Чыгыш-Казакстан университетинин делегациясы КМТУда

  • 21.11.2024
  • 0

Казакстандан келген делегация окуу жайдын институт, кафедра, лабораториялары менен таанышып, профессордук-окутуучулук курамы менен жолугушту.

Чыгыш-Казакстан университетинин делегациясы КМТУда

КМТУнун ректору Мирлан Чыныбаев менен ЧКУнун ректору Толеген Мейрам Еркинулы университеттердин жетишкендиктери тууралуу баяндама жасашты.  Казакстандагы илимий долбоорлорду коммерциялаштыруу боюнча тажрыйба тууралуу маалымат берилди.

Мындан сырткары КМТУнун заманбап лабораториялары жана билим берүү мейкиндиги, анын ичинде FabLab, Samsung LAB, DEFA лабораториясы, Студенттерди тейлөө борбору, Республикалык компетенциялык борбор жана башка жайлар менен таанышуу иш-чарасы уюштурулду.

Делегация КМТУнун жогорку деңгээлдеги билим берүү жана илимий ишмердүүлүгүн белгилеп, университеттер аралык кызматташтыкты өнүктүрүүнүн маанилүүлүгүн баса белгиледи.

 

 

 

 

Бөлүшүү

Комментарийлер