БОЛОЧОК ПРЕЗИДЕНТТИ ДА ОКУТКАН МАМАТЕМИН АЙЫЛЧИЕВ АГАЙ

  • 12.02.2018
  • 0

БОЛОЧОК ПРЕЗИДЕНТТИ ДА ОКУТКАН МАМАТЕМИН АЙЫЛЧИЕВ АГАЙ

Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген мугалими, белгилүү коомдук ишмер  Маматемин Айылчиевдин 80 жылдыгына карата бейнесине сүртүмдөр

Байтүп дарак

КРнын эмгек сиңирген мугалими Мамтемин Айылчиев агай биз менен болгон маегинде билим берүүнүн оош-кыйышы жөнүндө кеп козгоп олтурду. Өмүрүнүн 40 жылын билим берүүгө арнаган агайдын жүзү мага абдан жылуу сезилди. Ал ардактуу эс алууда болсо да мектептен алыстабай, жаш мугалимдер менен жолугуп, насаатын байма-бай айтып турат. Жашы 80ге чыгып калса да басканы  шайдоот. Баягы жаш кездеги жигердүүлүгү калбаптыр. Мектепте жетекчилик кызматтарда 26 жыл иштеген кездеги учурларын айтып олтурду. Маматемин агай КРнын Президенти Сооронбай Жээнбековду да окутканын эскере кетти.

-«Карындагы баланын хан болорун ким билет» дейт кыргызда. Мен окуткан балдарымдын эң мыктыларынын бири-Сооронбай окуучум жалпы журттун ишенимине ээ болгондо аябай кубандым. Олтуруп алып анын бала кезин элестеттим. Шыңга бойлуу, спортко ышкысы бар, зирек, тартиптүү бала эле. Окууну да жакшы бүттү. Шарип акеден таалим алган бала кантип жаман болсун. Мектеп да ага мыкты тарбия, билим берди. Эсимде, баскан-турганы токтоо, жөнөкөй, абийирдүү, адептүү бала болчу. Жолдош-жоролору менен да ынтымактуу, алардын арасында кадыр-баркы чоң экени көрүнүп турчу. Мен ушуларды эстеп ичим жылып, ошол кездеги Сооронбай окуучумдун мектептеги учурун сыдыргыга салып, сыймыктанып турган учурум. Бул мугалим үчүн зор бакыттыр. Бардык эле мугалимдердин окуучулары президент боло бербейт да, туурабы. Мен бир кездеги окуучум, азыркы КРнын Президенти Сооронбай Жээнбековго жалпы элдин жоопкерчилигин мойнуна алган ишине ийгилик каалайм. Президентибиз Кыргыздын Барсбегиндей мыкты ажо болушун тилеймин,-дейт Маматемин агай кубанып. Агайдын колунан кимдер гана окубады. Белгилүү коомдук ишмер К.Осмонов, окумуштуу К. Ибраимов, К.Осмоналиев, Т.Мамашев да анын окуучулары экен. Санай берсе көп. Көрсө мугалимдин эмгегин мезгил баалайт турбайбы. Маматемин агайдын эмгегине саресеп салган адам чыныгы элдик мугалим экендигине ынанат. Кара-Кулжада агайды билбеген адам аз чыгар. Президенттин агасы белгилүү окумуштуу, раматылык  Кантөрө Токтомаматов да агайдын тарбиясын алыптыр. Анын баарын айтып мактаныч кылбай, салабаттуу олтурган Маматемин агай мага мөмөсү ийилген бактай, байтүп дарактай сезилди.  Эмесе, агайдын өмүр баянына кыскача кылчайсак, Айылчиев Маматемин 1938-жылы Кара-Кулжа районунун «Миң Өрүк» кыштагында туулган. Ал Токтогул атындагы орто мектебин ийгиликтүү аяктаган соң Ош мамлекеттик педагогикалык институтун бүтүргөн.

