БЫЙЫЛ БИШКЕКТЕ 308 КЫРГЫЗ КЛАССЫ АЧЫЛДЫ

  • 24.10.2024
  • 0

Быйылкы окуу жылында Бишкек шаарында 308 кыргыз классы ачылды. Бул тууралуу билим берүү жана илим министри Догдуркүл Кендирбаева Кыргыз мамлекеттик техникалык университетинде жогорку окуу жайлардагы мамлекеттик тилдин абалы жана окутуу маселелерин талкуу учурунда билдирди. 

Форумга Мамлекеттик тил жана тил саясаты боюнча улуттук комиссиянын төрагасы М. Мураталиев, ЖОЖдордун ректорлору, проректорлору жана мамлекеттик тил боюнча эксперттер катышты.

Билим берүү жана илим министри Догдуркүл Кендирбаева мектептин жеке менчик түрүнө карабастан кыргыз класстарын ачуунун үстүндө иштеп, 308 кыргыз классы пайда болгонун билдирди.

“Биз мугалимдерди даярдап жатабыз. Кыргыз тилине эң көп саат бөлүнөт, бирок 1-11-класска чейин кыргыз тилинде окуп, сабаттуу жаза албаган, оюн толук кандуу кыргыз тилинде түшүндүрө албаган балдарды көрүп жатканыбыз өкүнүчтүү. Бизде лингвистикалык курак деген бар. Баланын тили беш жашка чейин калыптанат, биз ошол жерден уттуруп жатабыз. Баланын көргөн-билгени бүт орус же англис тилинде. Биз балдардын тилин өнүктүрүүгө багытталган чөйрө даярдашыбыз керек, мультфильмдерди коштоо тили кыргыз тилинде болушу шарт”, – деди министр.

Догдуркүл Кендирбаева окуу китептеринде да өксүктөр бар, анткени терең жана оор жазылган китептер жок эмес деп, быйыл китеп маселесине акыркы чекит коюлат деди.

“100 пайыз жаңы муундагы китептер менен жаңылоо үчүн  8 млрд 600 млн сом керектелет. Жакында эң алдыңкы эл аралык китептер кыргыз тилинде мектептерге жетет. Жаңыланган китептер кыргыздын символикалары, улуттук колоритте, инсандын баалуулуктарын урматтоого багытталган стандарттарды иштеп жатабыз”, – деп кошумчалады.

Форумда бардык дисциплиналар боюнча окуу куралдарын, усулдарын чыгаруу, башка тилдерден которуу иштеринин жүрүшү, ЖОЖдордогу кыргыз филологиясы факультеттеринин окуу программасына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду (котормо, терминология сабактарын) киргизүү, автордук колдонмолору бар тажрыйбалуу окутуучулардын усулдарын ЖОЖдор арасында жайылтуу, окутуучулардын, мугалимдердин квалификациясын жогорулатууну уюштуруу жана ишке ашыруу, кыргыз тилин эне тил, экинчи тил жана чет тили катары окутуу маселелери каралды.

Бул иш-чара мамлекеттик тилди өнүктүрүүнүн маанилүү кадамдарынын бири. Ар бир жогорку окуу жайда кыргыз тилинин ордун бекемдөө жана аны билим берүүдө негизги тил катары жайылтуу боюнча иштер жүрүп жатат деди уюштуруучулар.

Эльвира Какиева, “Кут Билим”

Бөлүшүү

Комментарийлер