«БОЛО БЕРЕТТИН» КЕСЕПЕТИ ООР БОЛОТ

  • 01.02.2022
  • 0

Лебединовка айылындагы мектептин мугалими окуучусун жулкулдатып жатканда тартылган тасма интернетке тарап, акыры ал жумушунан кетүүгө арыз берди. Ал мыкты эжейлердин бири болчу, атайылап эле ушундай чыр чыгарышты дегендер да бар. Башка бир мисал – Оштун Кара-Суусундагы мектептин деректири окуучусун тепкилеп, бутун сындырыптыр … Ушунчага жеткирбеш үчүн эмне кылуу керек?

Зомбулук баланын инсанын сындырат

Мугалимге эмгек жолунда ар түрдүү окуучулар менен иштешкенге туура келет. Айрыкча өспүрүм курактагы балдарды окутканда чырдуу кырдаалдарды жөнгө салуу керек болот.

Кесипкөй мугалим агрессиялуу окуучу менен иштешкен учурда баланын ар бир сөзүн, иш-аракетин талдап, ага кылдат мамиле жасоого өтүшү абзел.

Себеби баланын агрессиясынын артында көп нерсе жатышы мүмкүн. Алсак, бала өзү да зомбулукка кабылып же ата-энесинин мээримине таңсык болуп жүргөн болушу да ыктымал, өзүнө болгон ишеними жок болуп, башкалардын көлөкөсүндө калып, лидерликке жетүүнүн жолун агрессия деп түшүнүп жүрүшү же жетишпеген турмуштун айынан теңтуштарынан басынып жүргөн болушу мүмкүн.

Балага чоң кишилер намыска тийген сөздөрдү айтып, басынткан учурларда ал да каяша сүйлөп, каршылык көрсөтүүгө мажбур болот.

Кандай болгон күндө да мугалим агрессиянын себептерин талдап түшүнүүгө аракет жасаганы туура. Ошондо гана ал кырдаалдан чыгуунун жолдорун көрө алат.

Педагогикада агрессиялуу окуучу менен иштешүүнүн түрдүү-түмөн жолдору бар. Алардын ичинен бул учурлар өзгөчө белгиленет:

— Мугалим эч качан окуучунун агрессиясына каршы кайра агрессиялуу мамиле жасабашы керек.

— Кол көтөрүүгө дегеле болбойт!

— Мындайда окуучунун намысына тийип сүйлөө да тескери натыйжасын берет.

— Курулай акыл-насаат айтуу, башкаларга салыштыруу да бул учурда жардам бербейт. Мындай мамиле окуучуну, тескерисинче, ого бетер кыжырлантып, досторунун көзүнчө басынтып, агрессиясын күчөтөт.

— Мен мугалиммин, мени угушуң керек деп авторитетине таянуу, буйрукчул тон менен сүйлөө да кырдаалды кайра чыңалтат.

Кесипкөй мугалим – балага эң биринчи кезекте жардам колун суна турган асыл адам.

Көчөдөгү киши сөгүнгөн баланы уруп-сабап кетиши мүмкүн, ата-эне да баласын түшүнбөй чыр-чатакты ырбатып алышы ыктымал.

Бирок мугалим – бул жогорку окуу жайдан атайын билим алган, педагогиканын, психологиянын теориялары менен куралданган адис болгондуктан, анын профессионалдык психологиялык жардамга муктаж болуп турган бала менен тирешип, чыр-чатакты ырбатууга барганы туура эмес.

Эгер окуучунун агрессиясынын тамыры тереңде болсо, анда мугалим аны адис психологдорго жибериши керек. Илдетти өз учурунда байкоо, анын алдын алууга жардам берүү да кесипкөй мугалимдин гана колунан келе турган иш.

Айрыкча өткөөл курч мезгилдеги өспүрүм балдар менен иштөөдө мугалимден баланы уга билүү чеберчилиги талап кылынат. Уга билүү үчүн эмпатиялык мамиле (баланын жан дүйнөсүн, психологиялык абалын сезе, түшүнө билүү) абдан зарыл.

Ушундай жол менен гана мугалим окуучунун ишенимине кире алат.

Окуучунун ишеним артуусу – бул мугалим үчүн эң чоң жетишкендик.

