БЫЙЫЛКЫ ЖЫЛЫ АТТЕСТАТТАР ЖАНА КҮБӨЛҮКТӨР КАГАЗ ЖАНА ЭЛЕКТРОНДУК ВЕРСИЯЛАРДА ДАЯРДАЛУУДА

  • 06.06.2024
  • 0

БЫЙЫЛКЫ ЖЫЛЫ АТТЕСТАТТАР ЖАНА КҮБӨЛҮКТӨР КАГАЗ ЖАНА ЭЛЕКТРОНДУК ВЕРСИЯЛАРДА ДАЯРДАЛУУДА2023-2024-окуу жылынын бүтүрүүчүлөрүнө билими жөнүндө аттестаттар жана күбөлүктөр кагаз жана электрондук версияларда даярдалууда

6-июнда Билим берүү жана илим министрлиги 2023-2024-окуу жылынын бүтүрүүчүлөрүнө билими жөнүндө аттестаттарды жана күбөлүктөрдү даярдоо тартиби менен таанышуу үчүн “Учкун” Ачык акционердик коомунун басмаканасына пресс-тур уюштурду.

БЫЙЫЛКЫ ЖЫЛЫ АТТЕСТАТТАР ЖАНА КҮБӨЛҮКТӨР КАГАЗ ЖАНА ЭЛЕКТРОНДУК ВЕРСИЯЛАРДА ДАЯРДАЛУУДАБиринчи жолу Санариптик билим берүү борбору мамлекеттик үлгүдөгү документтердин электрондук версияларын https://attestat.edu.gov.kg дареги боюнча кирүү үчүн даярдап жатканын Билим берүү жана илим министринин орун басары Лира Самыкбаева жалпыга маалымдоо каражаттарынын өкүлдөрүнө кенен айтып берди:

— Бүгүн биринчи болуп Кыргызстанда электрондук аттестаттар ишке киргизилип жатат, бул зор иш болду. Өлкөбүз боюнча баардык маалыматтарды мектептерден чогулткан электрондук база түзүлгөн. Мурдакы жылдары мектептер кагаз түрүндө бааларды чогултуп, аларды райондук билим берүү бөлүмдөрүнөн “Учкун” басмасына чейин жеткирчү. Азыр мектепте балдар экзамен тапшыргандан кийин чейрек жана жылдык бааларды түздөн түз базага толтурат. Ошол база билим берүү министрлигинде бекитилип, “Учкун” басмасы дароо эле ушул базадан бааларды алып, аттестаттарды басып чагырууга жөнөтөт. Айтып кеткендей, аттестаттарда мурун баалар кара калем менен колдо жазылып, көптөгөн каталар кетчү, азыр баары өзгөргөн себеби автоматтык түрдө принтер менен чыгарылат жана мектептерде аттестаттарды толтурууга акча чогулткан жагдай токтойт.

БЫЙЫЛКЫ ЖЫЛЫ АТТЕСТАТТАР ЖАНА КҮБӨЛҮКТӨР КАГАЗ ЖАНА ЭЛЕКТРОНДУК ВЕРСИЯЛАРДА ДАЯРДАЛУУДА— Качан биртиктүү “Түндүк” системасында жеткиликтүү кыласыздар?

— Бул “Түндүк” системасы ошол база менен байланышты түзүп жатат, биз “27-июндан баштап аттестаттардын баары “Түндүк” системасында жеткиликтүү болот деп ойлоп жатабыз. Кийин дубликат, көчүрмөлөрүн чыгарууда эч кандай кыйынчылыктар жаралбайт. Анткени ошол эле “Түндүктөн” алып, кадимки принтер менен чыгара алат, мектепте басып чыгарып,  жетекчилерге кол койдуруп алса болот. Бул тогузунчу классты аяктаган күбөлүккө да, аттестатка да тийиштүү. Ошондой эле дипломдорду дагы санариптештирүү болууда, учурда платформаны даярдап жатабыз жана быйылкы жылы санарип дипломдор жеткиликтүү боло баштайт,-деди министрдин орун басары Лира Самыкбаева.

Санариптик билим берүү борборунун директору Бектурган Бабаев 2023-2024-окуу жылынын бүтүрүүчүлөрүнө билими жөнүндө аттестаттарды жана күбөлүктөрдү даярдоо тартиби тууралуу айтып берди.

