“ДҮЙНӨ БАЛДАРЫ ДОСТОШОТ”   

  • 08.04.2021
  • 0

БУЙРУК

 Жалпы  билим  берүү   жана    мектептен  тышкаркы  кошумча  билим берүү уюмдарынын  окуучуларынын   арасында “Дүйнө балдары достошот” эл аралык балдардын чыгармачылык фестиваль-сынагын  өткөрүү жөнүндө

 Кыргыз Республикасынын “Билим берүү жөнүндө” Мыйзамынын 18-беренесине ылайык, Кыргыз Республикасынын Эгемендүүлүгүнүн 30 жылдыгына, Балдардын жана өспүрүмдөрдүн улуттук “Сейтек” борборунун 85 жылдыгына арналган иш-чаралардын  алкагында, балдарга адеп-ахлактык, эстетикалык, патриоттук  тарбия  берүүдө  улуттук  баалуулуктарды, Манас айтуу, дастанчылыкты балдардын арасында жайылтуу  жана улуттук  фольклордук  аспаптарды  таанытуу, жер-жерлерде бий, ыр, комузда  кол ойнотуу  өнөрлөрү аркылуу,  балдарды мекенчилдикке, атуулдукка тарбиялоо, жаш аткаруучулардын  ортосундагы  байланышты  бекемдөө  жана жаш  таланттарды  колдоо максатында,   буйрук кылам:

  1. “Дүйнө балдары достошот” эл аралык балдардын  чыгармачылык фестиваль-сынагы  Ысык-Көл облусунун, Чолпон-Ата шаарында 2021-жылдын 27-июнунан – 3-июлуна  чейин өткөрүлсүн.
  2. Фестиваль-сынактын жобосу, уюштуруу тобу, катышуучулардын саны  1-, 2-, 3-тиркемелерге  ылайык  бекитилсин.
  3. Фестиваль-сынакты уюштуруу жана өткөрүү Балдардын жана өспүрүмдөрдүн улуттук “Сейтек” борборуна (С.М.Челпакова) жүктөлсүн.
  4. Облустук билим берүү институттарынын, облустук усулдук борборлорунун, Бишкек жана Ош шаарларынын билим берүү башкармалыктарынын, райондук,  шаардык билим берүү бөлүмдөрүнүн башчылары  фестиваль-сынакка балдардын катышуусун  камсыз кылуу үчүн аталган  буйрукту жеткиришсин.
  5. Фестиваль-сынакты өткөрүү  Балдардын жана өспүрүмдөрдүн улуттук “Сейтек” борборунун  2021-жылга  республикалык  сметасында  каралган каражатынын  эсебинен  жүргүзүлсүн.
  6. Окуучулардын жолдо  жүрүү  учурунда  өмүрү  жана саламаттыгынын коопсуздугун  жөнөткөн  уюмдардын   жооптуу   кызматкерлерине     тапшырылсын.
  7. Бул буйруктун аткарылышын көзөмөлдөө мектеп жана мектептен тышкаркы билим берүү башкармалыгынын башчысына (М.Ж.Үсеналиев) жүктөлсүн.

 Министрдин орун басары         Н.С. Джусупбекова.                             

1-тиркеме       

  Кыргыз Республикасынын Эгемендүүлүгүнүн  30 жылдыгына  жана Балдардын жана өспүрүмдөрдүн улуттук “Сейтек” борборунун  85 жылдыгына  арналган  “Дүйнө балдары достошот” Эл аралык балдардын чыгармачылык    фестиваль-сынагынын

                                             ЖОБОСУ

Кыргыздын улуттук  музыкалык  аспаптары байыркы замандан тарта элдин жашоосун коштоп, кыйын  учурларда да колдонулуп, бүгүнкү күнгө  чейин жетти. Ата-бабаларыбыз комуз, кыл кыяк, темир комуз, чопо чоор, сыбызгы, шылдырак, добулбас, аса таяк ж.б. аспаптар менен көкүрөктө жаткан сезимдерин, толгонууларын билдирген мааниси терең күүлөрдү жараткан. Обон созуп, жүрөктөн чыккан ырларды дал ушул аспаптардын коштоосунда аткарышкан.