Уруп-согуу менен эч качан маселе чечилбейт. Токмок жеген бала зомбулукка кабылган бала. Балага зомбулук көрсөтүү менен кайра аны башкаларга зомбулук жасоого түртөбүз.

Биз дайыма окуучу мугалимди сыйлаш керек дейбиз. Бирок сый көргөн киши гана сыйлаганды билерин эске ала бербейбиз.

Ошондуктан мугалим да окуучусун сыйлаганды билгени оң.

Окуучуну сыйлоо – бул анын сөзүнө кулак төшөө, баарлашуу менен түшүнүшүү, айткан пикирин сыйлоо, калпыс пикир айткан учурда, ар түрдүү окуяларды, көйгөйлөрдү чогуу талкуулоо менен туура чечим чыгарууга багыт берүү.

Мугалимдин ушундай сый мамилесин көргөн окуучу өзүн сыйлаганды үйрөнөт. Өзүн сыйлаган окуучу сүйлөгөн сөзүнө, жүргөн-турганына көңүл бура баштайт. Башкалардын сыйынан кетип калбайын деген жоопкерчилиги пайда болот.

Мугалим менен окуучунун ортосундагы сый-урматты күн сайын өнүктүрүп, бекемдей жүрүү керек. Ар бир сабакта темага байланыштырып балага орток жалпы баалуулуктарды сиңирүү, анын көз карашын, ички маданиятын өстүрүү – мугалимдин эң башкы милдети.

Кесипкөй мугалим болуу оңой эмес. Анүчүн бийик адамгерчилик, терең билим, күчтүү методика, сабырдуулук сыяктуу сапаттар болушу керек.

Гүлзада Станалиева,

Кыргыз-Түрк “Манас” университетинин улук окутуучусу,

филология илимдеринин кандидаты

P.S. “Жердеги жылдызчалар” (“Звездочки на земле”) аттуу бул фильм бардык мугалимдерге түртүндү болгон баланын жүрөгүнө жол тапкан өзгөчө МУГАЛИМ жөнүндө.

Сөзсүз көрүңүздөр. https://www.youtube.com/watch?v=n74DOt6scb4&fbclid=IwAR0fqPaik-BP9p-B6khORo5oJTFKRiuE9FnF-32cZPfMn6ozbWcbn2XBY9s

 

Кагып-силкүү устатка жарашпайт

Тарбиялайбыз деп кагып-согуп, кээде сабап койгондун балага тийгизген таасири аябай жаман болот. Бала корккону үчүн эмес, өз акылы менен түшүнгөнү үчүн туура жолду тандашы керек. Уруп-согууга көнгөн бала өз кадырын билбейт, өзүн алсыз сезет, кийин чоӊойгон сайын ар кандай чыр-чатакты күч менен «чечкенге» ыктап калат.

Ата-энеси зомбулукка таянып «тарбиялаган» балдар зулум болуп өсүшү толук ыктымал. Зомбулуктун психологиялык, эмоциялык, кара күч ж.б. түрлөрүнөн алынган запкы баланы өмүр бою коштоп, жашоосуна терс таасирин тийгизиши мүмкүн. Ошол себептен мугалим эле эмес, ата-эне да балдарына кол көтөрбөшү керек. Акысы да жок.

Кыргызстандын шартында мугалимдин айлыгы аябай аз, сабактан тышкары да кагаз иштери көп. Окуучунун баары тартиптүү эмес, арасында мугалимге каяша айтып, сабакка катышпай, качкандар болот. Класстардагы окуучулардын саны ченемден ашып кетүүдө. Коомдо да бул кесип такыр бааланбайт.

Ушулардын баарын эске алганда, мугалим болууну чечкен адам — балдарды сүйгөн чыныгы педагог десек болот. Андай мугалимдер бар! Алар окуучу тартип бузган учурда маселени агрессия эмес, диалог аркылуу чечет деп ишенем. Чыныгы устаттарга алкыш!