БЫЙЫЛКЫ ЖЫЛЫ АТТЕСТАТТАР ЖАНА КҮБӨЛҮКТӨР КАГАЗ ЖАНА ЭЛЕКТРОНДУК ВЕРСИЯЛАРДА ДАЯРДАЛУУДА“Учкун” Ачык акционердик коомунун өндүрүштүк директору Кубат Бейшеев мындай деди:

“-Биринчиден, Билим берүү жана илим министрлиги менен сүйлөшүүлөр жүргүзүлүүдө. Алар бизге техникалык талаптарын айтышты. Электрондук аттестат жана күбөлүктөрдү ким даярдайт, кимдер иш-алып барышат, мунун баары такталып, май айынын аягында келишим түздүк. Ага чейин биз басууга керектелүүчү материалдарды алып келип, даярдык көрдүк. Басмаканадан басылып даяр болгон аттестат менен күбөлүктүн баасын монополияга каршы агенттик бекитет. Учурда иш кызуу жүрүп жатат. Министрлик жана мектептер менен бирдикте чогуу иштеп жатабыз. Келишимде көрсөтүлгөн мөөнөткө ылайык баарын өз учурунда басып, даярдап беребиз”,-деди  Кубат Бейшеев.

БЫЙЫЛКЫ ЖЫЛЫ АТТЕСТАТТАР ЖАНА КҮБӨЛҮКТӨР КАГАЗ ЖАНА ЭЛЕКТРОНДУК ВЕРСИЯЛАРДА ДАЯРДАЛУУДАБишкек шаарынын мэриясынын билим берүү башкармалыгынын башкы адиси Чынара Исакованын пикири:

— Бул программа аябай жөнөкөй, ыңгайлуу жана жеңил экен. Ар бир мектепте директордун орун басары бар, алар аттестатты жана күбөлүктөрдү толтуруу боюнча жооптуу адистер. Алар программа аркылуу кирип, мектеп окуу бөлүмүнүн башчысы толтуруп берип, директор ушул маалыматты текшерип туруп “Учкун” басмаканасына жиберет. Буга чейин ушул маалыматтарды кагаз турундө берчүбүз, электрондук формат автоматтыштырылган түрү, кийин колдонгонго жакшы экен. 2018-жылдан 2023-жылга чейин жеке маалыматты калтырган базага бааларын койгонбуз, эгер кайсы бир бүтүрүүчү  аттестат же күбөлүгүн жоготуп алса, ошол база аркылуу калыбына толук кандуу келтире алат. Кайра аттестат же күбөлүктү жасаткан учурлар болот, эгер 28-июнь күнү алсак, булар мектептерге барып эле электрондук сайтка чыгарып коюшат. 2018-жылга чейин Билим берүү министрлигинин базасында бар болчу, ар бир аттестатты текшерген сайт бар эмеспи, алар мындай эле чыгарылат, бирок автоматташтырылган жок, буга мектеп өзү жеткиликтүү кылып жатат.

Бишкек шаарынын 95 гимназиясынын окуу иштери боюнча директорунун орун басары Гүлзат Жээнбаева дагы электрондук аттестат менен күбөлүктүн  артыкчылыктары тууралуу мындай деди:

— Жакшы артыкчылыктары бар, анткени көп мугалимдерди жана мектептерди кагаз жумуштарынан арылтты, балдардын алган баалары түздөн түз электрондук журналдан аттестатка өткөрүп жатабыз. Бул класс жетекчилерди көп түйшүктүү жумуштан арылтты, анткени биз бул убакытка чейин аттестатты алып колго жазчубуз. Быйыл экзамен аяктаары менен атайын жооптуу кызматкерлерди, информатика мугалимдерин бекиттик, алар текшерилген ведомостка коюлган сабак бааларын электрондук базага түшүрүп жатышат. Мектепти бүтүрүү мамлекеттик экзамен аяктаганда  бааларын түшүрүп электрондук түрдө “Учкун” басмаканасына жиберебиз.

БЫЙЫЛКЫ ЖЫЛЫ АТТЕСТАТТАР ЖАНА КҮБӨЛҮКТӨР КАГАЗ ЖАНА ЭЛЕКТРОНДУК ВЕРСИЯЛАРДА ДАЯРДАЛУУДА— Бүтүрүүчүлөр аттестаты же күбөлүгүн жоготуп алышса, кантип  калыбына келтире алышат?

— Биз 2018-жылы бүткөн бүтүрүүчүлөрдүн  бааларын дагы электрондук системага киргиздик, алган баалары толугу менен базада турат. Биздин мектеп эки жылдан бери “электрондук түрдө түшүргөн аттестат керек” деп ата-энелердин кайрылуусу менен акы төлөп, атайын баскан жеке басмаканаларга сунуштап, ошол жактан  мурда басып чыгарылчу. Аттестаттагы бааларды колго тербей даярдап берчүбүз, жеке менчик басмаканалар ата-эненин акчасына аттестаттын тиркемесин басып, чыгарып беришчү. Быйыл электрондук системага киргендиктен эч кандай кыйынчылык жаралаган жок,  ата-энелер акчага тиркемени чыгарбай, баары бекер болот. Бул программа аябай жөнөкөй, ыңгайлуу жана жеңил экен.

Кабыл Макешов, “Кут Билим”

 

Бөлүшүү

Комментарийлер