CҮЙҮНЧҮ! КЫРГЫЗСТАНДЫК ОКУУЧУЛАР ЭЛ АРАЛЫК ЖАУТЫКОВ ОЛИМПИАДАСЫНДА 4 КҮМҮШ, 13 КОЛО МЕДАЛЬ ЖЕҢИП АЛЫШТЫ

  • 15.01.2024
  • 0

Кыргызстандык окуучулар математика, физика жана информатика боюнча XX Эл аралык Жаутыков (IZHO) олимпиадасында 4 күмүш медаль, 13 коло медаль жеңип алышты.

CҮЙҮНЧҮ! КЫРГЫЗСТАНДЫК ОКУУЧУЛАР ЭЛ АРАЛЫК ЖАУТЫКОВ ОЛИМПИАДАСЫНДА 4 КҮМҮШ, 13 КОЛО МЕДАЛЬ ЖЕҢИП АЛЫШТЫ

Олимпиада 8-январдан 13-январга чейин Алматы шаарында өтүп, ага 16 өлкөдөн 700дөн ашуун окуучу катышты.

Эл аралык олимпиадага Кыргызстандын атынан алты команда жана үч окуучу жекече катышты.

Математика предмети боюнча медаль алган окуучулар:

?1. Киргизбаев Назар, Е.Б Якир атындагы №61-автордук физика-математикалык мектеп-лицей окуу комплекси,10-класс – күмүш медаль;

?2. Асанкадыров Айдин, Е.Б Якир атындагы №61-автордук физика-математикалык мектеп-лицей окуу комплекси,10-класс – күмүш медаль;

?3. Эшперов Нурсултан, “Газпром Кыргызстан” мектеби, 10-класс – коло медаль.

Тренерлери — Ишматов Мамат, Мамбетов Тимур.

Физика предмети боюнча медаль алган окуучулар:

?1. Турдукеев Атай, Эл аралык “Сапат” билим берүү мекемеси, 11-класс – коло медаль;

?2. Бектур Баратали, Эл аралык “Сапат” билим берүү мекемеси, 11-класс – коло медаль;

Тренери – Дүйшөн Сатыбалдиев.

?3. Аскар Абдиев, А.Молдокулов атындагы Улуттук инновациялык технологиялар мектеп-лицейи, 10-класс – коло медаль;

?4. Анаралы уулу Эмир, А.Молдокулов атындагы Улуттук инновациялык технологиялар мектеп-лицейи, 11-класс – коло медаль.

Тренерлери – Сабыров Чынтемир, Ажибаев Улукбек.

?5. Эмильбеков Айтегин, Эл аралык “Сапат” билим берүү мекемеси, 9-класс – коло медаль.

Тренери – Алмурза уулу Алтынбек.

Информатика предмети боюнча медаль алган окуучулар:

?1. Лебиев Абдулазиз, Эл аралык “Сапат” билим берүү мекемеси, 10-класс – күмүш медаль;

?2. Айдарбеков Алихан, Эл аралык “Сапат” билим берүү мекемеси, 10-класс – күмүш медаль;

?3. Исхак Тажибаев, “Кут-Билим” окуу-тарбия комплекси, 10-класс – коло медаль;

?4. Садирбеков Санжар, Эл аралык “Сапат” билим берүү мекемеси, 10-класс – коло медаль;

?5. Абдирасулов Абдуллахан, Эл аралык “Сапат” билим берүү мекемеси, 8-класс – коло медаль;

?6. Алманов Кутбол, Эл аралык “Сапат” билим берүү мекемеси, 10-класс – коло медаль;

?7. Джамалов Тенгиз, Эл аралык “Сапат” билим берүү мекемеси, 10-класс – коло медаль;

?8. Майрамбеков Байторо, Эл аралык “Сапат” билим берүү мекемеси, 11-класс – коло медаль.

Тренерлери – Урайымов Кылычбек, Талант Арстанов, Манас Саматов, Мирбек Бакиров, Айдар Мундузбаев, Тенгиз Беккоенов.

?9. Талыпов Эмиль, “Газпром Кыргызстан” мектеби, 11-класс – коло медаль.

Тренери – Осмонов Медербек.

Эл аралык Жаутыков олимпиадасы — мектеп окуучуларынын командалык мелдеши. Ар бир команда 3 математик, 2 физик, 2 информатик жана 2 менеджерден турат. Катышуучулар азыраак болгон командаларга же бир өлкөнүн ар кайсы мектептеринен келген командаларга катышууга уруксат берилет. Бул жылы окуучулар жекече катыша алышты.

Бөлүшүү

Комментарийлер