Азыркы  илим менен техника саат сайын өсүп жаткан убакта ар бир атуулдун Мекенге болгон сүйүүсү, өз улуту менен сыймыктануу сезими болуусу  шарт. Ушул шартта  Балдардын жана өспүрүмдөрдүн улуттук “Сейтек” борбору  кыргыз элинин баалуулуктары болгон, кылымдан кылымга аздектеп келген каада-салттарын, үрп-адатын, улуттук  фольклордук аспаптардын, улутубуздун улуу мурасы болгон  манас айтуу, дастанчылык өнөрүн  өркүндөтүп, комузда кол ойнотуп, анын  коштоосунда  ырдоо, ыр-бий өнөрлөрүн аздектеп, жаңы калыпка келтирип, жайылтуу иретинде, өлкөбүздүн булуң- бурчундагы жашаган жаш жеткинчектерди, өспүрүмдөрдү бири-бири менен чыгармачылык аркылуу достоштуруп, мекенчилдикке, атуулдукка тарбиялоого басым жасап,  Кыргызстанда жашаган ар улуттун  чыгармачылыгы  менен таанышуу  иретинде “Дүйнө балдары достошот” балдардын  чыгармачылык фестивалын өткөрөт.

1.Уюштуруу жана өткөрүү.

Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлиги;

Балдардын жана өспүрүмдөрдүн улуттук “Сейтек” борбору;

“Ала-Тоо” эс алуучу жайы, Чолпон-Ата шаары.

2021-ж., 27.06- 03.07., Ысык-Көл, Чолпон-Ата ш., “Ала-Тоо эс алуучу жайы.

2. Фестиваль-сынактын негизги максаттары  жана милдеттери:

Балдардын өз тилине, маданиятына, тарыхына  болгон кызыгууну өнүктүрүү жана тарбиялоо;

Таланттуу балдарды  колдоо  жана  аларды элдин алдына чыгарууга шарт түзүү;

Республикабыздын аймактарында  элдик оозеки чыгармаларды аткаруу, манас айтуу,  кыргыздын  улуттук аспаптарында  кол ойноткон жеткинчектерди, жаштарды  колдоо жана эл аралык деңгээлге чыгаруу;

Өсүп келе жаткан муунду, кыргыз элинин  каада-салтын, үрп-адатын, улуттук маданиятын аздектеп, аларга  аяр  мамиле кылып, патриоттук сезимде өстүрүү;

Кыргыз элинин  жана Кыргызстанда жашаган элдердин фольклордук маданиятын  пропагандалап, башка улуттун балдары менен достук мамиле  түзүү, маданий кызматташтыкты өркүндөтүү;

Аткаруучулук боюнча тажрыйба алмашуу жана кесиптик  чеберчиликти жогорулатуу.

Фестиваль-сынактын башкы  милдеттеринин  бири балдарга   адеп-ахлактык  тарбия берүүгө, мекенчилдик, атуулдук сезимдерди  өркүндөтүү,  алардын  ички  дүйнөсүн руханий  жактан байытуу, коллективде, ынтымакта  өсүүгө  өбөлгө түзүү. 

3.Фестиваль-сынакты  өткөрүү  мөөнөтү:

 “Дүйнө балдары достошот”  Эл аралык балдардын чыгармачылык фестиваль-сынагы, Ысык-Көлдүн жээгинде, “Ала-Тоо” эс алуу  жайында, 2021-ж. 27-июндан 3-июлга чейин өткөрүлөт.

4. Номинациялар.

Манас айтуу;

Дастан айтуу;

Комузчулардын ансамблдери, фольклордук топтор;

Комуздун коштоосунда  элдик ырдоо;

Элдик бий (кыргыз, дүйнө элдеринин  бийлери, заманбап бий);

Вокал.

 5. Катышуунун шарттары.

 Фестивалга  чыгармачылык бий топтору менен, ырчылар, фольклордук  топтор, кыргыздын улуттук  аспаптарында кол ойноткон топтор катыша алышат.

Катышуучулардын жашы: 9дан 17 жашка чейин, бий ансамблдин же фольклордук топтун саны 15 адамдан ашпашы керек.

Келген катышуучулар жана делегациялар Ысык-Көлдүн “Ала-Тоо” эс алуучу жайына жайгашышат.

Фестивалдын  жүрүшүн  атайын  УЮШТУРУУ КОМИТЕТИ  өткөрөт.

