БООРУКЕР ЖАШТАР

  • 22.12.2023
  • 0

Жакында Кыргызстан эл аралык университетинин Филология бөлүмүнүн студенттери борборубуздагы Карылар үйүндө болушуп, ал жердеги кары адамдарга өз колдору менен жасаган тамак-ашын тартуу кылышты.

БООРУКЕР ЖАШТАР

Аталган окуу жайда окуган студент жаштар балдар жана карылар үйлөрүнө такай барып, өздөрүнүн колдон келген жардамын берип турушат.

— Бул жолу студенттерибиз үйдөн чоң казанга күрүч демдеп алып барышты. Үйдүн тамагы карыяларга абдан жакты. Алар жаштарга жакшы каалоолорун айтып, ак баталарын беришти, — дейт Кыргызстан эл аралык университетинин Филология бөлүмүнүн башчысы, филология илимдеринин доктору, профессор Зина Караева.

А.АЛИБЕКОВ, «Кут Билим»

Бөлүшүү

Комментарийлер