ДҮЙШӨН ШАМАТОВ: ДИСТАНТТЫК ЖАНА ОНЛАЙН ОКУТУУНУН ОРТОСУНДА АЙЫРМА ЧОҢ

  • 03.04.2020
  • 2

Дистанттык окутуу, онлайн окутуу – азыркы учурдагы эң активдүү тренддерден болуп жатат. Коронавирус пандемиясына байланыштуу мектептер менен университеттер жабылып, карантин башталганы бардык өлкөлөрдө жапырт  дистанттык окутууга көчө баштады. Анын ичинде Кыргызстанда дагы айрым бир деңгээлде аракеттер болууда. Көп мугалимдердин буга даярдыгы жок болгону менен өз алдынча чыгармачылык менен жаңы технологиялардын тилин таап, жүгөндөгөндү үйрөнгөн мугалимдер да чыгып жатканы кубанычтуу көрүнүш. Ошол эле убакта дистанттык окутуу менен онлайн окутуунун айырмачылыктарын, эрежелерин ар ким ар кандай, өз деңгээлине жараша түшүнүп жатканы да ырас.

ДҮЙШӨН ШАМАТОВ: ДИСТАНТТЫК ЖАНА ОНЛАЙН ОКУТУУНУН ОРТОСУНДА АЙЫРМА ЧОҢ

Нур-Султандагы Назарбаев университетинин профессору. билим берүү илимдеринин доктору Дүйшөн Шаматов менен маегибиздин негизги темасы да ушул жөнүндө болду.

Дистанттык окуунун эмне экени, анын заманбап түрлөрү жөнүндө академиялык чөйрөнүн түшүнүгү канчалык бирдиктүү же айырмалуу болуп жатат?

— Дүйнө жүзү боюнча технологиялык билим деңгээли өнүгүп жатканына байланыштуу, 21-кылымда окуу программалары такыр башка форматта болору жөнүндө талап-талкуулар көптөн бери болуп жатат.  Мурдакыдай класста же аудиторияда студенттер менен түздөн түз жолугуп, сабак окутуунун зарылдыгы жок деген ойлор айтылып келатат. Чет өлкөдөгү окуу жайлар окутуунун жаңы форматтарын мыкты өздөштүрүп жатканын көрүп атабыз. Карантин убагында анын зарылдыгы бизге да аябай эле сезилип калды.

Дүйнө жүзүндө акыркы жылдары технологиялардын өнүгүүсүнө байланыштуу онлайн окутуу форматтары, blended learning, online learning аябай өнүгүп жатат.

Мен азыр ишеп жаткан Казакстанда дагы дистанттык окутуу жана башка терминдер азыр абдан көп талкууланып, мектеп окуучулары менен студенттер карантин убагында үйдө бекер отуруп калбасын деп окуу режими баары дистанттык түргө өтүп жатат. Бирок дистанттык окуу дегенде бир нерсени айырмалап алыш керек экен. Кыргызстан сыяктуу эле Казакстанда дагы көпчүлүк адамдар дистанттык окутуу менен окуу форматынын башка түрлөрүн ажырата билбей турганы,  мугалимдерибиз, жогорку окуу жайларынын окутуучулары буга даяр эмес экени көрүнүп калды.

Ошентип,  Борбордук Азияда, анын ичинде Кыргызстан менен Казакстанда бул форматка биз анчалык көнө элек болгонубузга байланыштуу азыркы учурда мугалимдер менен окуучуларыбыз бир аз кыйналып калды.

Дистанттык окутуунун өзүн мурдагы союз убагындагы сырттан окуу формасына окшоштуруп, аны да жакшы пайдалана албай келатканбыз. Ошондуктан каникулдан кайткан окуучулар менен студенттерге кантип сабак өтөбүз деп мугалимдер азыр даярданып жатышат.

Азыр мугалимдерибизге семинар-тренингдерди өтүүгө мүмкүнчүлүк жок да, аларга үйдө отуруп алып эң жөнөкөй нерселердин үстүнөн кантип иштейт дегенге үйрөтүшүбүз керек. Өздөрү интернеттин арзан баадагы же бекер алынган ар кандай программаларын көчүрүп алып, өздөрүнүн окуучулары менен синхрондук (түз байланышуу) жана асинхрондук (тапшырма берип, кайра байланышып аны текшерүү) жолдорун, эң жөнөкөй форматтарын үйрөнгөнү туура болот.

ДҮЙШӨН ШАМАТОВ: ДИСТАНТТЫК ЖАНА ОНЛАЙН ОКУТУУНУН ОРТОСУНДА АЙЫРМА ЧОҢ

Ал эми дистанттык окутуу менен онлайн окуунун негизги айырмасы – дистанттык окуу мурдатан эле келаткан форма, алыстан туруп тапшырмалар жөнөтүлөт, студенттер тапшырмаларды аткарып, кайра аны окутуучуга жиберет. Тарыхтан билебиз,  Нельсон Мандела деле түрмөдө отурганда эки окуу жайын бүтүргөн да алардын окуу программасынын тапшырмаларын аткарып.  Дистанттык окууда мугалим менен окуучунун, мугалим менен студенттин ортосунда түздөн түз байланыш болбой эле, тапшырмалар жөнөтүлүп, мугалим аны кайра алып текшерип жатпайбы.