Катышуу үчүн анкетада  так маалымат  болушу  зарыл: катышуучулардын тизмеси толук аты-жөнү менен, туулган күнү, жылы, жашаган жери, паспорттун же туулгандыгы жөнүндө  күбөлүктүн  № менен, номинациясы;

Келүүчү бий топтор, бий ансамблдер, фольклордук ансамблдер катышуу үчүн табыштамаларды, анкеталарды так, коллективдин аты-жөнү, кайсы аймактан, канча адам, номинациясы  менен  толук  жазып  салышсын;

Катышуу үчүн табыштамалар, тизмелер, уюштуруу комитетине  2021-жылдын  10-майына чейин жиберилсин, толук маалымат келгенден кийин гана  ар бир катышуучуга  атайын чакыруу жөнөтүлөт.

6. Программалык талаптар.

Фестиваль-сынакка 9 жаштан 17 жашка чейин окуучулар катыша  алышат;

Фестиваль-сынакка  катышуу  номинациялар боюнча бөлүнөт;

Фестиваль-сынакка  катышуучулардын жаш курактары: 9-10 жашка чейин, 10-13 жашка  чейин,  14-17 жашка  чейинкилер.

— “Манас айтуу” боюнча номинация — “Манас”  эпосунан  бир үзүндү айтылышы керек,  эпизоддун  аталышы, үзүндү 5-7 минутадан  ашпашы керек. Артистизм, дикция, актердук  чеберчиликте   көркөм айтылышы, так айтылышы эске  алынат;

— Дастанчылык – эркин  формада, 5-7  минуталык,  артистизм, дикциясы, комуздун коштоосунда актердук чеберчиликте  аткарылышы  эске  алынат.

— Комузчулардын ансамблдери, фольклордук топтор – бир тур менен, эки убакытта өткөрүлөт, 2 чыгарма менен  катышат, ансамблдин аткарган чыгармасы,  экинчи  чыгарма уюштуруу тобу  аткарып берүүнү сунуштайт, чыгарманын автору, балдардын музыкалдуулугу, чеберчилик менен аткаруусу, аткаруу  техникасы, чыгарманын узактыгы 4, 5 минутадан ашпашы керек, ансамблде  мектеп окуучулар  9 жаштан 17 жашка  чейин болушу  керек, костюм менен.

— Комуздун коштоосунда элдик ырдоо – балдардын музыкалдуулугун  эске алуу менен бирге, дикциясы, артистизмдүүлүгү эске алынат, чыгармалар патриоттук, жер, эне, Ата-Мекен жөнүндө  темаларды  камтышы керек,  бир  чыгарма  элдик  ыр  аткарылышы шарт.

— Элдик бий номинациясы (кыргыз, дүйнө элдеринин бийлери, заманбап бий) Бир кыргыз улуттук бий, экинчиси  дүйнө элдеринин бир бийи аткарылышы керек, бийлер ансамблде аткарылышы  шарт; Бий  ансамблинин курамы 14  адамдан  ашпашы  керек. Жалгыз  бийлеген катышуучулар кабыл алынбайт.

— Заманбап бий – ансамблде аткаруусу шарт.

Бийлердин чеберчиликте, бир ритмде аткаруучулугу, балдардын музыкалдуулугу эске  алынат.

— Вокал номинациясы – 2 ыр болушу шарт, кыргызча ыр  Ата-Мекен, жер, эне жөнүндө, экинчи ыр башка тилде: патриоттук теманы  камтышы  керек.

7. Фестиваль-сынактын калыстар тобу.

Фестиваль-сынакка  катышуучулардын программаларын   баалоо, компетенттүү  искусство чеберлеринен, Кыргыз Республикасынын маданиятка эмгеги сиңген ишмерлерден, Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген  артисттеринен, алдыңкы мугалимдеринен  турган  калыстар  тобунун  мүчөлөрү   карашат.

Калыстар тобу  укуктуу:

  • Ар бир келген коллективди, солистти, ансамблди баалоого;
  • Фестиваль-сынактын баш байгесин ыйгарууга;
  • Атайын каралган сыйлыкты  берүүгө;
  • Жетекчилерге ыраазычылык каттарды берүүгө;
  • Эч кандай сыйлык бербей коюуга;
  • Жобого ылайык келбеген аткаруучуну токтотуп коюуга;
  • Ар бир катышуучуну пикир алмашуу жана добуш берүү жолу менен чечим кабыл алууга ;
  • Калыстар тобунун чечими сынак бүтөөрү менен каралып токтом кабыл алынат,  кийин кайрадан каралбайт.
  • 8.Жалпы жоболор.

