ҮЧ ОБЛУСТУН БАЛА БАКЧАЛАРЫНЫН ДИРЕКТОРЛОРУНУН БОШ ОРУНДАРЫНА СЫНАКТЫН ЖЕҢҮҮЧҮЛӨРҮНҮН ТИЗМЕСИ БЕКИТИЛДИ

  • 28.10.2024
  • 0

25-октябрда Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигинин «Кыргыз Республикасынын Мектепке чейинки билим берүү уюмдарынын жетекчилеринин бош орундарына сынактын жыйынтыктары жөнүндө» буйругу чыккан.

Аталган буйрук менен Кыргыз Республикасынын Мектепке чейинки билим берүү уюмдарынын жетекчилеринин бош орундарына сынактын жеңүүчүлөрүнүн тизмеси бекитилди. Тизмеге Ош шаарынан 5 талапкер, Баткен облусунан – 16, Жалал-Абад облусунан – 9, Ош облусунан – 19 талапкер кирген.

Белгилей кетсек, ушул жылдын 22-октябрында Бишкек шаарынын, Нарын, Талас, Чүй жана Ысык-Көл облустарынын бала бакчаларынын директорлорунун бош орундарына конкурстун жыйынтыктары жөнүндө буйрук чыккан (https://edu.gov.kg/posts/3593/).

Буйрук, тизме – файл.

Бөлүшүү

Комментарийлер