ЧАЛДЫБАР ЖАТАК-МЕКТЕБИ СТАТУСУН ӨЗГӨРТӨТ

  • 20.06.2024
  • 0

Билим берүү жана илим министрлигинин басма сөз кызматы Чалдыбар жатак-мектеби “Манас” жатак-лицейине кошулуу жолу менен кайра уюштуруларын билдирди.

Маалыматка ылайык, Чалдыбар жатак-мектебин текшерүүнүн жыйынтыгында оптимизациялоого дуушар болгондон улам ушундай чечим кабыл алынган.

2023-2024 окуу жылында Чалдыбар жатак-мектебиндеги 5 класс-комплектте журнал боюнча 65 окуучу катталып, 62 окуучу билим алган. Анын ичинен 12 тоголок жетим бала (камкорчулары бар төрт багар-көрөрү жок бала, сегиз томолой жетим), 17 жарым жетим, 10 жалгыз бой энелердин балдары, үч майыптуулугу бар ата-энелердин балдары, төрт мектептен алыс жашаган ата-энелердин балдары, бир көп балалуу үй-бүлөнүн баласы жана ата-энеси ажырашып кеткен үй-бүлөлөрдүн балдары. Учурда аталган жатак-мектептин багар-көрөрү жок төрт тарбиялануучусу Чүйдөгү жетим балдар жана ата-энесинин камкордугусуз калган балдар үчүн мектеп-интернатына жеткирилди.

2018-жылдан бери жатак-мектепте ата-энеси бар балдар жетим жана ата-энесинин көзөмөлүсүз калган балдар катары тарбияланып, мамлекеттен ушул статустагы балдар үчүн төлөнүүчү каражат менен камсыздалып турган. Ошол эле учурда балдардын атасы же энеси мамлекет тарабынан жарым жетимдерге берилүүчү жөлөк пулду да параллелдүү түрдө алып келген.

2018-жылга чейин аз камсыз болгон үй-бүлөлөрдүн балдары үчүн жатак-мектеп болгон. Бирок Устав кайрадан бекитилгенден кийин мектептин жетекчилиги, райондук балдарды социалдык жактан коргоо бөлүмү тарабынан мектепке жайгашкан балдардын документтерин Уставга ылайыктап тууралоо боюнча эч кандай иш жүргүзүлгөн эмес. Акыркы кабыл алынган Устав боюнча жатак-мектепке камкорчулукка алынбаган томолой жетим жана көзөмөлсүз калган балдар жайгаштырылат деп көрсөтүлгөн.

Чалдыбар жатак-мектеби бардык шарты бар экендигин тастыктаган аккредитациядан өткөн эмес жана ага байланыштуу эч кандай тастыктоочу документтери жок. Бирок ага карабастан жатак-мектептин жетекчилиги тарабынан балдарды жайгаштыруу уланып келген.

Текшерүү учурунда мектепте, жатаканада тазалык сакталбагандыгы, балдарга тиешелүү өздүк гигиена каражаттарынын жоктугу, жатакана эмеректеринин эскилиги, жуунуучу мончонун көк жыттанып, өтө начар абалда экендиги, балдардын өмүрүнө коркунуч жараткан электр зымдарынын көбүнүн ачык жатканы аныкталган.

Ошондой эле мугалимдердин календардык жана окуу пландары бекитилген эмес, IV чейректе айрым окуучуларга баа коюлбаган, окуучулардын жыл ичиндеги жетишкендиктери боюнча таблицалар толтурулбаган. 2022-2023-окуу жылында 11-классты аяктаган бүтүрүүчүлөр болгон эмес. Ал эми 9-классты 18 окуучу аяктап, 2 окуучунун күбөлүгү берилген эмес.

Жатак-мектепте жалпысынан штаттык жүгүртмө боюнча 54 адам эмгектенет, анын ичинен — 18 мугалим, 18 — тарбиячы жана 18 — техникалык кызматкер. Бирок 21 кызматкердин гана эмгек китепчелери аныкталган.

Чалдыбар жатак-мектебине республикалык бюджеттен 2023-2024 окуу жылына карата 14 млн 947 миң 900 сом бөлүнгөн. Атайын өздүк бюджеттен 2 млн 87 миң 152 сом кеткен.

Чалдыбар жатак-мектебинин ишмердүүлүгүн текшерүүнүн жыйынтыгында документтерди тариздөөдө жана балдарды кабыл алууда белгиленген талаптардын сакталышын жетишээрлик камсыз кылбагандыгы үчүн жатак-мектептин директору Батырбекова Айгүл Абдрасуловнага катуу сөгүш жарыяланды.

Белгилей кетсек, “Жетим балдар жана ата-энелеринен көзөмөлсүз калган балдар үчүн Чалдыбар жатак-мектебин” мекемесин кайра өзгөртүп түзүү жөнүндө” буйрук Кыргыз Республикасынын Балдар жөнүндө кодексине, Кыргыз Республикасынын Жарандык кодексине жана Кыргыз Республикасынын “Билим берүү жөнүндөгү” Мыйзамына ылайык, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 14-августундагы № 479 токтому менен бекитилген “2019-2021- жылдарга интернат тибиндеги балдар мекемелеринин системасын реформалоо боюнча иш-аракеттер планын” аткаруу максатында чыкты.

 

Айнагүл КАШЫБАЕВА,
“Кут Билим”

Бөлүшүү

Комментарийлер