БЫЙЫЛ ПАРИЖДЕ ЖЫЛДЫЗЫ ЖАНГАН СПОРТЧУЛАР

  • 27.12.2024
  • 0

Быйылкы жылдын эң орчундуу окуясы Париж олимпиадасы болду. 26-июлдан 11-августка чейин өткөн ХХХIII жайкы олимп оюндарына 206 өлкөдөн 10 миңден ашык спортчу катышты. Анда жалпысынан 329 комплект медаль ойнотулду.Олимпиада оюндарына Кыргызстандан 16 спортчу катышып, өлкө намысын татыктуу коргоп келишти. Кыргызстандык спортчулар Париж Олимпиадасында эки күмүш, төрт коло медаль утуп, 68-орунду ээледи. Бул эгемен кыргыз тарыхында Олимп оюндарынан эң көп медаль алган биринчи учур. Ал эми Олимпиада оюндарына Азия чөлкөмүнөн катышкан 44 өлкөнүн ичинен биздин өлкө 15-орунду камсыздады.

БЫЙЫЛ ПАРИЖДЕ ЖЫЛДЫЗЫ ЖАНГАН СПОРТЧУЛАР

Эки олимпиадада байге уткан Акжол Махмудов

БЫЙЫЛ ПАРИЖДЕ ЖЫЛДЫЗЫ ЖАНГАН СПОРТЧУЛАРМахмудов Акжол Махамаджанович 1999-жылы 15-апрелде Бишкек шаарында туулган. Чемпион эки агасын ээрчип, алты жашында күрөшкө аралашкан.Учурунда Акжол Кыргыз мамлекеттик юридикалык академиясынын адвокатура жана юстиция факультетининен  билим алган. Андан кийин Кыргыз мамлекеттик дене тарбия жана спорт академиясында билим алууда. Учурда чоңдор арасында Азиянын үч жолку чемпиону, Азия оюндарынын алтын байге ээси, Токио олимпиадасынын күмүш, Париж олимпиадасынын коло медалын тагынган дүйнөнүн эки жолку чемпиону!

2024-жылкы Париж олимпиадасында кыргызстандык күйөрмандары Акжолдон алтын медаль күткөн. Бирок, спортто жеңүү да, жеңүлүүдө болот.Парижде грек-Акжол Махмудов алгачкы атаандашы америкалык  Камал Амир Бэйди  4:1 эсебинде утуп алып, чейрек финалда казакстандык Демеу Жадраев  алдырып коюп, балбандарды соорттуучу мелдеште колумбиялык атаандашын утуп, коло медаль үчүн беттешүүдө азербайжандык Санан Сулеймановду утуп алып, экинчи ирет олимпиадалык байгелүү болду. Анын спорттогу жетишкендиктери мамлекет тарабынан 2-даражадагы “Манас” ордени жана “Даңк” ордени менен бааланган. Акула аталган Акжол жакында эле үйлөндү.

Олимпиаданын күмүш жана коло байге ээси  Айсулуу Тыныбекова

БЫЙЫЛ ПАРИЖДЕ ЖЫЛДЫЗЫ ЖАНГАН СПОРТЧУЛАР

Кыргыз спортуна эмгек сиңирген чебер өлкө тарыхында кыз-келиндерген эркин күрөштөн дүйнө чемпионатынын 3 алтын медалын тагынып, Токио олимпиадасында күмүш, Париж олимпиадасында коло байгелүү болгон даңазалуу балбан кыз. Ал Жалал-Абад облусуна караштуу Майлуу-Суу шаарында 1993-жылы 4-майда төрөлүп, балалыгы Кочкор районундагы Теңдик айылда өткөн.

Париж олимпиадасында жаракатына карабай, каармандыкты көрсөтүп, коло байгелүү болду. Эми Лос-Анжелес олимпиадасына жолдомо алып, алтын медаль утсам деп тилек кылып жүрөт.Париж олимпиадасынан кийин Айсулуу Кыргызстандын спорттук күрөш федерациясынын вице-президенти болуп шайланды. Ал өлкөдө кыз-келиндер күрөшүн өнүктүрүүгө зор салым кошуп, жаштарды шыктандырып келүүдө. Быйыл Айсулуу үчүн дагы бактылуу жыл болуп, түгөйүн таап, турмушка чыкты.