Ал эми онлайн окуу таптакыр башка. Бул учурда мугалим өзүнүн студенттери менен синхрондук (түздөн-түз) дагы жана асинхрондук ( тапшырмаларды жиберип, кайра алып текшерүү) дагы байланышта болот, ушул эки форматында эле онлайн окутуунун көп түрү бар.  Ошого Казакстанда да өтүүгө аракет кылып жатышат.

Бирок, тилекке каршы, карантин чукул болуп, даярдык жок болгондуктан, бул азыр бирдиктүү түшүнүккө айлана элек. Технологияны жакшы өздөштүргөн адистердин жардамы менен эң ыңгайлуу программаларды окуу процессине киргизип, электрондук порталдарга видео сабактарды жүктөшүп, ушул сыяктуу азын-оолак аракет болуп жатат. Эң ыңгайлуу жагы, Нооруз майрамына байланыштуу каникул берилип калганы жакшы болду.  Каникул убагында окутуучулар бир за болсо да тыныгуу алып,  интернеттен ар кандай маалыматтарды топтошуп, видео сабак жасоонун жолдорун карашып, PowerPoint колдонуп, ага үн, видео кошконду үйрөнүп, бир аз болсо да даярдык көрүп алышты.

Казакстандагы окуу жайлардын ичинен жаңы технологиялардын жардамы менен окутуу жагынан Назарбаев университетинин даярдыгы жогору болсо керек. Кандай шарт, кандай тажрыйба бар экенине да токтоло кетсеңиз.

-Назарбаев университети, албетте, башка университеттерге караганда ресурстары мол окуу жайы. Жаңы технологияларды өздөштүрүү үчүн Innovation learning Hub деген борбор ачылып, технологиянын туу чокусуна чыккан мыкты адистердин жардамы менен видео жасоону же ар кандай электрондук программаларды колдонууну мурдатан эле жакшы жолго коюп алган профессорлор абдан көп.

Blended learning деген окуу программабыз бар, аны менен окуган студенттер жана магистранттар биздин окуу жайга жылына үч же төрт жолу келет. Калган убакта иштей берет дагы ошол жактан тапшырмаларды аткарып, белгилүү мөнөттө онлайн сабактарга катышып турат.

ДҮЙШӨН ШАМАТОВ: ДИСТАНТТЫК ЖАНА ОНЛАЙН ОКУТУУНУН ОРТОСУНДА АЙЫРМА ЧОҢ

Биздин университеттеги окуу процесси бүт электрондук форматка өткөн. Окуу программабыз бүт жүктөлгөн жана биз баа кое турган ар кандай порталдар бар. Learning Management System (LMS) деп коет, бул Окуу иштерин башкаруу системасы аркылуу Moodle программасына кирип, силлабусту жүктөп, жадыбалды түзүп алып, ошол жакка окулуучу адабияттарды жадыбалга жараша жүктөп, студенттер аткара турган тапшырмалардын түшүндүрмөсүн салып, баалоо рубрикаларын, критерийлерин жазып, жүктөп коебуз. Студенттер өздөрү ошол жакка кирип, тапшырмаларды көрүп аткарып,  аны кайра Moodle программасы аркылуу жөнөтө алышат. Өздөрүнүн баасын дагы ошол Moodle дан  көрө билишет.

Moodle деген порталдын функциялары көп. Ошол Moodle аркылуу студенттер менен маал-маалы менен байланышып, түз байланыш менен сабактарга чыгып турабыз.  Алдын ала белгиленген убакытта студенттер баары байланышка чыгат да ал жерде Big Blue Button деген программа бар, ошонун жардамы аркылуу студенттер менен алдын ала берилген суроолор боюнча түз байланыш менен аңгемелешип, алардын жоопторун, ой-пикирлерин угуп, тапшырмаларды бере алабыз. Moodle деген программанын жакшы жагы биз студенттердин кайсыл убакта ага кирип атканына көзөмөл кыла алабыз жана алардын өздөрүндө кандайдыр бир түшүнбөгөн суроо болсо, окутуучулардан жооп алганга мүмкүнчүлүгү бар. Дагы бир пайдасы, студенттердин өздөрүн дагы керектүү убакта тайпаларга бөлүп, долбоорлорду аткарууга тапшырма берип койгонго мүмкүнчүлүк бар.

