ДҮЙНӨ ЧЕМПИОНАТЫНДА КЫРГЫЗСТАН ҮЧҮНЧҮ ОРУНДУ ЭЭЛЕДИ

  • 27.08.2024
  • 0
ДҮЙНӨ ЧЕМПИОНАТЫНДА КЫРГЫЗСТАН ҮЧҮНЧҮ ОРУНДУ ЭЭЛЕДИ

26-августта Иорданиянын борбору Амман шаарында 17 жаштагы уландар (кадеттер) арасында грек-рим жана эркин күрөш боюнча дүйнө чемпионаты жыйынтыкталды.

ДҮЙНӨ ЧЕМПИОНАТЫНДА КЫРГЫЗСТАН ҮЧҮНЧҮ ОРУНДУ ЭЭЛЕДИ

Ошентип Иорданияда өткөн дүйнө чемпионатында эркин күрөш боюнча Кыргызстан командалык эсепте 3 орунду ээлеп, өлкөнү дүйнөгө таанытты. Биздин уландар курама команданын улук машыктыруучусу Азат Мирахимовдун жетекчилиги астында үч алтын медаль утуп, тарыхта кадеттер арасындагы дүйнө чемпионатында биринчи жолу алдыңкы үч команданын катарына кирди.

1-орунду 152 упай алган АКШ ээлесе, 2-орунду 132 упайы менен Иран өлкөсүнүн командасы камсыз кылды. Кыргызстан 104 упай топтоо менен үчүнчү орунду ээледи.

ДҮЙНӨНҮ БАГЫНДЫРГАН ҮЧ УЛАН

ДҮЙНӨ ЧЕМПИОНАТЫНДА КЫРГЫЗСТАН ҮЧҮНЧҮ ОРУНДУ ЭЭЛЕДИ

Аммандагы дүйнө чемпионатында эркин күрөштөн кыргызстандык үч улан бардык атаандаштарын жеңип, алтын медаль тагынып, 2024-жылдын дүйнө чемпиондору аталды. Жаш балбандардын мындай ийгиликтери спорт күйөрмандарын сүйүнүчкө бөлөдү. Себеби, эгемен өлкө болгону соңку 27 жылдан бери уландар арасында эркин күрөштөн алтын байге балбандар боло элек болчу.

ДҮЙНӨ ЧЕМПИОНАТЫНДА КЫРГЫЗСТАН ҮЧҮНЧҮ ОРУНДУ ЭЭЛЕДИ

55kg FS — Kursantbek Shavkatbekovich Isakov (KGZ) df. Joseph Ivan Bachmann (PUR)

55 килограммга чейинки салмак ченинде күч сынашкан кыргыз уланы Курсанбек Исаков алгачкы беттеште жапониялык Юкия Кидатени 3:1 эсебинде жеңип, чейрек финалда казакстандык Ералы Аскербекти 7:1 эсебинде утуп, жарым финалда америкалык Жозеф Диллардды 10:2 эсебинде утуп, финалга чыкты. Ал эми 1-орун, алтын медаль үчүн болгон чечүүчү кармашта пуэрторикалык Йозеф Иван Бахманды 3:2 эсебинде жеңип, баш байгенин ээси болду.

ДҮЙНӨ ЧЕМПИОНАТЫНДА КЫРГЫЗСТАН ҮЧҮНЧҮ ОРУНДУ ЭЭЛЕДИ

Муну менен Курсантбек Исаков уландар (кадеттер) арасында дүйнө чемпиону наамын жеңген кыргызстандык төртүнчү эркин күрөш балбаны болду. Ага чейин 1995-жылы Эрнис Базаркулов, 1996-жылы Таабалды уулу Сүймөнкул жана 1997-жылы Дмитрий Михайлов дүйнө чемпион болгон. Ошентип, 27 жылдан берки  жаш балбандарыбыз алтын байгеси жаңыланды.

ДҮЙНӨ ЧЕМПИОНАТЫНДА КЫРГЫЗСТАН ҮЧҮНЧҮ ОРУНДУ ЭЭЛЕДИ

65kg FS — Rustamzhan Kakharov (KGZ)

Курсанбектин жеңишине удаа эле  65 килограммга чейинки салмак ченинде күч сынашкан кыргызстандык Рустамжан  Кахаров да бардык атаандаштарын жеңип, бул дүйнө чемпионатындагы экинчи алтын медалдын ээси болуп, жеңиштин бийик сересине көтөрүлдү. Рустамжан  алгачкы беттеште ирандык Ясин Тайебини 14:5 эсебинде жеңип, 1/8 финалда австралиялык Мобин Зарейди 10:0 эсебинде артыкчылык менен утуп алды.

ДҮЙНӨ ЧЕМПИОНАТЫНДА КЫРГЫЗСТАН ҮЧҮНЧҮ ОРУНДУ ЭЭЛЕДИ

Чейрек финалда грузиялык Рати Ревазашвилинин далысын килемге таза тийгизип, мөөнөтүнөн мурда 6:2 эсебинде утуп, жарым финалдык күрөштө казакстандык Бакдаулет Акимжанды 12:5 эсебинде жеңип, баш байгеге талапкер болду. Биринчи орун үчүн чечүүчү финалдык күрөштө Рустамжан  нейтралдуу спортчу катары таймашка чыккан орусиялык Рамазан Абдулкадыров менен беттешип, аны акыркы секунддарда  7:6 эсебинде жеңип, алтын медаль тагынды.

