6-класстардын англис тили окуу китебин калыпка салып, басып чыгарууга даярдап жатабыз.

– Табигый илимдер боюнча жаңы окуу китеби окуучулардын колуна качан тиет?

– Азыркы учурда илим (табигый илимдер) предмети боюнча 1-9-класстар үчүн жаңы муундагы улуттук окуу-методикалык комплекстерди англис тилинен кыргыз, орус тилдерине которуу, адаптациялоо, тиешелүү экспертизаларга жиберүү иштери жүрүп жатат. Илим предмети боюнча 1-, 2-, 5-, 8-класстар үчүн жаңы окуу китептери 2025-2026-окуу жылында окуучулардын колуна тиет.

– Жаңы программа боюнча даярдалып жаткан окуу китептеринин айырмачылыгы жана артыкчылыгы эмнеде?

– Азыр даярдалып жаткан окуу китептеринде окуучуларга жөнөкөй практикалык көнүгүү, тапшырмалары менен теманы жеткиликтүү түшүндүрүүгө басым жасалганы менен айырмаланып турат. Анда лабораториялык иштер жана практикалык изилдөөлөр турмушта биз күнүгө колдонуп жүргөн материал-объекттердин, көрүнүштөрдүн мисалында жүрөт. Окуучуларды эмне иш кылса да алдын ала божомол жасап, ал иштин жыйынтыгы кандай болушу мүмкүндүгүнө талдоо жасоо, маалыматка же кырдаалга сын көз карашта болуп текшере билүү, ар кандай жагдайларда көнүмүш эмес жаңы чечимдерди таба билүү көндүмдөрүнө үйрөтөт. Сабактагы тапшырмалар, көнүгүүлөрдө балдарды турмушка даярдоо, темаларды түшүндүрүүдө эки-экиден жана топтордо иштөө аркылуу командалык иштөө ыкмаларына үйрөтүүгө басым
коюлат.

– Табигый илимдер багыты боюнча окуу-методикалык комплекстерди кыргыз жана орус тилине которуп, мектеп окуучуларын жаңы муундагы окуу китептери менен камсыз кылуу боюнча иш-аракеттери кандай деңгээлде жүрүүдө?

– Табигый илимдер багытындагы окуу китептери кыргыз жана орус тилдерине которулуп, улуттук билим берүү стандарттарына ылайык адаптацияланууда. Китептердин мазмуну жана структурасы өлкөбүздүн улуттук билим берүү жаңы моделинин талаптарына туура келиши керек. Которулуп бүткөн китептер билим берүү адистери жана педагогикалык эксперттер тарабынан текшерилип, редакцияланып жатат.

Жалпы алганда, Кембридж программасы боюнча табигый илимдер багытындагы жаңы окуу китептери толук басылып чыгып, келечекте бардык мектептер үчүн жеткиликтүү болмокчу.

– Окуу китептерин экспертизадан өткөрүп, басууга даярдоо иш-аракеттери кандай жүрөт?

– Окуу китептеринин сапатын жана мазмунун текшерүү үчүн ар кандай түрдөгү экспертизалар жүргүзүлөт:

ДҮЙНӨЛҮК ТАЛАПКА ШАЙКЕШ ОКУУ КИТЕБИ

Илимий экспертиза: Бул экспертиза китептин мазмунунун илимий негиздүүлүгүн жана актуалдуулугун текшерүүгө багытталган. Илимий экспертиза максаттуу окуу предметинин илимий негиздерине, анын тереңдигине жана жаңылыктарга тийиштүү маалыматтарды камтууга багытталган.

Илимий-педагогикалык экспертиза: Бул экспертиза билим берүү системасына ылайыктуу экендигин жана окуу китеби мугалимдердин жана окуучулардын муктаждыктарына туура келерин аныктоого багытталган. Бул экспертиза педагогикалык принциптерге, методологияга жана окуу процесси үчүн пайдалуу аспектилерге көңүл бурат.

Гендердик жана басмырлоого каршы экспертиза: Бул экспертиза китептин мазмуну жана сүрөттөмөлөрүнүн гендердик теңдикти жана коомдук адилеттүүлүктү камсыз кылуусуна көз салат. Экспертиза китептин тексттеринин жана иллюстрациялардын стереотиптерди, кемсинтүү жана дискриминациялык билдирүүлөрдү жайылтуусуна жол бербешин камсыз кылат. Гендердик аспект болсо, китептин мазмуну эркек жана аялдын ролдорун тең көрсөтүүгө, гендердик теңчиликти сактоого, ошондой эле гендердик стереотиптерге жол бербөөгө
багытталат.

Практикалык-педагогикалык экспертиза: Окуу китебинин практикалык колдонууга ылайыктуу экендигин жана мугалимдер менен окуучулар үчүн түшүнүктүү, пайдалуу жана натыйжалуу болуусун текшерүүгө багытталган экспертиза. Бул экспертиза китептин педагогикалык максаттарына, материалдын жеткиликтүүлүгүнө жана сабактарды өткөрүүдө колдонууга ылайыктуулугуна карай бааланат.

Биздин мекеме окуу китептеринин сапатын жогорулатуу жана билим берүү чөйрөсүндөгү ар кандай талаптарды канааттандыруу үчүн ар бир окуу китеби боюнча жогорудагы экспертизаларды өткөрүп, аларды басууга даярдайт. Бул иштердин бардыгы китептин сапатын камсыздап, жаңы муундагы окуу китептеринин эл аралык стандарттарга ылайык болушун камсыз кылууга шарт түзөт.

жана окуу процесси үчүн пайдалуу аспектилерге көңүл бурат.

Негизги фактылар

✓ 2017-жылы 39 млн, 2023-жылы 178 млн, 2024-жылы 194 млн сомго окуу китептери басылып чыккан. Анын ичинде Брайль ариби менен окуу китептери да бар.

✓2025-2026-окуу жылына заманбап окуу китептерди чыгаруу үчүн мамлекет 744 млн сом бөлгөн.

✓Англис тили  боюнча (окуу китеби, иш дептери, аудиоматериалдар жана методикалык колдонмо менен) 3-9-класстар үчүн 2,3 млн  нускада 350 млн сомдон ашуун каражатка басылып чыгат.

✓Математика китеби 1, 2,5, 8-класстар үчүн 1 млн 400 миң нускада 200 млн сомго басылат.

✓“Табият таануу” окуу китеби  1, 2, 5, 8-класстар үчүн кыргыз жана орус тилдеринде (окуу китеби, иш дептери, видео материалдар жана методикалык колдонмосу менен)  1,4 млн нускада 200 млн сомго жакын каражатка басууга даярдалууда.

✓2026-2027- окуу жылында  математика, табият таануу, химия, биология, физика жана астрономия китептери чыгат.

✓2027-2028-окуу жылы 10-12-класстар үчүн математика, химия, биология, физика жана астрономия китептери басылат.

✓ Мектеп окуучуларына жаңы муундагы окуу китептери жана жумушчу дептерлер берилет.

✓Окуу китептери окуучуларга жөнөкөй практикалык көнүгүүлөр, тапшырмалары менен теманы жеткиликтүү түшүндүрүүгө басым жасалганы, балдарды турмушка даярдоо, командалык иштөө ыкмалары менен айырмаланып турат.

Кабыл Макешов, “Кут Билим”

 

Бөлүшүү

Комментарийлер