1961-жылдан Совет районундагы Кара-Кулжа орто мектебинде физика сабагынын мугалими болуп иштей баштаган. 1965-1969-жылдары Совет районундагы «Кызыл-Жол» орто мектебинде, Кара-Кулжа орто мектебинде орус класстарында физика мугалими болуп иштеген. 1970-1972-жылдары Совет райОНОдо инспектор болуп кызмат кылган. 1972-1977-жылдары Кара-Кулжа мектебинде завуч болуп иштеген. 1977-1985-жылдары Кара-Кулжа орто мектебинин директору, 1985-1987-жылдары Токтогул орто мектебинин директору, 1987-1990-жылдары Ленин атындагы орто мектебинин директору, 1990-1993-жылдары Кара-Кулжа айылдык кеңешинин төрагасы, 1993-1998-жылдары Шарип Жээнбеков атындагы жатак -лицейинин директору болгон.  1998-жылдан О.Сайдилканов атындагы  автордук мектеп менен  Шарип Жээнбеков атындагы интернат- лицейинин жамааттык кеңешинин төрагасы болуп 2001-жылга чейин иштеген. Азыркы учурда айылдын ардактуу аксакалы, айылдык жамааттын активдүү мүчөсү. Маматемин агайыбыз 80дин кырына келип турган кези. Биз агайга чың ден соолук, узак өмүр тилейбиз.

Майрамбек Токторов,

«Кутбилим»

БОЛОЧОК ПРЕЗИДЕНТТИ ДА ОКУТКАН МАМАТЕМИН АЙЫЛЧИЕВ АГАЙ

Маман агайды биз, окуучулары, кумир туттук

Адамзаттын ашкан акылдуу китептеринин бири «Библияда — эч кимди кумир тутпа» деп айтылат. Бирок, биз ага карабадык, агайды кумир туттук. Анткени, агайыбыз ошого татыктуу эле. Баарыбыз агайдай болсок деп, ага окшошкубуз келчү. Азыр да көз алдыбызда: Маман Айылчиев агайыбыз класска шайдоот кирип келип, физик, астрономиядан сабак бере баштаганда, ой-кыялыбыз алда кайда сабалап учуп, учу-кыйырсыз ааламдарга сүңгүп кеткендей болчубуз. Ал бизге негедир бүт дүйнөнүн жаратылышын, түзүлүшүн, табиятын таанып билген олуя аалымдай сезилчү.

Арийне, кан дүргүп, дене-бойду тестостерон  дүүлүктүрүп турган өспүрүм  чакта,  эркек балдарга караганда эртерээк жетилген бийкеч кыздарды макро дүйнө менен микродүйнөнүн дүйүм сырлары кайдан кызыктырсын. Ошондой сабактарынын биринде арткы партада олтурган классташ кызыбыз Анаркан Сыдыгалиева мугалимдин дарсы менен эч иши жок, күзгүгө каранып, сыланып-сыйпанып атканын байкап калган агайыбыз: «Сыдыгалиева, сенин сулуу экениңди баарыбыз эле билебиз. Азыр эми сабакка көңүл бур», — деп сылык-сыпаа уяткарып койгону али да эсимде. Азыр ал кызыбыз – Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген артисти. Албетте, биздин ушундайча калыптанып, өсүп-өнгөнүбүзгө асыл агайыбыз Айылчиев Мамандын да салымы өзгөчө салмактуу болгону өзүнөн-өзү түшүнүктүү.

Ал кезде окуудан тышкары, баардык айыл чарба жумуштарына жигердүү катыштык. Ошондо Маман агайыбыз оор иштен чаалыккан окуучуларын жубатып, көңүлдөрүн көтөрүү үчүн өзү сценарий жазып,  мандалина чертип, ар кандай оюн-зоокторду уюштурганы дале унутула элек. Агайыбыз азыркы тил менен айтканда, бир гана интеллектуал, музыка-ыр жандуу болбостон, спорт жаатында да абдан ышкыбооздугун ырастаган, ар тараптуу өнүп-өскөн  гармониялуу инсан экенин биз, окуучулары, ар дайым сыймыктануу менен эскере алабыз.