Бирок студенттер менен байланыштын Moodleдан башка формаларын да кеңири колдонобуз. Албетте, ар ким өзүнүн билгенине жараша. Adobe connect деген программаны көп колдонобуз. Zoom деген программаны да көп пайдаланабыз. WhatsApp анчалык деле көп колдонбойт элек, мен өзүм жана кесиптештерим аны студенттер менен расмий байланышка караганда байланыш үчүн эле ыңгайлуу деп келгенбиз, азыр эми кээ бир учурда жагдайга жараша аны деле колдонсокпу деп ойлонуп атабыз.

Дистанттык окутууга караганда онлайн окутууда биз студенттерге системалуу түрдө ар бир сабакты тийиштүү көлөмдө окутуп, бир семестр бүт чогуу иштей алабыз. Жөн эле тапшырмаларды эле берип койсок, студенттер тийиштүү көлөмдө окуп жатканына кепилдик жок. Сайрандап жүрүп эле жыл аягында экзаменди эптеп-септеп тапшырып коем дегендердин жолун тандабастан, силлабусту күнүгө окута турган даражага жеткире албасак дагы жумасына канча жолу байланышабыз, канча тапшырма беришибиз керек, ошол жактарын азыр кайра карап чыгып атабыз. Студенттерибиз менен үзгүлтүксүз байланышта болушубуз керек деген талапты аткаруунун үстүндө иштеп жатабыз.

ДҮЙШӨН ШАМАТОВ: ДИСТАНТТЫК ЖАНА ОНЛАЙН ОКУТУУНУН ОРТОСУНДА АЙЫРМА ЧОҢ

Биздеги окуу жайлардагы мугалимдердин бир чоң бөлүгү совет заманында даярдалган эски муундун өкүлдөрү экени белгилүү. Алардын арасында мыкты окутуучулар, мыкты окумуштуулар көп, бирок жаңы технологияга тиши өтпөгөндөрү да көп. Кеп жөн эле талап кыла бербей, алардын үйрөнүшүнө шарт түзүү, жаңы шартка көнүп кетишине көмөктөшүүдө болуп жатпайбы.

—  Мунун мага зыяны бар, андан көрө студенттерим менен көзмө көз жолукканым артык деген кээ бир окутуучулар бар эмеспи. Эми алар дагы жагдайга жараша өзүнүн оюн өзгөртүп, үйрөнө башташты.

Биздин университетте өзү мыкты мугалим, мыкты илимпоз болуп, бирок жаңы технологияларды өздөштүрө элек болсо, өзүнүн суранычы менен маал-маалы менен болуп турган тренингдерге катышып тура алат. Moodle, Zoom программаларын үйрөнүү боюнча тренингдер болуп турат. Адистер өздөрү түздөн түз же вебинар аркылуу уюштурган тренингдерге катышууга мүмкүнчүлүк бар.

Ошол эле учурда үйрөнүүнү эң жөнөкөй алгоритмдерин түшүндүрүп берген ар кандай көргөзмө куралдар дагы таркатылып турат. Ошонун жардамы менен окутуучулар тез арада өздөштүрүп алганга шарт бар.

Техникалык камсыздоо дегенде жалаң эле окуу жайдын техникалык ресурстарын карап отурган болбойт. Интернетте абдан көп арзан баадагы, керек болсо акысыз дагы программалар бар. Эч болбосо белгилүү бир мөөнөткө чейин Zoom менен Adobe connect программаларын акысыз түрдө колдонууга болот.

ДҮЙШӨН ШАМАТОВ: ДИСТАНТТЫК ЖАНА ОНЛАЙН ОКУТУУНУН ОРТОСУНДА АЙЫРМА ЧОҢ

PowerPoint менен слайд жасаганды көп мугалимдерибиз жакшы билет, бирок ошол слайддын функциялары ар кыл экенин, аны жандуу кылып иштеткенди да үйрөнсө жакшы болмок.

Эң негизгиси, окутуучуларды коркутуп-үркүтүп албаш керек. Буларды үйрөнүп алсак, азыркы жагдайдан жакшы чыгабыз.

Биздин өзүбүздүн студенттер кээ бир учурда окутуучуларга караганда технологияларды мыкты өздөштүргөнүн айта кетейин. Алардын өздөрүнөн да көп нерсени үйрөнсөк болот. Мен өзүм дагы көп ишти өзүмдүн магистранттарымдан үйрөнгөм убагында.

Маектешкен Кубат Чекиров

Бөлүшүү

Комментарийлер

Т. Дэ / 04.04.2020 14:29
А бдан жөнөкөй жана жеткиликтүү пикир айтылыптыр. Ушундай билимдүү уулдары менен кыргызстан мактанса болот. Албетте , Дүйшөн окшогон креативдүү уул кыздар жок эмес бирок билгенин башкаларга үйрөтөйүн дегендер аз. Рахмат , балам кем болбо. Эмгегиңдин эл билет.
Сапарбек / 04.04.2020 13:39
Азаматсыз, агай. Кыргызстандык кесиптештериңиздин квалификациясын онлайн эле жогорулата бериңиз эми. Алар болсо Мекенибизде баарын заманбап ыкмалар менен окутсун.