“Дүйнө балдары достошот” Эл аралык балдардын чыгармачылык фестиваль-сынагы  2021-жылдын 27-июнунан 3-июлуна  чейин, Кыргыз Республикасынын көгүлтүр Ысык-Көлдүн жээгинде “Ала-Тоо” эс алуучу жайында өтөт. Фестивалга Кыргыз Республикасындагы чыгармачылык борборлордун, мектептердин окуучулары, хореографиялык, вокалдык, фольклордук студиялардын, комуз ансамблдеринин окуучулары катыша алышат. Катышуучулардын жашы 9дан 17 жашка чейин.

 9.Фестивалдын  программасы.

Фестивалдын  катышуучуларын алты унутулгус  чыгармачылык күн күтөт: чыгармачылык коллективдердин сынактык, концерттик  программалары, коноктордун программасы, Семенов  капчыгайына саякат, Ысык-Көлдүн жээгине теплоход  аркылуу саякат жасоо, спорттук мелдештер, ар кандай эстафеталар.

10. Башка шарттар.

 Фестивалга катышуу үчүн табыштамалар 2021-жылдын 10-майына  чейин жөнөтүлүшү керек.

Фестивалга, катышуучулардын  жатаканага, тамакка  кеткен чыгым  жиберүүчү тараптын эсебинен камсыздалат;

Делегациялар келген, кеткен күндү так белгилеп, балдардын коопсуздугун  сактап келүүсү шарт;

Катышуучулар тарабынан  берилген өздүк  жана башка маалыматтар так жана чын болуусу зарыл.

Биздин дарек: Кыргыз Республикасы, Бишкек ш. , Абдымомунов к. 197, Балдардын жана өспүрүмдөрдүн улуттук “Сейтек” борбору.

Сурап билүү телефондор: 0312 661964, 623577,

еmail: seitek _ [email protected][email protected],  Whats App: 0501727269

                                                                                                         2-тиркеме

 “Дүйнө балдары достошот” Эл аралык балдардын чыгармачылык    фестиваль-сынагына  катышууга

                                             ТАБЫШТАМАСЫ

  1. Республика, облус, район______________________________

____________________________________________________________

____________________________________________________________

____________________________________________________________

  1. Коллективдин (ансамблдин) аты

_________________________________________________________
____________________________________________________________

  1. Коллективди (ансамблди) жиберген уюм
  2. Коллективдин жетекчисинин фамилиясы, аты-жөнү
  3. Дареги,телефон, е-mail___________________________________
  4. Делегациянын курамы: кыз — ,  эркек  –
  5. Номинация _____________________________________________
    _______________________________________________________
  6. Делегациянын келген  жана  кеткен датасы:
  7. Делегациянын толук тизмеси:
1.Катышуучунун аты- жөнү

 

Туулган датасыНоминациясы

                                                                                                                                           3-тиркеме

Жалпы  билим  берүү  жана    мектептен  тышкаркы   кошумча  билим  берүү  уюмдарынын  окуучуларынын  арасында  “Дүйнө балдары достошот” Эл аралык балдардын  чыгармачылык    фестиваль-сынагынын өткөрүүнүн

Уюштуруу  тобунун  тизмеси

  1. Челпакова С.М. – Балдардын  жана  өспүрүмдөрдүн  улуттук “Сейтек” борборунун директору, төрайымы
  2. Латыпов Э.В. – “Шаттык” Элдик, үлгүлүү бий ансамблинин негиздөөчүсү
  3. Рысбеков Б.Б. – КР ББИМ мектеп  жана  мектептен тышкаркы  билим берүү башкармалыгынын   башкы адиси
  4. Балтабаева И.К. – “Сейтек” борборунун директорунун  орун  басары
  5. Кызайбеков Н.А. – “Ала-Тоо” эс алуучу жайынын директору
  6. Абдрахманов Н.М. – “Сейтек” борборунун  чыгармачылык топтун  жетекчиси

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

                                                                                                                         

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

                                                                                                                         

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

Бөлүшүү

Комментарийлер