ЧОЛПОН КИЙИЗБАЕВА ТҮРКСОЙДУН ЫРААЗЫЧЫЛЫК КАТЫ МЕНЕН СЫЙЛАНДЫ

  • 09.04.2026
  • 0

“Эл агартуу” журналынын башкы редактору, филология илимдеринин кандидаты, билим берүүнүн отличниги Чолпон Кийизбаева ТҮРКСОЙ эл аралык уюмунун ыраазычылык каты менен сыйланды.

ЧОЛПОН КИЙИЗБАЕВА ТҮРКСОЙДУН ЫРААЗЫЧЫЛЫК КАТЫ МЕНЕН СЫЙЛАНДЫ

Бул сыйлык маданият жана билим берүү тармагында жигердүү эмгектенип, түрк элдеринин руханий баалуулуктарын, тилин жана маданиятын жайылтууга салым кошкон инсандарга ыйгарылат. ТҮРКСОЙ уюму түрк дүйнөсүнүн маданий мурастарын сактоо, элдер ортосундагы маданий кызматташтыкты бекемдөө жана орток баалуулуктарды дүйнөгө таанытуу багытында маанилүү иштерди жүргүзүп келет.

ЧОЛПОН КИЙИЗБАЕВА ТҮРКСОЙДУН ЫРААЗЫЧЫЛЫК КАТЫ МЕНЕН СЫЙЛАНДЫ

«Кут Билим» медиа борборунун жамааты Чолпон Кийизбаеваны бул сыйлыгы менен чын жүрөктөн куттуктап, чыгармачылык ийгиликтерди, жаңы жетишкендиктерди жана бекем ден соолук каалайт.

Бөлүшүү

Комментарийлер