Калык Ибраимов, КурманбекОсмонов

Маман агайга өмүр бою ыраазымын

Менин адам, адис катары калыптанышыма зор таасир тийгизген адамдар көп. Мына ошол адамдардын арасында кырк жыл мурун бизди турмуш жолу тагдырлаш кылып койгон мугалим агайым – Айылчиев Маман менин жүрөгүмдөн өзүнчө орун алган.

Ал жылдары «Кара-Кулжа» мектебинин жаш завучу Маман Айылчиев  менен таанышып калдым. Ошол убакта агай кыркка да чыга элек экен. Бет аарчынын төрт учун ар бирин өзүнчө түйүп, аны топу сыяктуу башына кийип алып, Маман акенин волейбол ойноп жатканы алигиче көз алдыма элестейт. Андан башка дагы  мандалинде ойноп, ыр жазгандагысычы. Чоң мектепте жаш мугалимдер көп эле, ал эми биздин баштоочубуз, уюштуруучубуз жана демилгечибиз, албетте, Маман аке болгон.

Мен Маман акеге өмүр өткөнчө абдан ыраазымын. Ал завуч, андан кийин директор болуп турганда, жаңы коллегаларыма эки жыл иштеп кеткен кичинекей сегиз жылдык мектептин иши жөнүндө педсоветтерде көп мисал келтирчү элем. Бирок, Маман аке коллективдин астында бир да жолу шагымды сындырып, мени каккан жок. Менин айткан сунуштарымды угуп, тамашалагандай, бирок адилеттүүлүк менен: «Биз Гүлжигит айтып жаткан мектептен кем болобузбу?», — деп сөзүн жыйынтыктап койчу.

Жыл сайын күзүндө биз пахта тергени бир-бир жарым айга окуучуларыбызды Кара-Суу районуна алып барчубуз. Албетте, ошол күндөр бир топ түйшүктүү жана татаал күндөр болчу. Бирок ошого карабастан ал татаалдыктар бизди жакындатып, бири-бирибизди жакшыраак билүүгө мүмкүнчүлүк, шарт болгон экен.

1978-жылдын башында Маман аке экөөбүз бир күндө КПССтин катарына мүчөлүккө  кандидат болдук. Ошол эле жылдын жайында мен Фрунзе шаарына Илимдер академиясынын Тил жана адабият институтуна иштегени кеттим. Бирок Ошко барган сайын Кара-Кулжага барып мугалимим, аке-досум, андан тышкары он жыл мурун Меккеге барып ажы болуп келген Айылчиев Маман акем менен жолугушуу мен үчүн чоң ыракат болчу.

Азыркы күндө аксакалды балдары жана неберелери  курчашып, өмүрүн күнүгө узартып жатышат. Мен дагы: «Оо, кудай, Маман акеме ден соолук жана узак өмүр берегөр!», — деп жараткандан суранам.

Соронкулов Гүлжигит, Кыргызстан жазуучулар, союзунун мүчөсү, педагогика илимдеринин кандидаты, доцент.

Ак эмгеги менен кадыр-барк чогулткан

Айылчиев Маматемин акени 1972-жылы, ал Кара-Кулжа орто мектебинин окуу бөлүмүнүн башчысы болуп иштеп жаткандан бери билемин. Мен Комсомолдун Совет районунда мектептер боюнча  секретары болуп иштеп калдым. Ал райондук билим берүү бөлүмүндө инспектор болуп иштеп калган экен. Экөөбүз жаңы окуу жылынын башталышына байланыштуу Алай-Куу зоонасынын мектептерин кыдырып келүү үчүн чогуу командировкага  чыгып калдык.

Биз барган мектептерде аны болуп көрбөгөндөй  сый- урмат менен тосуп алып жатканын көрүп, бул киши мындай абийирди кандай таап  алганына таң калдым.

Муну айтканымдын себеби, райондун кайсы жеринде билим берүүдө аксаган мектептерге Маматемин акени директор кылып жөнөтүп турган. Ал киши бул мектептерди бир же эки жылда тартипке салып, райондогу алдыңкы мектептердин катарына теңеп келген.