ДҮЙНӨ ЧЕМПИОНАТЫНДА КЫРГЫЗСТАН ҮЧҮНЧҮ ОРУНДУ ЭЭЛЕДИ

Ошентип Рустамжан Кахаров уландар (кадеттер) арасында дүйнө чемпиону наамын алган кыргызстандык бешинчи эркин күрөш балбаны болуп кубанып турдук.

Анан дагы  60 килограммга чейинки салмак ченинде күч сынашып, дүйнө чемпиону аталып, алтын медаль тагынган кыргызстандык жаш балбан, уландар арасында Азия чемпиону Өмүрбек Асан уулу спорт адистеринин көңүлүн өзгөчө бурду.

ДҮЙНӨ ЧЕМПИОНАТЫНДА КЫРГЫЗСТАН ҮЧҮНЧҮ ОРУНДУ ЭЭЛЕДИ

60kg FS — Omurbek Asan Uulu (KGZ)

Себеби, ал жарым финалдык беттеште дагы 12:6 эсебинде америкалык Джордан Рейнинин далысын килемге таза тийгизип, мөөнөтүнөн мурда жеңип алган учурда америкалык балбан жаракат алып, килемден туралбай калган эле.

ДҮЙНӨ ЧЕМПИОНАТЫНДА КЫРГЫЗСТАН ҮЧҮНЧҮ ОРУНДУ ЭЭЛЕДИ

60kg FS — Omurbek Asan Uulu (KGZ) df. Jordyn Paul Raney (USA)

Боорукердиги, адамкерчилиги менен айырмаланган Өмүрбек атаандашын килемден жаш баланы көтөргөндөй так көтөрүп, залдан алып кеткенде баары ыраазы болушту.  Өмүрбек алгачкы беттеште жапониялык Ицуки Йонаширону 6:4 эсебинде жеңип, чейрек финалда украиналык Иван Залискону 11:0 эсебинде утуп алган.  Ал финалда чемпиондук наам үчүн болгон чечүүчү таймашта азербайжандык Хусейн Исмаиловду 5:1 эсебинде жеңип, алтын медалдын ээси болду.

ДҮЙНӨ ЧЕМПИОНАТЫНДА КЫРГЫЗСТАН ҮЧҮНЧҮ ОРУНДУ ЭЭЛЕДИ

Ошентип, Өмүрбек Асан уулу уландар (кадеттер) арасында дүйнө чемпиону наамын алган кыргызстандык эркин күрөш боюнча алтынчы балбан аталды. Амман шаарында Кыргызстанды эл аралык аренада таанытып, уландар арасында дүйнө чемпиондору болушкан Курсантбек Исаков, Рустамжан Кахаров жана Өмүрбек Асан уулун, аларды тарбиялаган ата-энелерин, мектепте таалим-тарбия берген мугалимдерин, кадеттер командасынын улук машыктыруучусу Азат Мирахимовду, “Тайманбас” спорт күрөш мектебинин директору Асеин Төрөгелдиевди, Кыргызстандын спорттук Күрөш федерациясынын президенти, ардагерлер арасында дүйнө чемпиону, генерал Мелис Турганбаев жетектеген жамаатты, ошондой эле жалпы кыргызстандыктарды уландар арасындагы быйылкы дүйнө чемпионатында уткан 3 алтын медалы менен куттуктайбыз.

ДҮЙНӨ ЧЕМПИОНАТЫНДА КЫРГЫЗСТАН ҮЧҮНЧҮ ОРУНДУ ЭЭЛЕДИ

Кыргызстандык жаш балбан Марлен Абдраимов Иорданияда өткөн уландар арасындагы күрөш боюнча дүйнө чемпионатында эркин күрөштөн 51 кг салмакта  коло медаль тагынды. Марлен  Түркмөнстан, Беларусь жана Азербайжандын спортчуларын үч жолу катары менен жеңип, жарым финалга чыкты. Жарым финалдык беттеште америкалык атаандашына жеңилип, финалдык коло байге үчүн күрөштө Өзбекстандын өкүлүн 17:6 эсебинде жеңип алды. Кыргызстандык жаш балбандар эркин күрөш боюнча дүйнө чемпионатында 3 алтын, 1 коло байге менен олжолуу келишти.

Бул ирет грек-рим күрөшүнөн Аммандагы дүйнө чемпионатында кыргызстандык уландардан Кутман Калбаев күмүш, Бекжан Бейшембиев коло байге утуп келишти.

ДҮЙНӨ ЧЕМПИОНАТЫНДА КЫРГЫЗСТАН ҮЧҮНЧҮ ОРУНДУ ЭЭЛЕДИ

Грек-рим күрөшү боюнча Кыргызстан командалык эсепте 8-орунга илинди.

Тарых жараткан жаш балбандарыбызга спорттук бийиктиктерди, келечекте олимпиада чемпиондору болушун каалайбыз!!!

Кабыл Макешов,

спорттук баяндамачы, «Кут Билим»

 

 

Бөлүшүү

Комментарийлер