ДҮЙНӨЛҮК АДАБИЯТ НЕГЕ КЕРЕК?

  • 03.10.2018
  • 0
ДҮЙНӨЛҮК АДАБИЯТ НЕГЕ КЕРЕК?

Өткөн жылы Билим берүү жана илим министрлигинин мектептерге жаңы сабакты – дүйнөлүк адабиятты киргизүү боюнча долбоору катуу сынга кабылганы эсимде. Бул идеяны кабыл албагандар өздөрүнүн каршылыгын кыргыз адабиятын сактоо үчүн болгон күрөш катары көрсөтүшкөн. Ушул маселе боюнча теледебатка өзүм да катышып калгам. Ошондо бул долбоорго негизинен орто мектептерде кыргыз адабиятын (тилин кошо) окутуп келе жаткан мугалимдер менен кыргыз адабиятын окутуу боюнча программаны, окуу китебин, усулдук колдонмолорду, окуулуктарды ж.б. жазган авторлор, адистер каршы болуп жатышканын айта кеткен элем.

Анткеним, кезегинде Түгөлбай Сыдыкбеков кыргыз тилин коргогон жалындуу макалаларын жазып жатканда адабий сынчы Салижан Жигитов: «Түкө, сиз тил үчүн күйүп жатасыз, бирок да оюңуздун түпкүрүндө кийин эл орусча сүйлөп кетсе, менин чыгармаларым окулбай калат деген коркунуч турат да» дегендей сөз айта коюп, тил укканын эскергени бар. Дал ошонун сыңарындай, кыргыз адабияты боюнча адистерибиз өздөрү жараткан эмгектеринин тагдырынан чочулашса, мектеп мугалимдери кыргыз адабиятын араңдан зорго окутуп жатканда, бул балакети дагы кайдан чыга калды деген тейде жаңылыктан, аны менен кошо келчү түйшүктөн чочулашкан. Буга кошул-ташыл кылып, журналисттерибиз көчөдөгү өмүрү китеп окубаган караламан калкка кыргыз адабияты окутулуш керекпи деген мааниде сурамжылоо жүргүзүп, жалпы журтта кыргыз адабиятына коркунуч туулгандай пикир жаралган эле.

Арадан жыл айланып, күздүн башында, башкаларды билбейм, мага жагымдуу сезилген кабар уктум. Өзүм иштеген университеттин алдында ачылган колледждерге дүйнөлүк адабият окутулары анык болуптур. Ал эми улуттук мектептерге (өзбек, орус) «Кыргыз жана дүйнөлүк адабият» деген аталыштагы сабак киргизилүүсү пландалып, стандарты, окуу программасы иштелип чыгып, азырынча окуу китебинин даяр эместигинен кармалып жаткандыгын адистер кабарлашты. Демек, 12 орундуктун артынан сая түшкөн Остап Бендер айтмакчы, «муз ордунан козголуптур». Башталгандан соң ташталбаса, убактылуу мындай көйгөйлөр чечилип да калаттыр. Ал гана эмес, убакыт-сааты келгенде дүйнөлүк адабият кыргыз мектептеринде да окутулчу күн келерлигинен үмүт кыла туралы. Дүйнөлүк адабиятты улуттук мектептерге киргизүүнү көздөгөн Билим берүү жана илим министрлигинин бул кадамы эмнегедир сактанып жаткандай, алгач тажрыйба жасап, элди акырындап көндүрүүгө аракеттенгендей туюлат. Мындай келечектүү иште чечкиндүү аракет жасоо зарыл, көңүл борборунда адистердин, окутуу милдети жүктөлчү мугалимдердин эмес, биринчи кезекте ошол адабиятты  окуучулардын, балдардын кызыкчылыгы биринчи орунда турушу керек деген ойдобуз.