Мен ал кишиден кийин Кара-Кулжа айылдык кеңешинин төрагасы  кызматын өткөрүп алдым. Маматеминден кийин ошол деңгээлде иш алып барыш мен үчүн аябай кыйын болду. Бирок ошол кишинин айткан акылы, көрсөткөн жолу менен иш алып барууга аракет кылып жүрдүм.

Маматемин акенин өзүнүн  тарбиялап өстүргөн балдары, кыздары да мыкты чыгышты. Андан окуган балдар азыр Кыргызга төбөсү көрүнгөн ишмерлер болушту.

Акбар Исраилов,

Кара-Кулжа районунун «Ардактуу атуулу»  

 Арыбаңыз агай

Маматемин Айылчиев агайды 1985-жылдан баштап  мурдагы Токтогул, кийинки Субан уулу Алмаз атындагы орто мектепте чогуу иштегенден бери  жакшы билем. Чындыгында мектепте окуу-тарбия иштеринин жүрүшү, окуучулардын билим сапаты, жамааттын ишке болгон мамилеси, чыгармачылык чөйрө анча эмес болчу. Маман агайдын биздин мектепке келишинин башкы максаты да ушул болгон. Жыйынтыгында көптөгөн аракеттердин аркасы менен педжамааттын ортосунда чыгармачылык чөйрө түзүлүп,  мугалимдер алдыңкы  усулдарды колдонуу менен мыкты сабактарды өтүшүп, окуучулардын да билимге болгон мамилеси түп-тамырынан бери өзгөрдү. Бардык предметтер боюнча окуу кабинеттери түзүлүп, аны жасалгалоонун жана жабдуунун пландары ишке ашырылды. Мындан тышкары, мектепте кесипке багыт берүү кабинети райондо биринчи жолу  агайдын демилгеси менен түзүлүп, мунун базасында райондук семинар өткөрүлдү. Бирок Маман агай бизден Кара-Кулжа кеңешинин төрагалыгына кетип  жатканда, мугалимдерибиздин  көпчүлүгү кетиргиси келишпей, ыйлап коштошушкан.

Абжалил Тайгелдиев, шакирти.

  Маматемин  далай мектептерди алдыга сүрөдү

1969-жылдары мектебибизде директорлор бир жылдан араң чыдап алмашып турду. Качан гана Маман агай  коммунист болуп, директорлук ишке келгенден кийин мектеп оңолду, ызы-чуулар басылды,  интригалар жоголду, окуу-тарбия иши алга жылды. Себеби, бардык ийгиликтер жетекчиден, Маман агайдан болду. Ал кишинин кадыр-баркы окуучулардын, мугалимдердин, ата-энелердин, коомчулуктун арасында абдан бийик эле.

Кара-Кулжа мектебин  алдыга чыгарып койгондон кийин агайды чоңдор оңдойсуң деп ызы-чуулу мектептерге жөнөтүп турушту. Акырында Айыл өкмөттүн башчысына шайлашты. Аны да абийирдүүлүк менен аткарды.

Айрыкча Кара-Кулжа мектебинде директор кезинде өзөндөгү «Тынчтык» паркын уюштурганда тикесинен тик турду. Натыйжада14 миң ар түрдүү көчөттөр отургузулуп,  бакыйган чоң бак пайда болгон.

Исматулла Парпиев, ардагер мугалим

Ал багбан да, дыйкан да болду

Адамды элге тааныткан адал эмгеги, эс тутуму, адамгерчилиги жана кесипкөйлүгү турбайбы. Мен Маметеминди мыкты мугалим катары узак  жылдардан бери жакшы билем. Ал мугалим эле эмес мал багып, жер иштеткендин да устаты. Багбанчылык да жайы бар.

Сейтакун Ибраимов, КРнын эмгек сиңирген дарыгери. Райондук ардагерлер кеңешинин төр агасы

Бетти даярдаган Майрамбек Токторов,

«Кутбилим»

 

 

 

 

 

Бөлүшүү

Комментарийлер