«COVID-19дан жабыркаган балдарды билим менен камсыз кылуу» долбоору жыйынтыкталды
- 02.12.2024
- 0
29-ноябрда Билим берүү жана илим министрлиги Жапон элчилиги жана ЮНИСЕФ менен бирге COVID-19дан жабыркаган балдарды сапаттуу билим менен камсыз кылуу боюнча долбоордун жыйынтыгын чыгарды.
Иш-чарага Билим берүү жана илим министринин биринчи орун басары Бекжан Супаналиев, министрдин орун басары Надира Джусупбекова, Япониянын Кыргызстандагы элчиси Хидэки Года, ЮНИСЕФтин Кыргызстандагы өкүлү Самман Жунг Тапа жана өлкөнүн билим берүү тармагынын кызматкерлери катышты.
Бул долбоор пандемиядан кийин мектептерди коопсуз калыбына келтирүүгө жана окуудагы боштуктарды толуктоого колдоо көрсөтүүнү максат кылган.
Жапон Өкмөтү бул үч жылдык демилгеге жалпысынан 2,7 миллион АКШ доллары өлчөмүндө салым кошуп, мектептердин жабылышынан улам окууда пайда болгон боштуктардын ордун толуктоо максатын көздөгөн. Бул демилгеде санариптик өзгөрүүлөр негизги артыкчылык болуп, мектептерге 1000ден ашык компьютер алынып, мугалимдер маалыматтык технологиялар жаатында окуудан өтүштү. 10 300 ашык мугалим калып кеткен материалдардын эсесин толтуруу боюнча окуудан өтүп, 5-6-класстардын 20 500 окуучусуна билимин толуктап алууга жардам беришти. Натыйжада окуучулар тапшырган тесттин жыйынтыктары 15-20 пайызга оңолуп, бул алардын окуудагы жетишкендиктерин чагылдырып турат.
Аталган долбоор билим системасын жакшыртууга негзи салганын, мугалимдердин жана окуучулардын технологияларды колдонуу жөндөмүн жогорулатканын Бекжан Супаналиев иш-чаранын жабылыш аземинде айтып өттү.
Жапониянын Атайын жана Ыйгарым Укуктуу Элчиси Хидэки Года: “Жапония жана Кыргыз Республикасы эгемендик алгандан бери акыркы 32 жылдын ичинде ар кандай тармактарда достукту жана тыгыз кызматташтыкты өнүктүрүп келатат. Билим берүү – артыкчылыктуу багыттардын бири, өлкөнүн социалдык жана экономикалык өнүгүүсү үчүн негиз болуп саналат”.
Министрдин орун басары Надира Джусупбекова пандемиядан кийин министрлик окуучулардын билимин толуктоо керек экендигин түшүнүп, айрыкча алыскы региондордогу окуучулардын артта калбашы үчүн аракеттер көрүлгөндүгүн айтты.
Комментарийлер