Эми дүйнөлүк адабиятты окутуудан алаарыбыз, утаарыбыз эмне деген маселеге келсек. Кыргыз жазма адабиятынын эки кылымга жетпеген тарыхы бар экендигин эске алсак, жаңы сабак беш миң жылдай мезгилдин ичинде жаралган көркөм дүйнөгө, тажрыйбага аралашып, рухий азыктанууга негиз болмок. Жашырганда эмне, адабиятыбыздын тарыхынын орчундуу учурун камтыган Совет доорундагы туундулары соцреализмдин рамкасынан чыга алган эмес. Салижан агай: «Биз бир топторун окуу китептерине киргизип, классик жарыялап алдык. Эми анын классик экенин кайдан билебиз? 100-150 жыл өтсө да өңү өчүп, сыры кетпесе, анан билинет да классик экени. А биздин жазгандарыбыз 5-10 жылдын ичинде эле эскирип кетип жатпайбы. Кечээ эле кайрадан окуп чыктым, Гоголдун «Шинелин» жаңыдан окугандай таңыркап, тамшанып окуп чыктым, а кыргыз адабиятынын канча «шинели» коммунисттик идеология менен таштандыга ыргытылып жатат. Дагы ыргытылат. Анткени кыртышы ошондой. … Мына ушуга окшогон ж.б. жагдайлар тилдин жана ойдун деградациясына алып келди, улуттун интеллектуалдык жана духовный потенциалын мокотту» (Токтомушев А. Салижан Жигитовдун сабактары: маектер. – Б.: Турар, 2013. 132-134-бб.) деп бекеринен белгилебесе керек. Бүгүн балдарыбыздын китеп көрсө үркүп кеткен, оку десе окшуп жиберген абалы да дал мына ушул себепке – азыркыга чейин адабият сабактарында тузу кем чыгармалардын милдеттүү окутулуп келе жаткандыгына байланыштуу болсо керек.

Болбосо, дүйнөлүк адабияттын кудурети, таасири эчактан бери эле белгилүү эмеспи. Ал таасир тууралуу кыргыз Чехову атыккан Мурза Гапаров 60-жылдар тууралуу сөз кылып жатып: «Кудай жалгап, биздин багыбызга, мен өзүмдү айтып жатканым да, Хемингуэй, Фолкнер Ата Журтубузга келип жеткени жакшылыктуу иш болду да, ажайып иш болду да… – Ооба, ооба, Фолкнер кийин жетти. Жеткен менен ал баарыбыздын дидарыбызда жашап, баарыбыздын акыл-сезимибизге жете берген жок. Алиге чейин ошондой. Ал кыйын жазуучу, аны бир аз кыйналып, чайналып, кандайдыр бир даярдык менен окуш керек. А Хемингуэй болсо, жаркын жазуучу, романтикалуу, ырдай окулган, турмушка бекем проза да. Кыргыз университети мен үчүн бир университет болсо, Хемингуэй бир университет болду. Кембриджди бүткөндөй болдум» дейт (Сулуулуктан – улуулукка. Мурза Гапаров баяны: Арноолор, маектер, эсселер, эскерүүлөр, изилдөөлөр, жарыяланбаган чыгармалар / Түз.: А. Муратов. – Б.: Турар, 2016. 74-75-бб.). Өзүнөн өзү эле: «Биз эмне үчүн балдарды «Кембриджде окуу» укугунан айрышыбыз керек?» деген суроо туулат.

Дүйнөлүк адабияттын сыйкыр күчү тууралуу дагы бир белгилүү инсан, композитор, журналист, коомдук ишмер Түгөлбай Казаков: «Дүйнө адабияты жөнүндө сөз болгондо мен Үмөтбек агайды эстейм. Ал ошондо институтту күрөш адистиги боюнча бүтүрүп, эркин күрөш боюнча Кыргызстандын чемпиону болуп, СССРдин биринчилигине катышып келип, бизге дене тарбия сабагынан берчү. Кыш узак, кар калың. Спортзал деген жок. Сабакты кантип өтүш керек? Үмөтбек агай башка бир агайдай болуп бизди эки-экиден кочкорлорчо сүзүштүрүп, же балдарды бирине бирин миңгизип оодарыштырып же классты чаңдатып күрөштүрүп, ошого жараша баа коюп сабак өттү кылган жок. Ал Шерлок Холмстун окуяларын айтып кирди. Тили так, эстутуму күчтүү экен. Анан да ушунчалык кызыктуу кылып айтар эле, былк этпей отуруп укчубуз. Кыш чыккыча Конан Дойль, Драйзер, Жюль Верн сыяктуу дүйнө алптарынын чыгармаларын аралап жүрчүбүз. Ушул сабакты бирибиз да калтырчу эмеспиз. Анда көкүрөгүбүзгө не деген керемет байлык куюлуп жатканын билбептирбиз. Кийин профессор Озмителге айтып берсем «Андай мугалимге орден бериш керек!» дебатпайбы» (Казаков Т. Эсимде. – Б.: Учкун, 2011. 47-48-бб.) деп эскерет. Өзүн окуткан мугалимдер тууралуу терип-тепчип сөз кылган Түгөлбай агабыз тил кабинетин ачкан агайын сөз кылса да, эмнегедир кыргыз адабиятына келгенде ооз ачпай, «унутуп» койгон. Анткен менен ошол дүйнөлүк адабият деген мухиттен чаңкоосу канганча суу ичкендиги үчүн өз булагын унутпай, Арстанбек, Жеңижок, Осмонкул сындуу залкарларды даңазалап эскерип, боордош казактардын Мукагалы Макатаев, Улукбек Есдаулет, Насипбек Айт уулу сыяктуу таланттарын баалап, которгон окшойт деп ойлойм.