Анан эптеп эле айылда да, шаарда да иш табылат деп же ЖРТдан башкага баллы жетпей калганы үчүн же сырттан окууга тапшыра коюп, университетти дипломун алуу үчүн гана аттап, педагогиканын «П’сын» түшүнбөгөндөр мугалим болуп жатканын да айта кетели. Алар балдарга керектүү билим бербегени аз келгенсип, өткөөл курактагы окуучулардын тилин таппай, бутун сындыра койгон учурлар катталып жатат (жаңылыктардан окудум).

Окуучуларды сүттөн чыккан ак кашык деп актабайм. Арасында чектен чыккан тартипсиздери да көп. Бирок бала деген бала да. Өткөөл куракта жок дегенде бир ирет шоктук кылбаган бала болобу? Алар чоңдорго окшоп баарын аң-сезим менен толук түшүнө элек да. Аны уруп-сабоо аркылуу тартипке келтирүүнүн өзү акмакчылык.

Чыныгы педагог кандай гана учур болбосун зомбулукка жеткирбей маселени чече билиши керек. Эмоциясын тизгиндей албай турган болсо, балдар менен иштешүүнүн жаңы методдорун үйрөнүшү керек. Такыр эле болбой жатса, балдарга нерви чыдабаса, сүйбөсө, кесибин алмаштырсын. Айлыктын аздыгы, жумуштун көптүгү балдарга кол көтөрсө боло берет дегенге шылтоо болбошу керек. Эч ким эч кимди кыстап мугалим кылган жок.

Анан “Окуучулар өздөрү жеткирет”, “Бизди деле мугалимдер урган, эч нерсе болбойт” деп өзүнүн 15-20 жыл мурунку окуучулук кези менен азыркы күндү салыштырып жаткандарга таң калам.

Азыр заман башка. Балким, ошол агрессияны көрүп чоңойгондор көп болгон үчүн азыркы коомдо зулумдук өкүм сүрүп жаткандыр?

Бүгүнкү жагдайдан чыгуу үчүн:

  1. Билим берүү системасын толугу менен жаңылоо керек.
  2. Айлыгын көтөрүп, мугалимдикти эӊ жакшы балл алган акылдуулар, балдарды жакшы көргөн таланттуулар тандай турган кесипке айлантуу керек.
  3. Педагогикалык ЖОЖдорду сырттан окуп бүтүрүү дегенди таптакыр жоюу керек.
  4. Ар бир мектепте окуучулар менен гана эмес, мугалимдер жана ата-энелер менен да иштешкен психологдор болушу керек.
  5. Балдардын тарбиясы үчүн ата-эненин да жоопкерчилигин күчөтүү зарыл.

Айдана Абакир, Германиядагы Ганновер техникалык университетинин студенти

 

Устаттарды сыйлабаган ууруларга кор болот

Бул жерде үч тараптын мүмкүнчүлүктөрү менен жоопкерчилигин карап көрөлү.

  1. Тилекке каршы, тарбиянын башаты үй-бүлө экенин унутуп койгондор көп. Кийими бүтүн, курсагы ток болгонун гана ойлоп, баласынын жан дүйнөсүндө кандай өзгөрүүлөр болуп жатканына такыр кызыкпаган, жок дегенде ар аптада бир жолу балдары менен баарлашпаган ата-энелер четтен чыгат. Үйдө ар нерсени сурап же сүйлөп алагды кылбасын деп ар бирине бирден смартфон карматып коюшат. Интернеттен баласы зомбулукту даӊазалаган тасмаларды көрүп, мушташ, согуш оюндарын ойноп жатканын билсе да, эч маани бербейт.
  2. Жалпы коомдо жаӊы муундун кандай өсүп жатканына кайдыгер мамиле өкүм сүрүүдө. Кимдин бийлиги күчтүү, байлыгы көп болсо, ошонун айтканы туура деген “эреже” сот адилеттигин да жокко чыгарып салган учурлар көп. Элдин укуктук аӊ-сезими, бийликтегилердин саясий маданияты төмөн. Сабатсыз, адепсиз, уятсыз адамдар акчанын күчү менен депутат болуп, чоӊ кызматтарга туруп жаткан шартта балдарды жакшы билим алууга кызыктырып, адептүү болууга тарбиялоо кыйын.
  3. Айлыктын аздыгынан азыр мектепте таланттуу, билими күчтүү жаштар иштегиси келбейт. Ошондуктан иштеп жаткан мугалимдердин көпчүлүгү болбосо да кыйласы сабагын начар окутат. Методикасы мыкты, балдардын тилин таап, класстагы ишти кызыктуу, мазмундуу уюштура билген мугалимдердин сабагында тентек балдар да көбүнчө тартип сактап, жакшы окууга аракет кылат. Керектүү нерселерди укканга, билип алганга тоскоолдук кылбасын деп, айрым эси жокторду теӊтуштары эле тыйып коёт.