Олимпиаданын күмүш жана коло байге ээси Мээрим Жуманазарова

БЫЙЫЛ ПАРИЖДЕ ЖЫЛДЫЗЫ ЖАНГАН СПОРТЧУЛАР

Мээрим Жуманазарова дегенде ар бир кыргызстандык жана дүйнөлүк күрөш күйөрмандары маңдайы жарык, жылдыздуу, жүзүнөн жылмаюу кетпеген, атына заты жарашып, мээрими төгүлгөн атактуу балбан кызды элестетип калды. Олимпиаданын күмүш жана коло медаль ээси, Дүйнө жана Азия чемпиону, дүйнө Мээрим Рахмадиловна 1999- жылы 9-ноябрда Талас облусунун Бакай-Ата районундагы 1-Май айылында төрөлгөн.

Мээрим күрөшкө 11 жашында келип, 9-классына чейин атасынын колунда машыккан.Мээримдин жолун жолдоп, 2 сиңдиси Сезим менен Бактыгүл да күрөшкө катышып, Азия чемпионаттарында ийгиликтерди жаратып келүүдө.2021-жылы Токио олимпиадасында Мээрим коло медалга ээ болгон.

2024-жылы Париж олимпиадасында алгач дүйнө чемпионатынын жеңүүчүсү, монголиялык Дэлгермаа Энхсайханды, чейрек финалда дүйнө жана Азия эки жолку чемпиону жапониялык Нонока Озакини утуп, жарым финалда Токио олимпиадасынын күмүш байге ээси, Африканын 13 жолку чемпиону, нигериялык 35 жаштагы Блессинг Оборудуду жеңип алган. Финалда америкалык балбан Элор Амит  менен беттешип, эгемен Кыргызстандын тарыхында дагы бир олимпиадалык күмүш медалга ээ болуп, кыргыз элин кубанычка бөлөгөн эле. 25 жаштагы Мээримдин келечеги алдыда.

 Париж олимпиадасынын күмүш байге ээси Мунарбек Сейитбек уулу

БЫЙЫЛ ПАРИЖДЕ ЖЫЛДЫЗЫ ЖАНГАН СПОРТЧУЛАРМунарбек Сейитбек уулу 1996-жылы 1-январда Ош шаарында туулган. Ал Ош мамлекеттик университетинин дене тарбия факультетин бүтүргөн. 2023-жылы Ташкентте өткөн Дүйнө чемпионатында ал төрт жолу жеңишке жетип, Кыргызстандын тарыхында биринчи болуп дүйнө чемпионатында үчүнчү орунду ээлеп,коло медаль тагынган.

Париж олимпиадасынын бокс таймашууларында Мунарбек дүйнө чемпионатынын күмүш байге ээси, кубалык Орта Родригес дель Рей Сайдел Иванды,чейрек финалда 2021-жылы бокстон дүйнө чемпиону 21 жаштагы америкалык Жамал Харвини,  жарым финалда Европа оюндарынын чемпиону, Европа чемпионатынын күмүш жана коло байге ээси, Болгариянын атынан чыккан жердиги кубалык Хавьер Ибаньести жеңип, баш байгеге талапкер болгон. Финалда дүйнө жана Азия чемпиону, Азия оюндарынын жеңүүчүсү, өзбекстандык Абдумалик Халоков менен беттешип, атаандашына алтын байгени алдырып койду. Муну менен Мунарбек Сейитбек уулу күмүш медаль тагынып, Кыргызстандын тарыхында бокс боюнча Олимпиада оюндарында алгачкы байге уткан мушкер болуп калды. Мунарбек дагы быйыл түтүн булатып, үй-бүлө курду.

