“БОРБОРДУК АЗИЯ – КОРЕЯ РЕСПУБЛИКАСЫ” КЫЗМАТТАШТЫК ФОРУМУ БОЛУП ӨТТҮ

  • 26.11.2020
  • 0

25-ноябрында Корея Республикасынын Сеул шаарында “Борбордук Азия – Корея Республикасы” кызматташуусунун 13-форуму болуп өттү. Форумду Корея Республикасынын Тышкы иштер министрлиги уюштурду.

Форумга Борбордук Азиянын беш өлкөсүнүн жана Кореянын өкүлдөрү катышты. Алар COVID-19 жана билим берүү, саламаттык сактоо, айлана-чөйрөнү коргоо тармактарында туруктуу кызматташууну талкуулашты.

“БОРБОРДУК АЗИЯ – КОРЕЯ РЕСПУБЛИКАСЫ” КЫЗМАТТАШТЫК ФОРУМУ БОЛУП ӨТТҮ Билим берүү министрлиги Форумга видеоконференция форматында катышты. Министрлик форумдун катышуучулары менен COVID-19 пандемиясы учурунда Кыргыз Республикасы дистанциондук режимде билим берүүдөгү уникалдуу тажрыйбасы жана жетишкендиктери менен бөлүштү.

“БОРБОРДУК АЗИЯ – КОРЕЯ РЕСПУБЛИКАСЫ” КЫЗМАТТАШТЫК ФОРУМУ БОЛУП ӨТТҮ

КР БИМдин Мектеп жана мектептен тышкаркы билим берүү башкармалыгынын жетекчиси М. Ж. Үсөналиев “Дистанциондук билим берүү технологияларын колдонуу менен онлайн окутуу” темасында доклад жасады. Докладда Кыргызстан 2020-жылы абитуриенттерди ЖОЖдорго толугу менен онлайн кабыл алууну уюштурганы айтылды. Муну менен Кыргызстан региондогу өлкөлөрдөн өзгөчөлөндү. Ошондой эле, аралыктан билим берүү процессинде жаралган суроолорго Министрликтин ыкчам аракеттерди жасаганы белгиленди. Пандемия учурундагы жаңы окуу шарттарына кабылган окуучулар, ата-энелер жана мугалимдерге квалификациялуу адистер тарабынан 24 саат бою психологиялык жардам көрсөтүлүп жаткандыгы маалымдалды.

КР БИМдин басма сөз кызматы

Бөлүшүү

Комментарийлер