Чыңгыз Айтматовдун чыгармалар жыйнагы грузин тилине которулду

  • 24.08.2023
  • 0

Улуу жазуучу Чыңгыз Айтматовдун 95 жылдык мааракесинин алдында Кыргызстандын Грузиядагы элчилигинин демилгеси жана Ардактуу консулдарынын колдоосу менен жазуучунун чыгармалары грузин тилине которулду. Бул тууралуу «Кабар» агенттиги Кыргызстандын Азербайжан жана Грузиядагы дипломатиялык өкүлчүлүгүнө таянып жазды.

Чыңгыз Айтматовдун чыгармалар жыйнагы грузин тилине которулду

Маалым болгондой, кириш сөздү улуу жазуучунун уулу – экс-тышкы иштер министри Аскар Айтматов жазган. Китептин бет ачары ушул жылдын күзүндө Тбилисиде өткөрүлмөкчү.

Чыгармалардын жыйнагына «Биринчи мугалим», «Кызыл жоолук жалжалым, «Ак кеме» сыяктуу повесттери кирген.

Чынгыз Айтматов — кыргыз жана совет жазуучусу, ал адабияттын классиги. ЮНЕСКОнун маалыматтарына ылайык, заманбап жазуучулардын арасында Айтматовдун чыгармалары эң көп окулган. Анын чыгармалары 176дан ашык тилге которулуп, 128 өлкөдө 100 миллиондон ашык нускада басылып чыккан.

Айтматов 1994-жылдан 2008-жылдарга чейин Кыргызстандын Бенилюкс (Бельгия, Нидерланды жана Люксембург) өлкөлөрүндөгү элчиси болгон.

Айтматов 2008-жылдын 10-июнунда Германиянын Нюрнберг шаарында көз жумган. Анын сөөгү 14-июнда Бишкекке жакын жердеги «Ата-Бейит» мемориалдык комплексине жерге берилген.

Бөлүшүү

Комментарийлер