ЧОЛПОНБАЙГА АРНАЛГАН АЧЫК САБАК

  • 04.10.2022
  • 0

Кара-Көл шаарындагы Токтогул атындагы №1 мектеп-гимназияда мектеп окуучуларын башталгыч класстардан баштап мекенчилдикке тарбиялоого бөтөнчө маани берилет.

ЧОЛПОНБАЙГА АРНАЛГАН АЧЫК САБАК

Жакында 4-класстардын класс жетекчилери Гүлмира Абдылдаева менен Насыят Майнаева Чолпонбай Түлөбердиевдин 100 жылдыгына карата «Өзү өлсө да баатыр өлбөйт, эрдиги калат кылымга» деген темада ачык тарбиялык саат өтүштү.
Сабактын жүрүшүндө окуучулар эки топко бөлүнүп, баатырды даңктаган ырлардан окушту. Обондуу ырды ырдап, баатырдын эрдигин чагылдырган сахналык көрүнүштү аткарышты. Бул таасирдүү сабактан балдар-кыздар Советтер Союзунун баатыры Чолпонбай Түлөбердиевдин согуштагы эрдиги жана келечек муунга калтырган мурасы жөнүндө билишти.

ЧОЛПОНБАЙГА АРНАЛГАН АЧЫК САБАК

А.АЛИБЕКОВ, «Кут Билим»

Бөлүшүү

Комментарийлер