Тескерисинче, билими жетишсиз экени балага да көрүнүп турган, билгенин да окуучуларга жакшы жеткире албаган, сөзү жугумсуз мугалимдердин сабагында балдар зеригет. Жаӊы нерсени билгиси, түшүнгүсү келген баланын таанып-билүү, баарлашуу, талашып-тартышууга болгон керектөөсү канааттандырылбаса, ал тажатма процесске – мазмунсуз, кызыксыз, максатсыз өткөрүлүп жаткан сабакка бейаӊ түрдө каршылыгын көрсөтө баштайт. Тынч отура албай ойдолоктойт, жанындагы шеригин нукуйт, эсине келе калган башка нерселерди сөз кылат.

Мындай сабактарга балдар аргасыз эле катышат. Күн сайын кайталанган бул маанай ичкериден топтоло берген нааразылыкты күчөтүп, акыры плотинаны бузган суу ташкынындай «кырсыкка» алып келет…

Окуучуга кол көтөргөн жосунду актагандар өтө көп экен. Демек, кыргыз коомунда баланы уруп-согуп эле тарбиялайт деген түшүнүк тереӊ тамырлап келиптир. Чындыгында, үйүндө таяктан башка «таалим» көрбөгөн балага мектепте мугалимдин жылуу-жумшак сөзү өтөбү?

Мына кечээ эле аялын башка тепкен эргулдун тасмасы чыкты. Көчөдө, элдин көзүнчө сен дебей, үйүндө эч кимге көргөзбөй уруп-сабагандар канча? Зөөкүрлөрдүн колунан майып болгондор менен бейажал өлгөндөрчү?..

Зомбулукка кабылган аялдар кайра тосмо арыз жазып, мыкаачы эрлерин калкалаган учурлар өтө көп. Анткени ажырашсам балдар менен талаада калам деп аргасыздан элдешет, кечирет. Төркүнү болсо «сөөгүӊ ошол үйдөн чыксын» деп койгон…

Коомдо болсо Баш мыйзам эмес, «таш мыйзам» үстөмдүк кылгандай. Дал ошондуктан кайрадан тополоӊ болбосун, бийликти күч менен басып алууга жол бербейли деп өкмөт күч түзүмдөрүнө өзгөчө көӊүл буруп жатат окшойт. Бирок кара күчкө гана ишенген адам катуу жаӊылат.

Андан көрө билимге, маданиятка кам көрүү зарыл. Ар бир үй-бүлөдө жубайлардын өз ара мамилесин «жумшартып», балдарды кантип туура тарбиялоо керектигин үйрөткөн телеберүүлөрдү, атайын сабактарды системалуу түрдө уюштуруу керек. Кыргыз Республикасынын эмгек сиӊирген мугалими Гапыр Мадаминовдун Лейлектеги №3 эксперименталдык гимназияда түптөлгөн «Энелер мектебинин» азыр республиканын аймактарына да жайылтылып жаткан тажрыйбасын баарыбыз колдоп, шаар мунун шартына ылайык версияларын иштеп чыга турган педагогдорду даярдашыбыз кажет.

«Мектепти кароосуз калтырган мамлекет түрмөнү көп курганга аргасыз болот» дегендей, мугалимдердин айлыгын бир нече эсе көбөйтүп, алардын коомдогу кадыр-баркын көтөрүүгө ар бирибиз салым кошуубуз керек. Болбосо байлыгы менен бийлигине чиренгендер да эртеӊ бармагын тиштейт – кара күчтү сындыргыдай башка күч табылат, «зордун түбү кор» деп бекеринен айткан эмес илгеркилер.

(Иллюстрациялык фото интернеттен алынды).

Жолдош Турдубаев, «Кут Билим»

Бөлүшүү

Комментарийлер