Дүйнөлүк адабият Чыгыш жана Батыш адабияттары деген эки чоң дарыядан куралган деңиз, мухит, ал эми улуттук адабияттар ошол эки дарыяны түзгөн булактар менен өзөндөр. Деңиз турганда өзөн, дарыя дегендер соолуп калбайт, мухит бууланып, булак чыга берет. Дүйнөлүк адабиятын окутулушу да улуттук адабиятка, кыргыз адабиятына коркунуч жаратпайт. Тескерисинче, аны менен таанышкандан кийин ата-энени, Мекенди тандабаган сыяктуу, өз адабиятыбыздын дурусу менен бурушун байкап көрүп, даана билип, баалаганга үйрөнмөкпүз. Сөзүм куру болбосун үчүн «адамдын дарегине жаман сөз айтпаган» акын Алик Акималиевдин ырын мисалга тартайын. Анын аталышы эле, аттиң ай, өз маалында баркталбай өтүп кеткен кыргыздын дагы бир таланттуу чыныгы акынынын чыгармачылык жолун даана көрсөтүп турат.

 

Мемуар

 

Атаандашкан Алыкул, Есенинге,

Айбаттуу жаш болчумун кезегинде.

 

Жан жалбырттайт! Ыр күйдү отто туулуп,

Тушоом кескен устатым Токтогулов.

 

2-курс. Чыгардым тунгуч китеп.

Аны ойлосом денем бүт дүргүп кетет.

 

Тагдыр, мейли, ташка-жарга уруп-соксун,

Таржымалап ырларын Рубцовдун.

 

Чабалактап дем баспай күйүккөнгө,

Чабак урдум зор мухит – Уитменде.

 

Басёнун жат билдим ырын эске,

Акыл жактан байытты Рюноске.

 

Аяз мезгил аралап бороондорун,

Жолун бастым Поль Верлен, Рембонун.

 

Даамын таттым шор менен ачуу тердин,

30 жашка чейин мен катуу келдим.

 

Мени чыгаан, чоң акын болот дешчү,

Болбосом да Вийондой ууру-кески,

Боздоп жаным сел менен өрттү кечти.

 

Жыгылсам да, мансаптан бутка тургам,

Ак кызматты Токтогул журтка кылгам.

 

Отуз беште Коргоолду жылоолодум,

Эми, Кудай жакшылык ыроологун.

 

Чардай берсин жашоонун салтанаты

Поэзиянын мен бир жаш лейтенанты.

 

Бирок, билбейм,

Жарк этип чыгам качан,

Адабиятта экинчи фронт ачам.

 

Илхам, талант ичке күч, сырын катса,

Поэзияда болбойт эч «отставка».

(Кыргыз руху. 06. 11. 2009-жыл.)

Көрүнүп тургандай, Пегасты камчылап минип, Касталия булагынан сугарган Алик акын кыргыз адабиятына мурун чүйрүбөй, Токтогуловду (Аман) устатым деп санап, акыл токтоткон жашка келгенде Коргоолдун кадырына жетип, арбагына сыйынып отурат.

Жыйынтыктап айтсам, дүйнөлүк адабиятты мектепте окутуу аркылуу биз утушка гана ээ болмокпуз. Адабияттын эң негизги милдети болуп адамды аруулантуу, адепке тарбиялоо экендиги маалым, демек, андай миссияны аткарууда бардык каражаттар колдонулууга тийиш экендигин, кайсы элге таандык болбосун, мыкты чыгармалар тегиз таасир этерин унутпообуз керек. Жалпы адамзат жараткан адабияттын көөнөрбөс мыкты үлгүлөрү менен таанышкан балдарыбыз экранды, мониторду эле тиктебей, китепке кайрыла тургандыгынан үмүттөнсөк болот. Андыктан, мектептерге дүйнөлүк адабият сабагын киргизүү аракетин министрлигибиздин билим берүүнү реформалоо саясатындагы маанилүү кадамы катары баалайт элем.

Абдымиталип  Мурзакметов, тарых  илимдеринин кандидаты, ОшМУнун кыргыз адабияты кафедрасынын башчысы     

 

Поделиться

Комментарии