БОРБОР АЗИЯНЫН ЭКСПЕРТТЕРИ КЕСИПКӨЙЛҮКТҮН ШАЙКЕШТИГИН ТАЛКУУЛАШТЫ

  • 21.10.2024
  • 0

Үстүбүздөгү жылдын 15-октябрынан 17-октябрына чейин Бишкекте DARYA долбоорунун алкагында «Борбордук Азиядагы көндүмдөр жана квалификациялар чөйрөсүндөгү аймактык кызматташуу» темасында алдынкы эксперттердин жана кызыкдар тараптардын жолугушуусу болуп өттү.

БОРБОР АЗИЯНЫН ЭКСПЕРТТЕРИ КЕСИПКӨЙЛҮКТҮН ШАЙКЕШТИГИН ТАЛКУУЛАШТЫ

Иш-чарага Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министринин орун басары Расул Абазбек уулу жана Башталгыч кесиптик билим берүү башкармалыгынын башчысы Гүлнур Мамырова катышты.

БОРБОР АЗИЯНЫН ЭКСПЕРТТЕРИ КЕСИПКӨЙЛҮКТҮН ШАЙКЕШТИГИН ТАЛКУУЛАШТЫ

Иш-чаранын программасы Батыш Балкан өлкөлөрүнүн, Франциянын жана Латвиянын тажрыйбалары боюнча презентацияларды камтыды.

Жолугушууда Борбор Азиядагы экономикалык, саясий жана социалдык кызматташтык боюнча DARYA долбоорунун изилдөөсүнүн жыйынтыктары сунушталды. Изилдөө кесиптик көндүмдөрдүн жана квалификациялардын чөйрөсүндө тыгыз кызматташуунун зарылдыгын аныктады.

Келечекте Борбор Азия өлкөлөрүнүн өкүлдөрү кесиптик даярдоо стандарттарын шайкеш келтирүү боюнча жол карталарын даярдашат, бул экономикалык интеграцияга салым кошот.

БОРБОР АЗИЯНЫН ЭКСПЕРТТЕРИ КЕСИПКӨЙЛҮКТҮН ШАЙКЕШТИГИН ТАЛКУУЛАШТЫ

Бөлүшүү

Комментарийлер