ЧҮЙ-ТОКМОК БИЛИМ БЕРҮҮ БӨЛҮМҮНҮН МЕКТЕПТЕРИ ОКУУ МЕБЕЛДЕРИ МЕНЕН КАМСЫЗДАЛДЫ

  • 09.01.2024
  • 0

Кыргыз Республикасынын Билим берүү  жана илим министрлиги тарабынан 2023-жылдын декабрь айында окуу кабинеттери мебелдер менен Чүй районунун Прогресс айылындагы Прогресс, Арпа-Тектир айылындагы А.Токоев атындагы, Садовый  айылынын  И.Укуев атындагы орто мектептери  жана  Токмок шаарынын №1, 2, 3, 6 орто мектептери  камсыздалды.

ЧҮЙ-ТОКМОК БИЛИМ БЕРҮҮ БӨЛҮМҮНҮН МЕКТЕПТЕРИ ОКУУ МЕБЕЛДЕРИ МЕНЕН КАМСЫЗДАЛДЫ

Мебелдердин комплектисинде  бор жана  маркер жугуучу магниттик такта, мугалимдик стол, отургучу жана  китеп шкафы берилген. Анын ичинде окуучуларга — 12 парта 24 отургуч, кийим илүүчү  шкафтардан 7 даана, 1 даана шкаф  мугалимге  ылайыкталынган. Бардыгы 18 комплект эмерек (мебель) жеткирүүчүлөр тарабынан   окуу кабинеттерине жайгаштырылган. Мебелдердин сапаты талапка толугу менен жооп берет.

Г.А., “КБ”

Бөлүшүү

Комментарийлер