Париж олимпиадасынын коло байге ээси Жоламан Шаршенбеков

     БЫЙЫЛ ПАРИЖДЕ ЖЫЛДЫЗЫ ЖАНГАН СПОРТЧУЛАРГрек-рим күрөшү боюнча чыгаан кыргыз балбаны Жоламан Шаршенбековдун чеберчилигине жогору бааны дүйнөлүк адистер берип келишет. Жоламан Париж олимпиадасынын коло медалын тагынды. Ал дүйнөнүн эки жолку чемпиону, дүйнө чемпионатында эки ирет күмүш байге утуп, Азиянын үч жолку чемпиону. Ал 1999-жылы 29-сентябрда Талас облусундагы Манас районуна караштуу Баласаруу айылында туулган Ал Кыргыз мамлекеттик дене тарбия жана спорт академиясынын машыктыруучулук факультетинин бүтүргөн.

Жоламан Париждеги олимпиадалык мелдеште алгач  дүйнө чемпионатынын жеңүүчүсү, Азия чемпиону, казакстандык балбан Айдос Султангалини, чейрек финалда Европа чемпионатынын жеңүүчүсү, румыниялык Разван Арнаутту артыкчылык менен утуп, жарым финалда жапон балбаны, Токио олимпиадасынын күмүш медалынын ээси, Азия чемпиону Кеничиро Фумитага бир упай айырма менен жеңилип калган. Бул ирет Жоламан каталыгын оңдоп, жолборстой шамдагайлыгын, чеберчилигин көрсөтүп, Париж олимпиадасынын коло медалын тагынды. Ал коло байге үчүн күрөштө ирандык Мехди Мохсеннежад беттешип, атаандашын 3:1 эсебинде жеңди. Жоламан дагы быйыл үйлөндү.

Париж олимпиадасынын коло байге ээси Үзүр Жусупбеков

БЫЙЫЛ ПАРИЖДЕ ЖЫЛДЫЗЫ ЖАНГАН СПОРТЧУЛАР

Олимпиада оюндарынын коло медаль ээси, Азия чемпиону, Азия оюндарынын байге ээси, грек-рим күрөшү боюнча балбан Үзүр Жусупбеков Париж олимпиадасында тарыхый эрдик жаратты.

Үзүр 1996-жылы 12-апрелде Талас облусунун мурдакы Кара-Буура учурдагы Айтматов районундагы Кызыл-Адыр айылында жарык дүйнөгө келген.

Үзүрдүн Юридикалык академиядан алган бакалавр диплому бар. Ошондой эле магистратураны бүткөн. Учурда Кыргыз мамлекеттик дене тарбия жана спорт академиясынын студенти.

Ал Париж Олимпиадасында жалпысынан төрт беттеш өткөргөн.  Алгач 1/8 финалда литвалык Миндаугас Венцкайтисти утуп, чейрек финалда дүйнө чемпиону, Азиянын эки жолку чемпиону, Токио олимпиадасынын коло байге ээси, ирандык Мохаммадхади Саравиге жеңилип калган. Ирандык балбан финалга чыкканы үчүн Жузупбеков көңүл жубатуучу таймашка чыгууга мүмкүнчүлүк алып, АКШ балбаны Жосеф Патрик Рауну жеңип, коло байге үчүн таймашка жолун ачкан эле. Ал 3-орун үчүн беттеште Африка оюндарынын жеңүүчүсү, Африка чемпиону, египеттик Мохамед Габрды жеңип, коло медаль тагынды. 28 жаштагы Үзүр Олимпиада оюндарына экинчи жолу катышты. Ал Токио Олимпиадасында 10-орунду ээлеген.

Үзүр дагы быйыл өз сүйгөнүн тапты.

Спорттогу ийгилик –бул талыкпас эмгек, мекенчилдиктин кайталангыс үлгүсү! Анткени алар багындырган жеңиштер менен канчалаган жаштардын жүрөгү толкуйт, мекенчил сезимдери ойгонот. Эми алдыда, 2028-жылы Американын Лос-Анжелес шаарында өтө турган Олимпиада оюндары турат. Кийинки Олимпиадага азыртан кам көрүп, кетирген кемчиликтерди жакшылап изилдеп, талдап чыгып, татыктуу даярдануу, спорттогу тарыхыбызды кайрадан алтын тамгалар менен жазуу милдети турат.

Кабыл Макешов,

 Кыргыз Республикасынын маданиятына эмгек сиңирген ишмер, “Кут Билим”

 

Бөлүшүү

Комментарийлер